Баарыбызга белгилүү болгондой, сойкулук – эң байыркы кесиптердин бири жана муну эч ким танбайт. А бирок, ошол кесип менен бирге эле дагы бир байыркы кесип жашап келет. Жок, ал кесип сиз ойлогондой өтүкчүлүк, темир устачылык же соодагерчилик эмес. Бул өнөр эч жерде жарыяланбайт жана коомго бир да пайда алып келбейт (кээде бул боюнча талашып көрсө да болот), бирок, аны баары билет. Мындай өзгөчө кесип бир нече аталыштарга ээ: аткаруучу, тазалагыч, киши өлтүргүч, кеңири жайылган англисче түрүндө айтсак, киллер.
Адамзат тарыхынын бардык мезгилдеринде бул кесип тигил же бул өлкөнүн саясый тарыхында маанилүү роль ойногон. Жалданма киши өлтүргүчтөргө болгон талап император, ханзаада жана президенттердин арасында дайыма болуп келген. Бийликтин орто катмарлары тууралуу айтпай эле коёлу. Анткени, бийлик үчүн күрөш болгон жерде киши өлтүрүү сөзсүз болот, ал эми өлтүрүү киши өлтүргүчтөр аркылуу ишке ашат.
БАЙЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ АДАМ ӨЛТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН КУРАЛЫ
Байыркы мезгилдерде киши өлтүргүчтөр жөнөкөй куралдарды колдонушкан: учтуу таштар, таяк, укурук, жаа менен жебе жана найза. Бирок, куралдардын жөнөкөйлүгүнө карабастан, аларды пайдаланууда максатка жетишилген. Тарыхка кайрылып, атактуу Гомердин «Илиада» поэмасындагы Троян согушу тууралуу баянын карап көрөлү. Жеке кармашта жеңе албастыгына көзү жеткен трояндык ханзаада Парис жаа менен ууланган жебени колдонуп, атактуу Ахиллести өлтүргөн болчу. Арадан бир нече миң жылдык өтүп, Парис колдонгон куралды снайперлик мылтык алмаштырды.
ОРТО КЫЛЫМДАРДА
Алсак, Венецияда киллерлер өкмөттүк деңгээлде колдонулган. Мамлекетте кутумдарды болтурбоо максатында “10 кишиден турган кеңеш” өлкөгө коркунуч туудурган тигил же бул адамды өлтүрүү үчүн киши өлтүргүчтөрдү жалдаган. Алар мамлекеттин казынасынан акча алып турушкан.
Киши өлтүргүчтөрдүн курмандыктары болуп ак сөөк төбөлдөр жана рыцарлар эсептелген. Куралдардан бул мезгилге чейин жакынкы аралык үчүн кылыч, ал эми алыскы аралыкта жаа менен жебе колдонулуп келсе, эми арбалет кошулган. Атайын мектептер да жарала баштайт. Алсак, жалданма киши өлтүргүчтөрдү даярдоочу Япониядагы ниндзя мектеби. Ниндзя жеңил аракеттенип, шамдагай кыймылдап, майда курал менен, кээде куралы жок эле киши өлтүрүүгө жетише алган. Ниндзялардын киши өлтүрүүлөрү тууралуу абдан кызыктуу маалыматтар көп. Алардын биринде кардарын ажатканада көп убакыт күтүп, заказдарды аткарган самурай Уэсеги Кенсин жөнүндө айтылат.
XVI кылымдын ортосунан баштап, Италиянын Пистойя деген жеринен чыккан ойлоп табуучу Камилл Ветелли бир кол менен атуучу куралды (тапанча) ойлоп тапкан. Мына ошондон баштап киши өлтүрүүдө бурулуш этабы башталды десек болот.
XIX ЖАНА XX КЫЛЫМДАXIX кылым. АКШда граждандык согуш мезгилинде алгачкы оптикалык мээлегичи бар мылтыктар пайда болот. 1836-жылы америкалык ойлоп табуучу Самюэль Кольт револьверди, 1913-жылы орустун курал жасоо чебери В.Федоров автоматты ойлоп табат.
XX кылымда үн чыгарбай атуучу куралдар чыга баштайт. Албетте, булардын баары киллерлердин ишин бир топ жеңилдеткен. Бүгүнкү күндө олжону караңгыда өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү инфракызыл нуру бар приборлуу курал, ал эми миллиметрлик тактык үчүн лазердик нуру бар куралдар бар.
Ошентип, куралдардын өнүгүшү менен киллерлер да чеберчилиги жагынан өнүгүп келишет. Киллерлер кишини өз эрки менен эмес, заказ боюнча өлтүрүшөт. Ар бир киши өлтүрүүдө себеп болот. Заказдын аткарылышы – айсбергдин үстү гана, ал эми анын себеби ылдыйкы бөлүгүндө камтылган.
КИЛЛЕРЛЕРДИН ТҮРЛӨРҮ
ӨЛТҮРҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ
Байыркы мезгилде тамак-аш, мамонттун териси, от, үңкүр жана коңшу уруунун сулуу кызы үчүн өлтүрүшкөн. Кийинчерээк коомдо таптардын (бай жана кедей) пайда болушу менен киши өлтүрүүнүн баасы да өскөн. Эми урууга башчылык кылуу, байлык жана талаш аймактар үчүн өлтүрө башташкан. Адамзат коому өнүккөн сайын өлтүрүүнүн себептери да өскөн. Булар менен бирге киши өлтүрүүлөрдүн жана киллерлердин саны көбөйгөн. Мындай өсүүлөр киллердик чеберчиликтин да өсүшүнө алып келген.
АЛГАЧКЫ КИЛЛЕРЛЕР ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕР
Биринчи киллер жөнүндө Байыркы Грециянын мифологиясы кабар берет. Атактуу Геракл Микендин падышасы Еврисфейге кызмат кылып жүргөн мезгилде анын заказдарын аткаргандыгы белгилүү.
Кыргыз эл жомокторун карап көрсөк, анда киллердин ролун падышага (көбүнчө жаман падыша) кызмат кылган баатырлар ойношот. Алар падышанын буйругу менен жезкемпир сыяктууларды жана кишилерди өлтүрүшөт эмеспи.
КИЛЛЕРЛЕРДЕ ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОН КУРАЛДАР90-жылдарда киллерлердин арасында бир канча ок атуучу куралдар баасынын арзандыгы жана көп таралгандыгы үчүн популярдуулукка ээ болду.
ТТ тапанчасы. Чечмелесек, Тулалык Токарев – калибри 7,62 миллиметр, өткөн кылымдын 30-жылдарында Тула шаарында конструктор Токарев тарабынан иштелип чыккан. Макаровдун пистолетинин пайда болушуна чейин советтик армия жана ИИМдин негизги табелдик куралы болуп келген. Оперативдик маалыматтар боюнча, жалданма киши өлтүрүүлөрдүн 70 пайызында так ушул курал колдонулган. Ошондой эле ТТнын башка түрлөрү Кытайда да иштелип чыккан. 90-жылдарда КМШнын аймагындагы киши өлтүрүүлөрдүн басымдуу бөлүгү колдонгон.
Макаров пистолети. Макаровдун пистолети (ПМ) – калибри 9 миллиметр, магазини 8 окко эсептелген. Ыңгайлуу, жеңил жана компакттуу. Башкача айтканда, идеалдуу курал. Өзгөчө алыс эмес аралыкта (мисалы, көп кабаттуу үйдүн короосунда) колдонуп, кылмыш ордунан качууга шарт түзөт. Ошентсе да киллерлердин ою боюнча, анын бир кемчилиги – брондолгон жилетти тешип өтө албастыгы.
Калашников автоматы. Киллерлер АК, Калашниковдун автоматын да колдонушат. АКны киллерлер эгерде олжосу кандайдыр бир унаанын ичинде болгон учурда, жашыруун аңдууда капилеттен кол салуу үчүн пайдаланышат. АКдан брондолгон кемселдер жана жеңил брондолгон унаалар да сактай албайт.
БУЛ АКТУАЛДУУ
Киллерлердин тагдырын алдын-ала айта берсе болот: же аларды күбө катары өлтүрүшөт, же алар мурда өлтүргөн кардарынын жакындарынын колунан каза табышат. Ушуга карабастан киллерлердин саны коомдо көбөйүп келет. “Эмнеге?” деген суроо туулат. Бул жерде эч кандай сыр жок. Кептин баары акчада. Акча боло берсе, киллерлер да боло берет.
Канчалык акча көп болсо, киллерлер ошончолук ойлоп табуучулук менен аракет жасашат. Аларга максатына жетүү үчүн коомдогу абалы, байланыштары, жансакчыларынын саны да тоскоол боло албайт. Бул боюнча голливуддук “Өкүл ата” фильминин каарманы Майкл Корлеоненин айтканында маани бар: “Эгер тарых адамды өзүнөн сабак алууга үйрөтөт десек, анда ал үйрөтө турган нерсе – каалаган кишини өлтүрүүгө болот дегендик”. Бул ой-пикирге кошумчалап кетчү нерсе, адамдарда ач көздүк, көрө албастык жана бирөөнү сатып кетүүчүлүк бар. Андыктан, киши өлтүрүүчүлүк кесиби эч качан актуалдуулугун жоготпойт жана адам өлтүрүү процесси улана берет.
КИЛЛЕР КАНЧА ТУРАТ?
Тамак-аш, эмерек, кийим-кечелердин базар баасы болгондой эле киллерлердин да өз базар баасы бар. Маркетологдор жалданма киши өлтүргүчтөрдүн базар баасын үч түргө бөлүшөт: элита үчүн киллерлер, орто катмарлар үчүн киллерлер жана жөнөкөй турмуш багытындагы киллерлер.
Жөнөкөй турмуш багытындагы киллерлер эң арзан. Туугандар, достор, коңшулар жана башка чөйрөдө пайда болгон маселелердин чечилишинин зарылдыгы ушундай киллерлерге кайрылууга алып келет. Бул үчүн 100дөн 1 миң АКШ долларына чейинки сумма жетиштик кылат.
Орто катмардын киллерлерине ишмердүүлүк менен алектенген, орто бийлик төбөлдөрүн жана авторитеттерди буйрушат. Баасы 5-15 миң АКШ долларына чейин.
Элитанын киллери аябай профессионал болуп, ири саясатчыларды жана бай ири ишканалардын жетекчилерин
өлтүрүүгө даяр болот. Мындай жумушу үчүн ага 50 миң АКШ долларынан кем эмес сумма сарпталат.
Профессионал киллерлер. 1983-жылы СССРдеги КГБ атайын “В” жашыруун башкармасын түзгөн. Бул башкармалыктын негизги максаты атайын даярдыктагы кызматкерлерди даярдоо жана аларды баңгизат мафиясынын өкүлдөрүн жоготуу үчүн пайдалануу болгон. СССР тарагандан кийин алар өз алдынча болуп кетишкен. КМШнын алкагында атактуу болгон Александр Солоник (сүрөттө солдо) жана Cергей Тимофеевдер так ошол кызматкерлердин катарынан чыгышкан.
Бетти даярдаган Базарбек Абдураимов