КӨП ЭРКЕК МЕНЕН БОЛГОН АЯЛДЫН ЖЫНЫС КЫНЫ КЕҢ ЖАНА ТЕРЕҢ БОЛОБУ?

– Аялдын ойношу көп болуп, төшөк оюну менен көп алектенсе, жыныс кыны терең жана кең болобу? Зияда, Жалалабат.

– Бул терең жаңылыштык. Жыныс кынынын тереңдиги аялдын табиятынан болот. Башкача айтканда, аялдар төрөлгөндө эле түрдүү тереңдиктеги жыныс кыны менен төрөлүшөт. Дүүлүкпөй турганда аялдардын жыныс кынынын узундугу орточо эсеп менен 7,5 сантиметрден 12 сантиметрге чейин жетет. Ал эми кенендиги 2-3 манжа баткандай болот. Дүүлүккөн учурда жыныс кыны дагы 5 сантиметрге чейин чоюлат. Жыныс кынынын кеңейип калышы көпчүлүк учурда тө­рөттөн соң кездешет. Анткени, жыныс кыны бошоң тартып калат. Мындай болгондо эркектер жыныс мүчөсүн аялдын жыныс кыны кыспай, анчалык жыргалга батпай калгандыгын айтып даттанышат. Андыктан, аял төрөттөн соң тынып алып (7-10 күндөн кийин), жыныс кыны мурунку абалына келиш үчүн атайын көнүгүү­лөрдү жасоосу керек. Көнүгүүлөргө жатып, эки бутту өйдө көтөрүп, велосипед тепкендей кыймылдоо (“велосипед” көнүгүүсү) жана жатып, эки бутту көтөрүп, кайчылаштырып кыймылдатуу (“кайчы” көнүгүүсү) кирет.


КҮЙӨӨГӨ ТИЙҮҮГӨ КАНТИП ДАЯРДАНЫШ КЕРЕК?

– Мен бир-эки айдан кийин турмушка чыкканы турам. Бирок, күйөөгө тийүүнү ойлогонумда коркуп кетем. Күйөөгө тийүүгө кантип даярданууну да билбейм. Ушул жаатында акыл кошуп коёсуздарбы? Мери, Талас.

– Келин болууга даярданууну чириген тиштериңизди суурутуп дарылатуудан, өнөкөт ооруларыңыз болсо, ал жаатында дарылануудан баштаңыз. Анткени, чириген тиштерди канчалык тазаласаңыз деле жыт чыгып турат. Ал эми жаңы келиндин оозу жыттанып, анан баргандан көп өтпөй эле ооруп турганы жагымдуу эмес. Кошумчалай кетчү нерсе, болочок күйөөңүз менен дарыгер-гинекологго барып текшерилип, кыз экениңизди тастыктап алыңыз. Анткени, кээ бир кыздарда табиятынан кыздык белгиси жок же нике түнү айрылбай тургандай калың кыздык болушу мүмкүн. Андыктан, текшерилип алганыңыз өзүңүзгө жакшы.


ЭМНЕ БОЛГОН СУЮКТУК?

– Дүүлүккөнүмдө «алигимден» өңү тунук, коюу суюктук чыгып кетет. Бул эмне болчу? Сакы, Нарын.

– 2-3 тамчы суюктуктун чыгып кетиши – эркектерде калыптагыдай көрүнүш. Бул жыныстык катнаш убагында «алигини» нымдоочу ролду аткарат жана анын курамында эч кандай сперматозоид жок.


ЭМЧЕКТЕГИ БҮДҮРЧӨЛӨРДӨН КУТУЛУУГА БОЛОБУ?

– Эмне үчүн кээ бир келин-кыздардын эмчегинин үрпүнүн тегереги жымсал, таза, кээ бирлердикинде бүдүрчөлөр толтура. Андай бүдүрчүлөрдөн кутулууга болобу? Бурул, Ош.

– Эмчектин үрпүнүн чоңдугу жана үрптүн тегерегинин өңү (пигментация) ар кимде ар кандай болот. Мисалы, бирөө­нүн үрпү­нүн тегереги бир аз кү­рөң тартып турса, кээлериники каралжын тартып турат. Бул гормоналдык тең салмактуулуктун деңгээлинен (гормональный баланс) болот жана калыптагыдай көрүнүш. Ошол сыңары эле, үрптүн тегерегиндеги бүдүр­чөлөр да калыптагыдай көрүнүш. Андыктан, андай бүдүрчө­лөрдөн кутулууга аракет кылмак түгүл ойлонбоо да керек. Көп эркектерге ошондой бүдүрчөлөрү бар эмчек жагаарын айта кетели.


КЫЗДЫГЫ БУЗУЛА ЭЛЕКТЕР ДЕЛЕ ОРГАЗМДЫ СЕЗИШЕБИ?

– Кыздар эркектер менен жата элек, башкача айтканда, кыздыгы алына элек учурда деле оргазмды сезиши мүмкүнбү? Гуля, Ош.

– Албетте. Негизи, кээ бир келин-кыздар оргазмга жыныстык катнашка барбай деле сырткы жыныс мүчөлөрүн, анын ичинде жыныс тилчесин (клиторун) манжалары менен сүргүлөө, ушалоо аркылуу жете алышат.


ЖЫРГАГАНДА ӨҢҮМ ӨЗГӨРҮЛӨ БАШТАЙТ ЭКЕН...

– Сүйүктүүм дамамат мага таарынат да турат. Анткени, жыргалдын туу чокусуна жете баштаганымдан тартып өңүм өзгөрүлө баштайт экен. А муну болсо аялым өзүн мазактап жаткандай кабыл алат тура. Өзүм болсо өңүмдүн өзгөрүлгөнүн сезбейм. Эмне кылсам болот? Шер, Бишкек.

– Сизге сүйүктүүңүз таарынбай эле койсо болот. Анткени, жыныстык кошулуудагы эң таттуу мезгилге жеткенде адамдын өңүнүн өзгөрүлүшү – табигый көрүнүш. Өңдүн өзгөрүшү беттеги булчуңдардын сексуалдык чыңалуусунан келип чыгат жана адам өзү байкай бербейт. Айта кетчү нерсе, төшөктө коргошундай эригенде эркектердин эле эмес, аялдардын да өңү өзгөрүлөт.


АБОРТ КИЙИНКИ БАЛАГА ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗБЕЙБИ?

– Күйөөм экөөбүз шаарда батирде жашагандыктан, экинчи балалуу болууга шартыбыз жок болуп жатат. Андыктан, кокус боюмда болуп калса, аборт жасатсам кийинки балама зыяны тийбейби? Жибек, Бишкек.

– Жок, таасири тийбейт. Аборттун залакасы башкада: кош бойлуу болуунун мүмкүн­чүлүгүнүн азайышы же кош бойлуу болгон күндө да бойдон түшүп калышы мүмкүн. Аборт канчалык көп болсо, залакасы ошончолук чоң.


СПЕРМАНЫ ЖУТУУ ЗЫЯН ЭМЕСПИ?

– Мен кийинки учурларда оралдык секске тартылып баратам. Сперманы жутуу зыян эмеспи? Света, Бишкек.

– Эркектин бел суусун жутуу зыян эмес. Сексте эч кандай тыюу салуу болбоо керек. Төшөк­төгү шеригиңиз экөөңүз эмнени кааласаңыз, ошону жасасаңыз болот. Болгону, оралдык секс кадимки жыныс кыны аркылуу кошулуунун санынан көп болбоосу керек. Башкача айтканда, табигый жол менен кошулуудан алыстап кетпеңиз.


ЖЫРГАЛГА БИР УБАКТА ЖЕТПЕЙБИЗ...

– Аялым экөөбүз жашаган беш жылдан бери бир да жолу бир убакта жан жыргалына жете элекпиз. Ошондуктан, кумардын чокусуна бир мезгилде кантип чыкса болоорун айтып коёсуздарбы? Нурдан, Бишкек.

Аял менен эркек бир убакта жан кумарына батат” дегендикти фантазия десек да жарашчудай. Оргазмга бирге жетсек деп аракет кылып, тынчсыздангандардын көбү жыргалдын туу чокусуна жетпей калышат. Анткени, тынчсыздануунун өзү жыргалга жетүүгө бөгөт коёт. Андыктан, бир убакта оргазмга жетүүгө аракеттенбестен, төшөк кумарына бирге даярданып, болушунча эркин болуу эркекке да, аялга да жакшы рахат тартуулайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
babaevtima
2014-02-24 17:59:18
Достор,ЭМНЕ БОЛГОН СУЮКТУК?
– Дүүлүккөнүмдө «алигимден» өңү тунук, коюу суюктук чыгып кетет. Бул эмне болчу? Сакы, Нарын.
– 2-3 тамчы суюктуктун чыгып кетиши – эркектерде калыптагыдай көрүнүш. Бул жыныстык катнаш убагында «алигини» нымдоочу ролду аткарат жана анын курамында эч кандай сперматозоид жок.
Бул суроого туура эмес жооп берипсиздер, дуулуккондо чыга турчу суюктукта сперматазоид болушу толук мумкун.
0
wolf_95
2014-03-02 18:11:24
Менин жашым 18де жыныс мучом 12см. Кийин уйлонгондо аялымды кандыра албай каламбы деп тынчызданам, деги жыныс мучо 18 жаштан кийин особу? Жана кантип уй шартында остурсо болот?
0
ERNIS.
2014-06-30 13:32:35
ээ меннда бел суйуктугум тунксун кыздар тушумо кирип чыгып кетип жатат эмне кылсам болот? Силерде да ошондой болобу достор. 20-жаштамын
+2
Deniza88
2016-07-11 01:33:19
ERNIS.,ал Кадимки корунуш болсо керек
+1
Abdumalikovna
2016-10-27 08:18:52
Саламатсызбы менин жашым 21де,турмушка чыга элекмин,бирок эркеке чувство жок.а эмне кылса болот же бул оорубу
+1
Ayida
2018-09-10 08:14:02
Сперманы жуткан атам фууу
0
shado
2023-11-19 03:22:00
Еркек менен аял белден ойдосун жаласа болот анан асты жагыны жок оозго суюуктукту алуу мумкун емес анткени пайгамбарыбыз айтып кеткен куноо болот
0
shado
2023-11-19 03:23:00
еркек аялдын алдынкы емчек корунуп турган гана жактагы тешикти кандыруусу керекпи же арткы тешикти да кандыруу керек болобу
0
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан