УЧУРДУН СЕКС СИМВОЛУ ДЭН БЭЛАН

Учурда кыздардын жаздыгынын алдында сүрөтү жаткан ким экенин билесизби? Ал – “Chica Bomb”, “Justify Sex”, “Лепестками слёз” аттуу хит ырлардын аткаруучусу Дэн Бэлан. Сиз дагы бул жигитке кызыкдар болсоңуз, анда биз менен бирге ырчы жигиттин чыгармачылыгына жана жеке жашоосуна саякатка чыгыңыз.

Толук аты-жөнү – Дэн Михай Бэлан
Туулган жылы – 1979-жыл, 6-февраль
Туулган жери – Молдова, Огеев району
Бою – 190 см
Салмагы – 80 кг
Айымдардагы жактырган сапаты – Сулуулук жана сексуалдуулук
Көзүнүн түсү – Кой көз
Чачынын түсү – Кара
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Буларсыз жашай албайт – Музыка, клуб, кыздар жана уйку
Жакшы көргөн аспабы – Гитара
Хит ырлары – “Chica Bomb”, “Justify Sex”, “Лепестками слёз”
Музыкалык билими – А.Стырча жана Ш.Няга атындагы музыкалык мектептердин аккордеон бөлүмүндө окуган
Улуту – Молдован

ЮРИСТТЕРДИН ДИНАСТИЯСЫН УЛАНТКЫСЫ КЕЛБЕДИ
Дэн Бэландын атасы Михай Бэлан дипломат, апасы Людмила Бэлан Молдовада популярдуу телеалпаруучу. Ырчы үч жашына чейин чоң энесинин колунда, Огеев районунун Требужен айылында жашаган. 11 жашында ага ата-энеси аккордеон белекке берип, ошондон тарта жаш ырчы өзүнүн алгачкы обондорун чыгара баштаган. 1988-жылы 3- классында чыгармачылыкта өзүн сынап көрүп, ыр жазуу менен да алектенет. 1994-жылы атасы Молдованын Израилдеги атайын элчиси болуп дайындалып, үй-бүлөсү менен Израилге көчүп кетишет. 1996-жылы Кишинёвго кайра кайтып келишет. "Георге Асаки" мектебин аяктап, Молдова мамлекеттик университетинин укук бөлүмүнө тапшырып, бирок музыкага болгон сүйүүсү окуусун таштаганга мажбур кылат. Дэн окуусу жөнүндө “ата-энемдин каалоосу менен атамдын жолун улап юрист болушум керек эле. Бирок кечинде концерттерде болуп, эртең менен лекцияга баруу мага өтө оор болду. Ошондуктан өзүмө жакын музыканы тандап, окууну таштаганга туура келди” деп айткан.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ЧЫЙЫР ЖОЛУНДА
1997-жылы өзүнүн жеке "Inferialis" деп аталган рок тобун ачат. Ал тарап кеткен соң 1999-жылы үч жигиттен турган “O-Zone” тобун түзөт. Бэлан топтун продюсери катары таанылат. Алардын репертуарындагы ырлардын дээрлик баарын өзү жазып, топ музыкалык чокуну багындыра алган. Кийин Дэн Бэлан жеке карьера түзүүнү туура көрүп, 2005-жылы топ таркайт.
2005-жылы ырчы жеке карьерасын улантуу максатында Лос-Анжелес шаарына көчүп барат. Ушундан тартып румын тилинде эмес, жалаң англис тилинде ырдаганга өтөт. Ал жакта Дэнге белгилүү продюсер Жек Жозеф Пуиг колдоо көрсөтөт. 2007-жылы дискотеканын хит ырларына айланган Дэн Бэландын «Акылдан адашкан» (Crazy Loop”) ыры жарыкка чыгат. Ал эми «Бомба» («Chica Bomb») ырчынын визиттик карточкасы десек жаңылбайбыз. 2010-жылы Вера Брежнева экөөнүн “Көз жаштын тамчылары” (“Лепестками слёз”) аттуу ыры менен күйөрман кыздардын жүрөгүн багындырды. Вера Брежнева Дэн Бэлан менен Нью-Йорк шаарында “Чоң шаардагы сүйүү” («Любовь в большом городе») тасмасына тартылып жүргөндө таанышкан. Ырдын клиби Киев шаарында тартылган. Съёмка тууралуу Брежнева “Дэн экөөбүз бири-бирибизди бат түшүнүшүп кеттик, мага аны менен иштөө жеңил болду. Ырда эркек менен айымдын айкалыштыгын жеткиликтүү ачып бере алдык деп ойлойм” деп билдирген. Ал эми
100 пайыз хит болгон «Сексти актоо» («Justify Sex») аталыштагы ырын укпаган адам жок чыгар. Айрыкча түнкү клубдарда такай коюлган аталган ыр учурда бүткүл Европада хит-параддарды «жарып» жаткан кези.

БИЛАНДЫ ТУУРАП АЛГАНБЫ?
Ырларында жана клиптеринде кыздардын сексуалдуулугуна көп басым жасаган ырчы алгачкы жолу 11 жашында өбүшүп, 15 жашында төшөк даамын таткан экен. Алгачкы сүйүүгө 16 жашында туш болгон. Сүйгөн кызы жана достору менен Румынияга эс алууга барып, ошол жактан өткөргөн унутулгус романтикалык күндөрүн азыркыга чейин унутпай жүргөнүн ырчы жашырбайт. Бирок ортодогу алыстык эки жаштын сүйүүсүнүн муздап калышына себепкер болот. Өзүнүн аты жөнүндө “мени “Дима Биланга окшош болуш үчүн атын өзгөртүптүр” деген сөздөр күлкүмдү келтирет. Дэн Бэлан бул – менин өзүмдүн чыныгы атым, эч кандай псевдоним эмес” дейт. Учурда супер бойдок Дэн Бэлан Нью-Йоркто жашайт. Чыгармалары бийлөөгө ыңгайлуу болгондуктан, жаштардын табитине өзгөчө жагат.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Про звёзд" - Dan Balan
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jansezim26
2011-06-13 11:59:42
Ден Белан эмес Дан Балан.
0
zhanym
2011-06-13 13:32:09
туура дан балан
0
kyrgyzajym
2011-06-14 14:55:46
Boju 1,90.
Erkek.Obajaju tebja,4moki-4moki.
Meine Hase!
0
bagdat
2011-06-15 02:18:16
Бир цыганда...............
0
Lee Min Ho
2011-06-16 18:29:56
Обожаю его Он класссссный
0
sali
2011-06-19 08:46:31
VJ tyyra ele aitkan.Den Belan dep aitylat, Dan dep jazylgany m-n.Kyrgyz4a ele urdura beresinerbi.
0
jansezim26
2011-06-19 13:47:54
англисче грамматиканы билбесенер жазып уят болбогула.во первых Дан Балан англисче ат эмес.пишется Dan Bălan.имя молдавское..Белан болуп айтылышы мумкун.бирок биз молдаван эмеспиз.
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан