БИЗДИН БАЙЛАР БАЯНЫ

“Форбс” журналынын версиясы боюнча дүйнөдө 2011-жылдын эң бай адамы – мексикалык магнат Карлос Слим. Албетте, биздин байлардын байлыгын санап чыкпасак да кантип, эмнеден байыганын уккан жайыбыз бар. Анан калса кыргыздын айрым аткаминерлери “айлыктан башка байлык жок” деп жаап-жашырганды жакшы билишет. Азырынча алты байдын атын атайбыз, калгандары келерки сандарда уланат.

САЛЫМБЕКОВДУН САЛМАГЫ –
“ДОРДОЙДО”
Байлардын башынан баштасак, Аскар Салымбеков алдыңкыларга кирет го дейбиз. Бул инсандын бизнесинин башаты ээн турган жерди дүркүрөгөн дүң базарга айландырганы менен башталат. “Дордой” ассоциациясынын дүркүрөп өсүшү Салымбековдун салмагын айгинелеп туру. Ат-Башынын Аскарынын ити чөп жеп турган мезгили эгемендик алгандан бери ашса ашып, бирок кемибей келет. Баса, чаар баштыкчан байкебиздин эмгегинин үзүрү спортчуларга арка-жөлөк болгону менен көрүнөт.

ТУРСУНБЕКОВДУН ТАБЫЛГАСЫ –
“АКУНДА”
Депутат Чыныбай Турсунбековду көпчүлүк “Акун” деп таанышары да бекеринен эместир. Анткени кыргызда ушундай аталыштагы ун азыктарын жатка билбеген жан болбосо керек. Кесиби филолог болгон Чыныбай мырзанын байлыгы, дыйкандын тили менен айтканда, кызыл дан түшкөн тегирменде деп билиңиз. Депутаттын кирешесин эсептейм дегендерге 60 тонналык тегирменден түшкөн азыктарды эсептей бергиле демекчибиз. Анан да араңарда Ысык-Көлгө эс алганы барган жан болсо, килтейген “Акун Ысык-Көл” пансионатын көргөнсүңөр. Билсеңер, ошол пансионат да Чыныбай мырзанын чеңгелинде. “Өмүрүмдө мамлекеттен бир гана нерсени менчиктештиргем, ал – “Акун Ысык-Көл” пансионаты”,- дейт эл өкүлү.

ТҮЛЕЕВДИН ТҮГӨНГҮС БАЙЛЫГЫ –
ТЕМИРДЕ ДЕЙТ...
Былтыр шайлоо болордун алдында көпчүлүк басылмалар Нариман Түлеевге тиешелүү делген Бишкектеги эле 40ка жакын турак үйлөрдү эсептеп чыгышкан. Ошондо шаардыктардын көбү эстен танып кала жаздаган, “кокуй, Бишкекте Нариман сатып албаган үй калдыбы?” деп. Буга таң калып деле кереги жок. Анткени Нариман мырза өзүн “мен өтө чарбачыл адаммын” деп эсептейт. Ошол чарбачыл, эпчилдигинен байлык топтоп үлгүргөндүр. Бирок Түлеевди «Кыргыз темир жолун» башкарып турганда кытайларга темир сатып отуруп, Кыргызстанда темир калтырбай байып кеткен” деп айтышат.

АТАМБАЕВДИН АГЫМЫ –
“АВТОМАШТАН” БАШТАЛАТ
Түркчө айтканда, биздин Баш бакан (премьер-министр) Алмазбек Атамбаевди эч ким кедей деп ойлобойт. Атамбаев дегенде эле “Автомашты” эстешет. Бул тууралуу Алмазбек мырза “Автомашты” менчиктеп алган эмесмин. Заводду мурда менчиктештирип алган адамдардан он эсе көп акча берип сатып алгам” деп жүрөт. Дагы бирлери «Атамбаев Түркиядан товар ташып байлык жыйган» дешет. Мүлкүнө көз арткандарга «Акаевдин убагында эле мага тиешелүү мүлктөрдү тарттырып ийгем» деген жообун айтып келет. Бирок урматтуу премьердин «Түркияда килтейген заводу бар» делген имиштер байма-бай айтылат.

ЭГЕМБЕРДИЕВДИН ЭПЧИЛДИГИ –
“ШОРОДО”
Мурун кандай жашаганыбызды билбейм, бирок “Шоро” чыккандан бери чаңкаганда ушул суусундукту жутуп эле жыргап калганбыз. Азыр эми ызгаардуу кышта да бөтөлкөдө суусундугубуз даяр. Сөздүн төркүнү “Шоронун” “атасы” Таабалды Эгембердиевге барып такалат. Дээрлик жети дубанда тең суусундуктун челеги челектей, бөтөлкөдөгүсү бөтөлкөдөй сатылат. Таабалды мырзанын “жетим өстүм. Балалыгым Суусамырда кой кайтармай, тезек термей менен өттү. Кой кайтаргандан ушунчалык тажап, андан биротоло кутулгум келчү. Ошол үчүн оюнга, башкага алаксыбай, жаш кезимден билимге умтулгам. Ооба, мен өзүмдү материалдык жактан да, руханий жактан да баймын деп эсептейм” деп кой кайтарган убакта эле бардарчылыкта жашоого максат кылганын моюнга алганы бар.

БАБАНОВДУН БАЙЛЫГЫ –
БЕНЗИНДЕ
Бабановго байланыштуу бир канча кептер айтылып, натыйжасы бир айлык эс алуу алып, кайра “эч нерсе тапкан жоксуңар” деп кызмат ордуна кайтуу менен аяктады. Өмүкебиз “менин фишкам – математикада болчу. Окуу жайды аяктаганда эле анча-мынча бизнес менен алектене баштагам. Кыргызстанга келгенимде күйүүчү май таңсык болуп жатыптыр. Биз Жамбылга жакын болгондуктан, Казакстандан бензин ташый баштадык. 1998-жылы биз түптөгөн компания ал шаардын эң алдыңкы ишканасына айланды. Иш баштоо канчалык кыйын болсо да, акырындык менен максатыбызга жеттик” дейт. Бул жагынан алып караганда Бабановдун башы байлык топтоо боюнча кыйын иштерине ишенесиң.

Бурул Исмаилова, Рахат Токсобаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
misha
2011-05-30 11:26:44
байлардын чын байлыгын эсептеп жарыяласанар жакшы болмок, жон эле элди будомук маалыматтар менен башын оорутпай
0
arlekino
2011-05-30 11:38:29
ой ушу байлар КР коп эле жерин ондоп коймок марттыгы болсо... анын оордуна байлыгын коргоо учун бийликте журушот... тендикти тенирим суйуптур дейт коробуз оо дуйного кеткенде канчасын алып кетерин...
0
Gulnazi
2011-05-31 01:48:19
Омурбек Текебаев деле бай го,жазып койсоноор болмок кичи дукондору, ашканалары, Чычкандагы кафелери бул чындык. Негизи байлар кобойо берсин.
0
Aidar
2011-06-01 02:45:40
Urmat Baryktabasovdun da bailigi jonundo jazinizdar4i...
0
metehan
2011-06-03 15:37:37
tuugandar biroonun bayligi menen silerdin iwiner emne
0
Batken
2011-06-04 15:38:41
Шорочуга рахмат,биздин улуттук суусндукту чыгарып койду ,башка кочмон улуттардан мурда ,талашышпайт,казактар Ж.б
0
AZAQATAR
2011-06-04 22:41:13
Baylar koboysun kana emi milliarderler chigip kyrgyzstandy bashka olkolorgo taanytsa,,
Bashka olkolordo chon biznes achyp taanylgan kyrgyz jigitterin kutobuz ,myna osholordu maktash kerek.
Kyrgyz markasyn bashka jaktarga taanytali,misaly oshol ele shoronu Coca-Cola ga okshop butkul duynogo jayali,emnege bolbossun bolot,kyrgyzstan menen ele kalip kalbay syrtka chygaly ,Buyrusa osholorun bashynda men bolom en kyska ubakyttaa,, Buyrusa,,,

0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан