НИКОЛАЙ БАСКОВ

Опера жана эстрада ырчысы Николай Басков да көпчүлүк атактуу ырчылардай эле кичинекей кезинен таланттуу чыгып, сахнада, эл алдында чоңойгон. Алгачкы жолу балдар бакчасында тарбиячысы жаттаткан төрт сап ырын айтуу үчүн ата-энелердин алдына чыгаар маалда катуу сүрдөп, буттары калтыраганынан баса албай, ырын да айтпай калыптыр. Бирок, 10 жашынан тарта сахнанын коён жатагына чейин билген жаш аткаруучу болууга жетишкен. Ал эми кыздарга кат жазуу дегенди башынан өткөргөн эмес. Анткени, Николайдын кол жазмасы өтө жаман болчу.
Николай аскер кызматкери менен математика мугалиминин үйбүлөсүндө туулган. Уулунун элде жок өзгөчө таза үнү бар экендигин байкашкан ата-энеси Николай 5 жашка толгондон тарта музыкалык билим берүүнү туура көрүшкөн. Аскер кызматкерлеринин жашоосу айтпаса да белгилүү эмеспи, ар бир шаарга көчүп- конуп дегендей. Бирок, ага карабастан кайсы жакка көчүп барышпасын, ата-эне баласын жаңы музыка мугалимининин колуна тапшырышчу. Ошентип, 1986-1992-жылдары Коля жаш актёрлор музыкалык театрынын курамына кошулуп, алар менен дүйнөнүн АКШ, Франция, Израиль, Швейцария сыяктуу өлкөлөрүн кыдырып чыккан. Ал эми 1996-жылы Гнесин атындагы Россия музыкалык академиясынын опера тармагына тапшырат. Бул окуусун кызыл диплом менен аяктап, кийин Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынан аспирантураны алтын медаль менен бүтүргөн. Ошол эле учурда Николай спорт менен машыгууну да унутпастан, сууда сүзүү боюнча 2-разряддагы спортчу болууга үлгүргөн.
Канчалык өз талантын таптаган сайын жыйынтыгы оң чыгып, 1999-жылы “Карузонун элесине” аттуу ыры популярдуулукка жетишет. Бул чыгарма “Европа плюс” радиосу жүргүзгөн хит-параддын биринчи орунун бир нече жумалар бою эч кимге бербестен кармап турган. Миллиондогон нускада чыгарылган бул ырын камтыган Николайдын “Арноо” аттуу альбому күйөрмандар арасында талашка түшкөнү анык. Ийгиликтер биринин артынан бири баш ийип, ошол эле жылы экинчи альбому жарык көрөт. 2000-жылы чыккан “Өткөн кылымдын шедеврлери” аттуу альбому да мыкты сынчылардын “эң жакшы” деген баасына арзыган. Опера ырчыларынын тарыхына жаңылык киргизип, «эң жаш опера ырчысы» деп да аталган. Ошентип, жаңы кылым башталган жылы өз таланты менен көпчү­лүк­тү таңкалтырган Николай чыгармачылыгына чоң салым кошкон продюсери Борис Шпигель менен таанышкан.
Борис Шпигель өз ишин ошол учурдагы Басковдун эң популярдуу чыгармасы “Карузонун элесине” аттуу ырына клип тарттыруу менен баштайт. Андан кийинки эл баалаган чыгармалары биринин артынан бири жарык көрө баштайт. “Жылдын мыкты ырчысы”, “Овация”, “Алтын граммофон”, “Жылдын стили” жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болууга жетишет. Мындай ийгиликтерге жетишүүсүнө продюсеринин эмгеги чоң экендигин ырчы жашырбай айтып келет. Бирок, Николай үчүн Шпигелдин пайдасы чыгармачылыгында гана эмес, жеке турмушунда да чоң мааниге ээ. Анткени, Николай өз продюсеринин кызына баш кошкон.
Жаш, таланттуу, сулуу жүздүү, атактуу ырчы жигит бир күнү өз продюсеринин үйүн көздөй бет алат. Баарынан бейкапар эле үйдүн коңгуроосун басып, көз алдында турган татынакай кызга көзү чагылышат. Бул сулуу айым Борис Шпигелдин жападан жалгыз кызы Светлана эле. Мына, ушул күнү, ушул саатта жана ушул жерден атактуу опера жана эстрада ырчысы Николай Басков өз сүйүүсүнө жолуккан. Андан көп узабай эле чыгармачылык иштери менен Италияга сапар тартууга туура келет. Жаңы таанышып эле жылдыздары келише түшкөн жаштар Италияга чогуу барууну пландашат. Экөө тең сүйүү отуна кабылып калгандыктарын ичтеринен туюп турса да бири-бирине даап айтуудан тартынышып, ички сезимдерин сактап турууну оң көрүшөт. Бир күнү Николай таң эртең эмнеси болсо да арзуусун билдирүүнү чечип, Светлана жаткан мейманкананын алдына туруп, сүйүүсүн серенада аркылуу билдирген. Тилекке каршы, ал учурда Света катуу уктап жаткандыктан, серенаданын акыркы гана бир сабын угууга жетишкен. Ушундан тарта мамилелери жакындашып, кыз-жигит катары бир жыл сүйлө­шүп жүргөн­дөн кийин гана баш кошууга бел байлашат. 2001-жылы бир канча атактуу адамдардын курчоосунда эки жаштын дүңгүрө­гөн үйлөнүү тою болуп өт­­­көн.
Үйбүлөлүү болсо да өз карьерасы үчүн баарына даяр экендигин билгизип, жубайы экөө балалуу болуу кубанычын кийинки убактарга калтыра турууну чечишет. Кээде “балалуу болууга өзүмдөн балалык сезим кеткенде гана камынам” деген билдирүүлөрүн айтып келген эле. Бирок, “эл оозунда элек жок” демекчи, “Басков балалуу боло албайт экен, врачтар ага «тукумсуз» деген диагноз коюшуптур” деген кептер тез эле ырчынын күйөрмандарына жетет.
Мындай ушак-кептерге маани бербеген Николай Басков “Мен 25 жаштамын”, “Кош бол деп айтпа”, Таисия Павалий менен биргеликте “Мени коё бер” жана “Мыкты ырлар” аттуу альбомдорун жаратууга жетишет. “Золушка”, “Кар ханышасы” жомокторунда роль жаратып, актёрлуктун да даамын татканын айта кетпесе болбос. Ал гана эмес “Россия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти”, “Украинанын Эл артисти” наамдарынын ээси жана “Россиянын алтын үнү” деп аталууга да үлгүрөт. Бардык жагынан биринчи болууну жактырган ырчы өз карьерасын алга жылдыруу менен эле токтоп калбастан, үйбүлөсүн да ынтымакта сактап келген. 2005-жылдын апрель айында Бронислав аттуу уулдуу болушкан. Николайдын жубайы Светлана үйбүлөсүнүн жалгыз кызы болгондуктан, уулуна Басков-Шпигель деген фамилия беришкен. Ал эми жалгыз кызын ата-энесинен ажыратууну туура көрбөгөндүктөн, Николай кайнаталары менен чогуу жашачу.
Акыркы күндөрү “Басков кайрадан бойдок” деген ушактар басма сөз маалыматтарында жайнап кетти. Тилекке каршы, жубайлар бул сөздөр ачуу чындык экенин далилдешип, экөө тең «ажырашуу керек» деп чечишкенин жарыялашты. Бул үйбүлөнүн жакындарынын айтымында, Света Шпигель учурунда Коля үчүн баарына даяр эле. Талабы катуу еврейлердин бүлөсүндө иудаисттик ишенимде тарбияланган Света Коля экөө үйлөнгөн соң аны менен чиркөөдө баш кошуу үчүн ата-энесине айтпай жашыруун түрдө динин да алмаштырып, православдык ишенимге өткөнү жөнүндө эми айтыла баштады.
Жубайлар ажырашуунун себебин элге жар салууну туура көрүшпөйт. Ал эми Николайдын жана Светанын үйбүлөлүк досторунун айтымында, уруш-талашы жок эле жөн гана эки башка жашоону чечишкен. Мунун дагы бир себеби, ортолорундагы сезимдердин сууп, бири-биринен тажап калгандыгында. Ажырашуу кезинде Басков эч бир мүлккө кол тийгизбей, бардык дүйнө-мүлкүн жубайы менен баласына таштагандыгы, үйүнөн жалгыз машинасы менен гана чыгып кеткендиги маалым болду. Ал гана эмес, аялы менен ажырашкан соң Басков кайната продюсери менен да иштешпей калды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 263, 16-22-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан