ЭСТЕН КЕТКИС ЭРОКАДРЛАР

Психологдордун айтуусунда, тасмадан көргөн эротикалык кадрлар айрымдардын фантазиясынын күчөшүнө түрткү болот. Алар “чыңалып жаткан мээнин иштеши мындай эпизоддордон улам эс алып калат” дешет. Экрандагы “туздуу” жерлер кантип тартылганын билгиңиз келсе, төмөнкү маалыматтарга көз жүгүртүңүз.

“Стриптиз” тасмасы актриса Деми Мурга чоң киреше алып келген. Актрисанын апакай жылаңач денеси, көзүндөгү кумары көп эркектин эсин оодарган. “Мен чечинип, денемди көрсөтүүдөн уялбайм” деген актриса ал учурда Брюс Уиллистин жубайы, үч кыздын энеси эле. Эрдигине баракелде дебегенге айла жок. Деми Мурду дүйнөдөгү эң кымбат стриптизчи деп атасак болот. Анын экрандагы жылаңач денесинин баасы 12,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми 1996-жылы тасма тартылган Түштүк Флоридада кадимки стриптизчи бир түнгө 5 гана доллар алчу. Сынчылардын соккусуна туруштук берген тасма дүйнөлүк прокаттан 113,3 миллион таап элдин оозун ачырган. Айымдар, эми мырзаңызга эмне керек экенин билдиңиз да. Демек, Деми Мур болуу өз колуңузда.

Азгырык жана Анжелина. Бул жакшы шайкештик. Анткени Энжи менен тартылган актёрлордун жубайлары күйөөсүн тарттырып жибербөөнүн жолдорун ойлоп кыйналышат. Актриса башкалардан айырмаланып, эч качан дублёр колдонбойт. Мейли кооптуу трюктарды аткарсын, мейли азгырыктуу перинин ролу болсун, өзү ойнобосо кумары канбайт. Дегеним, “Азгырык” (“Соблазн”) тасмасында канды кызыткан ачык кадрларда өзү ойногон. Өнөктөшү Антонио Бандерас да Анжелинага төп келишкен кумарлуу жан экенин далилдеп, төшөк кумарын жан дили менен аткарып берген. Бандерас ролго ушунчалык берилип кеткенин мындан билиңиз, үч ай үй-бүлөсү менен кабарлашпаган экен. Жубайы Мелани Гриффит чыдабай акыркы эпизоддор тартылып жатканда келген. Бирок “туздуу” жерлер эбак тартылып калгандыктан, кийин Меланинин көзүнчө монтаждап, ал жерлерин кесип салып кутулушкан.

Кинематографияда “муздак” жана “эң ысык” тасма кайсы экенин билесизби? Кезектеги киши өлтүрүүнү изилдеп жатып, эң ысык айымга жолуккан детектив тууралуу тартылган тасманын аты “Негизги туюм” (“Основной инстинкт”) деп аталат. Режиссёрлордун айтуусунда, киреше топтоо үчүн актёрлорду чечиндире билүү керек. Мисалы, аталган фильмдеги Шэрон Стоун менен Майкл Дуглас сыяктуу. Стоун дублёрдон гана эмес, атайын ички кийимден да баш тарткан (адатта төшөк оюнун тартып жатканда актёрлор атайын денеге окшош түстө тигилген ич кийим кийишет). Стоун менен Дугластын төшөктөгү эпизоддорун тартып жаткандар аларды тиктеп отуруп, “стоп” деп айтууну да унутуп калышчу дейт. Алар 6 ай ичинде тартылган кинодо 17 ыкмада төшөк оюнун көрсөтүшкөн. Рекорд деп ушуну айт! Актёрлор сексуалдык эң чоң дозаны тасмада тартылып жатканда алганын айтышкан. Атүгүл тасмадан кийин Майкл Дуглас клиникага жатып, ден соолугун чыңдоого аргасыз болгон.

Эротикалык энергия – чыгармачылыктын булагы” деп айткан режиссёр Бернардо Бертолуччи мындан 35 жыл мурун биринчи жолу актёрлор кумарга батып жаткан эпизодду тартып чыккан. “Силер чыныгы төшөк оюнун көрсөтөсүңөр. Мен силерди жылдыз кылам” деп айткан режиссёр “Париждеги акыркы танго” («Последний танго в Париже») тасмасында актёрлорду кадр алдында кумарга батууга аргасыз кылган.
Актриса Мария Шнайдер бул эпизоддон соң шолоктоп ыйласа, Марлон Брандо режиссёрго таарынып 20 жыл сүйлөшпөй койгон. «Мен кинодо революция жасадым. Камера алдындагы оргазм көрүүчүгө бомба жардыргандай эле таасир берди» деп ак танган режиссёр.

Советтик кинолордо 80-жылдардын акырына чейин ачык эпизоддор дээрлик болгон эмес. Эротикалык кадрлардын карлыгачы катары “Кичинекей Вера” тасмасын (“Маленькая Вера”) айтсак болот. Мындай эпизоддорго кумар болгон москвалыктар кинотеатрларга кезекке тизилгенге чейин барышкан. Ал эми бул жааттагы экинчи тасма – “Интер кыз” (“Интер девочка”). Башкы ролду аткарган Елена Яковлева уктап туруп эле орустардын секс символуна кантип айланганын билбей калган. Айтмакчы, анын япон менен кумарга батып жаткан учуру төмөндөгүдөй тартылган. Алты эркек керебетти өйдө-ылдый жылдырышып, актрисанын тердеп жаткан денесин бирде көмкөрөсүнөн, бирде чалкасынан жаткыра беришкен. Чынында, эпизоддо япон таптакыр жок болчу.

Көчөдөгү сойку кызды да акыл-эстен танып сүйүүгө болорун «Татына кыз» («Красотка») тасмасы далилдеп бербеди беле. Бай мырза менен сойкунун биринчи түнү көптөрдүн эсинде калса керек. Бирок бул тасмадагы ачык эпизоддорду Жулия Робертс аткарган эмес. “Элитный” сойкуну чакырып келишип, тасмага дублёр кылып колдонушкан. Биринчиден, бул сойкунун образын мыкты чагылдыруу үчүн болсо, экинчиден, актрисанын “мындай эпизодду аткарбайм” деп баш тартканы үчүн бул кадамга барышкан. Жулия “кийим менен ойноп жатканда көркөм тасма. Ал эми төшөктөгү эпизоддор документалдуу тасмага айланып кетет. Мен азырынча документалдуу тасмага тартылбайм” деген. Эжекебиз эротикалык кадрлардын бирине да тартылып көрбөптүр. Сценарийди үч кайталап окуп, “ачык жерлерин дублёр ойносун” деп, анан макулдугун берет имиш.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
abai
2011-06-20 19:32:11
Anjelina jakwy atkaryp koigon!
0
almaz82
2011-06-24 02:22:39
Sumduk go yaaaaa
0
janchar
2011-07-14 22:03:38
ministirdyn kyzynyn mahabatynda kandai oynodu eken owol jonundo dagy jazyp koigula
0
asiraasira
2011-07-17 15:08:11
Бизде тартыла баштаптыр го андай тасмалар.Министрдин кызынын махабаты аттуу киносунда.
0
miki98
2011-07-17 15:28:36
эн сонун .Жули молодес.
0
nurkaa
2011-07-19 04:35:07
эн таза эн тунук динибизди деле козго албай тамеки тартып, башка улуттун эркектери менен жургондору аябай окундурот
0
oken
2011-07-25 18:00:43
Мынаа сагаа!!!
0
bratan2011
2011-08-16 16:53:46
ушинтип адамды азгырышатта
0
kassta91
2011-08-19 04:20:07
укмуш укмуш
0
talant82_27
2011-08-22 23:33:52
бул нерсеге туура мамиле кылуу керек, анткени каалайсынбы каалабайсынбы, башка олкону туурабасан да бул нерсе ар бир адамга керектуу жана билип алышы ашыктык болбос деп эсептейм
0
ergazy.kgz
2011-10-09 21:34:41
по любому корсонор керек порнуханы а малолеткалар ))))
0
Omur
2012-04-25 18:21:00
охоо кандай мазза а достор
0
Yurist
2012-06-17 12:15:52
aza2-10@mail.ru жакшы темаларды талкуулайбыз
0
almanbet1984
2012-10-23 17:17:13
Бизде деле бар го Министирдин кызынын махабаты
+1
joodarbewim
2012-11-21 23:15:09
Бизде Бош уй (пустой дом) деп аталган кинону корсонор баай кыргыздар бечара каяка кетип атканыбызды билбейбиз эх.
+1
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан