МЫРЗАЛАР ДА ОНТОП, БЕЛИН КАЛЧООСУ КЕРЕК...
(эркектерге кыйытмалар)
Эске алыңыз, эң башкысы, презерватив сиздин чөнтөктө келип, төшөк оюну башталгыча жаздыктын алдынан орун алып калышы керек.
АЙЫМДАРДЫН БАШКЫ КУРАЛЫ – ЭМЧЕГИ
(аялдарга кыйытмалар)
Эротикалык жаңылыктар
ЭРКЕКТИН ЭСИН ООДАРАМ ДЕСЕҢИЗ, ТУЗ ЖЕҢИЗ!
Немистердин Карлсруэ шаарынын сексологдору 25-35 жаштын тегерегиндеги 790 аялга эксперимент жүргүзүштү. Жыйынтыкта туздалган азыктарды көп жегендер туздууларды аз же таптакыр жебегендерге караганда секс менен көп алектенишкени аныкталды. Тактап айтканда, тузду сүйүүчүлөр аптасына кумарга 5 ирет, ал эми туздуу азыктардан алыстар айына 3-4 ирет гана батышкан.
Көрсө, туз аялдарда жыныстык гормондорду көп иштетип чыгарат экен.
ОРГАЗМ ЭМИ УКОЛ МЕНЕН УЗАРТЫЛАТ
Лондондогу аялдардын жыныстык органдарын дарылоо борбору секстин сапатын жакшыртуу жаатында жаңы ыкма ойлоп табышты. Эми аялдардын “алигисиндеги” эрогендик G чекитине укол саюу менен оргазмды узартууга болот. Ошентип, төшөк оюнунан укмуштуудай жыргалга жетем деген лондондук аялдар борборго барууну максат кылышууда. Уколдун таасири 1 гана жолкуга жетеби же 1 апта, же 1 айга сакталабы, бул боюнча борбор азырынча айтпай жатат.
МОСКВАДА ГЕЙЛЕР ПАРАД ӨТКӨРҮҮГӨ КАМЫНУУДА
Катышуучулар гей-параддын өтө турганына жана ал күн Орусиянын Чек арачыларынын күнүнө (28-май) туура келерине ишенишүүдө”. Мындай билдирүүнү Москвадагы гейлердин лидери Николай Алексеев таратууда. Лидер мындан тышкары “парадга катыша турган 500 адамга атайын уруксат кагазын алууга аракет кылып жатам. Тарыхка үңүлүп карасак, атактуу гейлер көп эле. Андыктан парад өткөрүү менен атактуу гейлерди да эскеребиз жана бул менен көпчүлүктүн көңүлүн бурабыз” деп оюн билдирет.
Жүрөк сыры
“МЕНИН АК БОЗ АТЧАН ХАНЗААДАМ”
“Жигитим мени чындап сүйбөйт го” деп ойлогом. Бирок жакындагы бир окуя бул оюмдун жаңылыш экенин тастыктады...
Менин ханзаадам жумушу боюнча Ошто жашап, иштеп жатканына 2 жыл болду. Ал келгенде мага майрам. Жетелешип алып киного, кафелерге барабыз. Караокеде чогуу ырдап, сейил бакта мен сүйгөн балмуздакты жеп, шаар кыдырып дегендей. Кыскасы, ал келгени күндүз да, түндө да менин оюм менен болуп, ушундай рахат тартуулоочу. Бирок бир жаман жери, ал айына же 2 айда бир жолу келгени эле. Кээде чалбай да, интернет аркылуу кат да жөнөтпөй калат. Ушундай кезде “мени алдап жүрөт го, сыягы, тиякта бирөөсү бар” деп ойлоп, мен да чалбай коём.
Ошентип, андан кабар жок депрессияга кабылып жүргөн кезде интернет аркылуу Сема менен таанышып калдым. Ал мага тындырбай кат жазат. Мен да дароо жооп берем. Бир ирет паспортумду жоготуп алганымды жаздым эле, ал “милицияга чогуу баралы” деп сунуш киргизди. Мен макул болуп, экөөбүз ошол күнү кечке бирге болдук. Кафеде сыра ичип отуруп, мен ага “жигитим мени чындап сүйбөйт” деп арыздандым. Сема мага боору ооруп, чачтарымдан, колумдан сылап, кучактап, бетимден өпкүлөп, “башка жигит таап ал” деп кеңеш айтып жатты. Жалгызсырап, жылуу мамилеге зар болуп жүргөн жаным анын бул мамилесине ийип “үйүңө алып барчы. Түндү чогуу өткөрөлү” дедим. Ошентип, анын дачасына бардык. Бир аздан кийин Сема “буга чейин “жёсткий” сексти (биз сыртта жука төшөктүн үстүндө жаткан элек) жактырган сендей кызды көрө элек элем” деп шыбырай, үстүмдө жатты...
Анын кучагы ушундай ысык, өпкөнү да назик эле... Эмчегимди соргулап, сандарымдан, киндигимден бери өөп чыкканычы...
Ошентип, таң атты. Анын көкүрөгүнө башымды коюп жаткан боюнча “тиги сүрөттөгү кайсы кыз?” деп сурадым. Ал аялы, учурда төрөт үйүндө экенин айтты эле, денем муздай түштү. “Кечир, ханзаадам, мендей келесоону” деп ичимден сүйлөнө кийиндим да, үйдөн сүйрөлө чыгып кеттим.
Тигил “эмне, таарынып калдыңбы? Мен сага эч нерсе убада берген эмесмин да...” деген бойдон кала берди.
Сыртка чыгарым менен ханзаадамдын телефонун терип, “келчи, сагындым” деп ыйлап жибердим. Ал эртеси эле учуп келди. Көрсө, ал менин чыныгы ханзаадам экен...
Зуля
ЭРКЕКТЕР ЭМНЕГЕ СЕКСТЕН КИЙИН УКТАП КАЛЫШАТ?
Окумуштуулар “секстен кийин аялдар чарчоону сезишпейт, ал эми эркектер эмнеге уктап кала беришет?” деген суроонун үстүндө изилдөө жүргүзүп келишет. Так жыйынтык болбогону менен, пикирлер бир топ.
Жакында эле британиялык окумуштуулар “оргазмдан кийин кандагы булчуңдар азыктануучу гликогендин өлчөмү азайып кетет. Андыктан секстен кийин эркек сүйлөп же башка иш кылса, гликоген өтө азайып, дене “ачкачылыкка” кабылат. Мунун алдын алып, организм өзү оргазмдан кийин эс алууну туура көрөт. Аялдарда эркектерге караганда булчуңдар кичине келгендиктен, гликогендин өлчөмүнүн азайганы көп билинбейт. Анын үстүнө сексте аялда эркекке караганда күч аз коройт эмеспи” деп жазып чыгышкан.
Эми жаңы изилдөөнүн жыйынтыгына көңүл бурсак, анда “оргазмдан кийин эркектин организминде допамин гормонунун өлчөмү азайып кетет. Бул бел, кол-буттун иштөөсүн төмөндөтөт да, эркекте шалдыроо келип чыгып, уйкуга тартат” делет.
Дагы бир ачылышка кайрылсак, “кумардын туу чокусуна жеткен соң адамда серотонин менен окситонин гормону көп бөлүнүп чыгат. Серотонин эркекке уктатуучу таасир берет. Ал эми аялдардагы серотонин гормондорун эстроген гормону (аялдарга таандык гормон) басып салат. Андыктан эркек уктайт, аял чарчоону сезбей кала берет” деп айтылат.
Неси болсо да, айымдар, секстен кийин уктап калуусуна эркек эмес, ага гормондор же гликоген күнөөлүү экен деп жыйынтык чыгарып, мырзаңызга таарынууну токтоткула.
Астра Айдарова
erotika@super.kg