ЕРАЛАШ

«Балдар жана кыздар, алардын ата-энелери! Күлкүлүү окуяларды көргүңөр келеби?» деген ыр жаңырып, экран бетине «Ералаш» деп жазылганда бөбөктөр да, чоңдор да телевизорго жакын отура калышат эмеспи. Россия гана эмес, бүткүл КМШга атагы таркаган «Ералаш» киножурналынын 33 жылдык тарыхы бар экен.

«ЕРАЛАШТЫН» АТАСЫ
Бир эмес үч муундун сүймөнчүгүнө айланган киножурналдын ээси Борис Грачевский кичинекей чагында сабактан качуу боюнча чемпион жана мугалимдердин жинине тийүү боюнча адис болгон экен. Ошол адаты бүгүнкүгө чейин калбай, Борис Юрьевич азыр да бирөөнү тамаша торго түшүрө коюп, шылдыңдаганды жакшы көрөт. “Менин өмүрүм балдарга арналган. А балдар күлкү үчүн жаралган. Менин милдетим – аларды күлдүрүү”,- дейт Грачевский.
Грачевскийди баарысы “дядя Боря” деп аташат. Дядя Боря эч качан урушпайт, эч качан ачууланбайт жана балдарды ата-апаларынан да жакшы түшүнөт. Ал балдарга жана “Ералашка” өмүрүнүн жарымын арнаган. Жадакалса анын уюлдук телефонунда дайыма “Ералаштын” сүрөтү туруп, бирөө чалганда “Ералаштын” ыры ырдайт экен. Ал киножурналдын ар бир сериясын жатка билет жана жатаар алдында акыркы чыгарылыштардан бир нече бөлүм көрмөйүнчө уктай албайт.

БААРЫ КАНТИП БАШТАЛГАН?
Тээ СССР убагында режиссёр Алла Сурикова ЦК КПССке кайрылып, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн балдарга арналган “Фитилёк” аттуу аналогун тартууга уруксат алып, бирок, бул идеясын бат эле таштап салган. Анда долбоорду Александр Хмелик менен Борис Грачевский колго алышкан. “Фитилёк” деген ат Грачевскийге да, Хмеликке да, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн авторлоруна да жаккан эмес. Ошондуктан балдарга арналган көрсөтүүгө жаңы аталыш ойлоп табуу керек эле. Эки чоң адамдын татыктуу ат табалбай баштары катып турганда Хмеликтин 7-класста окуган кызы Наташа “Ералаш” деген атты сунуш кылган. Ошентип, киножурналдын тушоосу кесилип, сериялар биринин артынан бири тартыла баштаган. 1974-жылдан бери “Ералаштын” жалпы созулушу 21 саат 40 мүнөт болгон 200дөн ашык бөлүмү даярдалган.

«ЕРАЛАШТЫН» ЖАРАТУУЧУЛАРЫ
Киножурналды мыкты анимациялык сүрөт жана атайын жазылган ыр менен коштоп чыгаруу керек эле. Мына 33 жылдан бери “Ералаштын” сүрөттөрүн Юрий Смирнов тартып келет. Ал анимациялык кыздар-балдарды заманга жараша “кийинтип-тарантып” турат.
Ал эми ар бир бала жатка билген ырдын сөзүн Хмелик жазган. Сөзүнө жарашкан обон жазууга конкурс жарыялашкандан кийин алгач Владимир Шаинскийдин обону жаккан. Бирок, композитор ырдын сөздөрүн алмаштырууну сунуштап, ашыкча маселе жаралган. Ошол учурда Алексей Рыбников деген обончу өзүнүн вариантын алып келип, ал Хмелик менен Грачевскийдин күт­кө­нүндөй болуп чыккан. Адегенде “Ералаштын” гимнин Елена Камбурова ырдаса, азыр аны «Непоседы” группасы аткарат.
“Ералаштын” эң биринчи сериясы “Эмне үчүн биз ушинтип сүйлөйбүз?” деп аталган (эсиңизде болсо керек, чоң киши менен балакайдын лифтте болгон маеги). Биринчи сценарийди анда эч кимге белгисиз жазуучу Лион Измайлов жазган.

КИЧИНЕКЕЙ ТАЛАНТТАРДАН...
Грачевский жана анын тобу дайыма жаңы балдарды, жаңы таланттарды издейт. “Мен бир күндө “менин баламды тартыңызчы, ал сулуу” деген фразаны жүз жолу угам”,- дейт “Ералаштын” негиздөөчүсү Грачевский, – Бизге сулуу эмес, тескерисинче, күлкүлүү, жадакалса коркунучтуу балдар керек. Эң негизгиси, ал камерадан коркпошу керек”. Кастингден өткөн балдар алгач “массовкада” турушат. Кийин аларга “сөзү бар” ролдор берилет. Алардын ичинен чыныгы таланттарга башкы ролду аткаруу сунушталат.

...ЧОҢ АКТЁРЛОРГО ЧЕЙИН
“Ералаш” канчалаган адамдарды тарбиялап чыгарды! Кичинесинде киножурналга тартылып жүргөн балдар-кыздардын дээрлик 90 пайызы бүгүнкү күндө атактуу актёр, актриса, алпаруучу, ыр­чы, режиссёр катары элге таанымал. Мисалы, Фёдор Стуков портфели менен жылгаяк тепкен баланы аткарган. Ал учурда кыйын режиссёрлордун бири. Александр Лойе “Ералашка” 5 жашында келген. Көптөгөн образды мыкты жаратканы үчүн көпчүлүктүн сүймөн­чүгүнө айланып калган. Бирок, аны “Ералаштын” акыркы бөлүмдөрүндө көрбөй калганбыз. Көрсө, ал “жылдыз оорусу” менен ооруп, чоң көлөмдүү гонорар талап кыла баштаган. “ТаТу” тобунун солисткасы Юлия Волкова, “Smash!!” тобунун жигиттери, көбүрөөк Глюкоза деп таанылган Наташа Ионова да карьераларын так ушул киножурналдан башташкан.
Мындан сырткары, “Ералашка” Юрий Гальцев, Станислав Садальский, Александр Клевицкий, Анастасия Заворотнюк, Константин Хабенский, Николай Басков, Валерий Меладзе, Александр Буйнов, Александр Панкратов-Чёрный, Клара Новикова, Леонид Якубович, Николай Фоменко сыяктуу атактуулар да тартылышкан.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан