«ИСЛАМ ДИНИН КАБЫЛ АЛГАН ЖЫЛДЫЗДАР»

«Ислам» деген сөз араб тилинен «өзүн Кудайга арноо» деп которулат. Бул динди “террористтердин дини” деп туура эмес үгүт жүргүзгөн адамдардын саны арбын болсо да, 7-кылымдын башынан тарта азыркы күнгө чейин исламды кабыл алууну каалагандардын саны күндөн-күнгө артып барат. Алардын катарында дүй­нөгө аты таанымал жылдыздар да бар. Эмесе, алардын айрымдары тууралуу...

ЭЙКОН
Батыштан чыккан атактуу ырчы Эйкон (чыныгы аты Аляун Тиам) дагы мусулман. Муну көпчүлүк биле беришпейт. Анткени, ырчы бул тууралуу жар салууну жактырбайт. Кээ бир маалыматтарга караганда, ырчы ислам динин кабыл алганына бир топ жыл болгон. Атасы мусулман, апасы христиан дининдеги адамдар. Ошондой болсо да Эйкондун исламды кабыл алышына атасы эмес, достору жардам берген. Ошондон кийин гана баңгизаттарын сатуу бизнесин токтоткондугун жана аларды өзү эч убакта колдонбогондугун айткан. Айрым маалыматтарга таянсак, Эйкондун учурда үч жубайы бар.

ЮЛИЯ ВОЛКОВА
Канчалаган сенсациялуу жаңылыктардын жаратуучусу “Тату” тобунун солисткасы Юлия Волкованы да ислам динин туткан жылдыздардын катарына кошуп жүрүшөт. Үстүбүздөгү жылдын март айында “Юлия түгөйү Парвиз экөө Аравиянын Дубай шаарындагы чоң мечиттердин биринде жашыруун нике кыйдырышып, ырчы мусулман болууга баш байлаптыр” деген кептер тараган эле. Алгач ырчы мунун баарын четке каккан болчу, бирок, убакыттын өтүшү менен тү­гөйлөр­дүн чынында эле чогуу экендиги маалым болду. Ал тургай 2 айдан кийин балалуу болуу алдында турушат. Таңкалыштуусу, сүйүү­­сү үчүн ислам динин кабыл алган мусулман кыз Юлия тө­рө­түн жер­ги­лик­түү телеканалдардын биринде түз эфир аркылуу көр­сө­түү­гө макулдугун бериптир.

МАРИЯ АЛАЛЫКИНА
“Фабрика” тобунун экс-солисткасы Мария Алалыкина мындан эки жыл мурун эле мусулмандардын катарына кошулган экен. Бирок, бул тууралуу көпчүлүккө кабарлоону чечкен эмес. Намазга жыгылууга чыгына албай жүргөн ырчыга апасынын оорусу чоң түрткү болуп, алгачкы жолу алыста жүргөн апасынын өлүм алдында ооруканада жатканын уккандан кийин Жараткандын алдында башын ийип, намазга жыгылган экен. “Биринчи жолу дуба окуп, Кудага сыйынганымда эле жакшы жыйынтык берди. Алла Тааланын бар экендигине дагы бир жолу ынандым жана ал өтө мээримдүү”,- деген билдирүүлөрдү тараткан. Учурда Маша динге берилген адамдардын катарында ыйык Курандын бардык талаптарын аткаруу менен бирге жабык хиджаб кийүүгө да баш байлады.

МАРИЯ ВЕБЕР
Учурдагы Юлия Волкованын жолдошу Парвиз орус кыздарын ислам динине өткөрүү боюнча адис болуп бараткандай. Анткени, Парвиз Юлиядан мурун “Тутси” тобунун солисткасы Мария Веберге баш кошуп, аны да шариятка баш ийген мусулман кызга айландырган экен. Машанын ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу ал учурда сөз кылышкан эмес эле. Кийин Парвиз Юлия менен кол кармаша кетип калганда гана Машанын курбусу ырчы Ирина Ортман: “Чындыгында Кудай деген пенде мындай кылбашы керек болчу. Парвиз үчүн Маша эмнелерди гана кылбады. Курбум Парвизге татынакай уул төрөп берүү менен эле чектелип калбастан, ал үчүн ислам динин да туткан”,- деп айткан.

ЮЛИАН
2005-жылдын июнь айында Россиянын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Москва шаарынын гимнинин аткаруучусу Юлиан көпчүлүк күйөрмандарынын алдында ислам динине өткөн. Ал гана эмес өзүнүн атын да мусулмандардын атына окшоштурууну каалап, “менин атым эми Юлиан эмес, Жебраил” деп кабарлаган. Андан тышкары: «Мен мусулман болууну кичинекей чагымда эле каалачумун, бирок, мындай чечкиндүү кадам таштоо өтө кыйынга турган. Эми мындан ары мен үчүн шарият жашоомдун негизги мыйзамы болуп калат. Ошондой эле ислам дининин бардык парздарын аткарууга даярмын»,- деген билдирүү жасаган.

МАЙКЛ ЖЕКСОН
Канчалаган жылдар бою дүйнөгө таанымал болуп келе жаткан поп ырчы Майкл Жексонду да ислам динин кармоого үндөп жүргөн бир тууган агасы Жермен Жексон өз максатына жетти көрүнөт. Бахрейнде жашаган агасынын жанында бир топ убакыт болуп келгенден кийин 2003-жылдын 19-январында Майкл ислам динин кабыл алган. Эмне үчүндүгүн айтпаса да белгилүү болсо керек. Акыркы жылдары ырчыга канчалаган күнөөлөр таңылып, алардын катарында жаш балдарды зордуктаган дегени да бар эле. Мындай турмуштан тажагандыгын, бирок, мусулман болгондон кийин ички дүйнөсү тазарып, жашоосу оң тарапка багыт алгандыгын ырчы жашырбай жар салып келет. Ыймандын таза жолуна түшкөн Майкл Бахрейндин борбору Манама шаарына мечит салдырууну да баштаган эле. Өзүнүн азыркы тагдыры тууралуу ырчы: “Эгерде жашоого үмүт берген Алла Таала жок болсо, менин мындан аркы өмүрүм таптакыр башкача болмок”,- деп Кудайга ыраазычылыгын айтып келет.

УИЛЛ СМИТ
Атактуу америкалык киноактёр жана ырчы Уилл Смит дагы ислам динин кабыл алган дүйнө жылдыздарынын катарына кошулду. Актёрду жашоосундагы мындай чоң өзгөрүүсү менен АКШ­нын мусулмандар коомунун өкүлдөрү куттукташты. Уиллдин бул чечимди кабыл алуусуна да актёрдук кесиби түрткү болгон. Анткени, ал акыркы кинолорунун биринде легендарлуу америкалык боксчу жана ислам динин туткан атактуу инсан Мухаммед Алинин ролун аткарган. Ошондон тарта эле бул динге кызыга баштаган актёр тасмага тартылуу аяктагандан кийин да кинодогу өз каарманынын образынан чыгууну каалаган эмес жана анын жашоосун өз тагдырына байланыштырып улантууну чечкен. Андан көп өтпөй эле өзүн «мусулманмын» деп жарыялаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Rostov-on-Don
2012-11-15 02:01:33
Майк Тайсончу ал деле мусулман болуш керек?
0
Rostov-on-Don
2012-11-15 02:02:49
Парвиз деген ким озу?
0
AFRODITA-89
2012-12-18 19:56:27
Туура жолго тушкон инсандарга Алла раазы болсун! Дегеле мусулман, ислам, куран, ыйман жонундо укканымда ичимде кандайдыр бир сезим пайда болот. Ислам дини - улуу дин! Мен мусулман болуп жаралганыма Аллага шугур кылам!
0
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан