(Башы өткөн сандарыбызда)
Жумушка баратсам, телефонум жан-алы калбай чырылдап калды. Жашырылган номер... Ким болушу мүмкүн? Жооп бергим келбей көңүлсүз тиктеп турдум. Болчудай эмес, кайра-кайра чалып жатат.
– Алло!
– Ии, күйөөң экөөң менден оңой эле кутулмакчы болдуңарбы? Финполдун колуна салып берсек эле күнү бүтөт деп ойлодуңарбы?
Уфф, ушул балээге кайдан да жолуктум эле?!
– Айдар, биринчи саламдашуу керек. Ушундай жөнөкөй нерсени билбейсиңби?
– ...Кандайсың?
– Жакшы. Эмне тууралуу айтып жатканыңды түшүнгөн жокмун. Мен азыр жолдомун, машина айдап баратам. Кийинчерээк сүйлөшөлү.
Трубканы койгуча шаштым. Бул деле акмак эмес да, шамалдын кай жактан согуп жатканын түшүндү. Күнү бою жумушта Айдардын ачуулуу үнү кулагымдан кетпей алагды болуп жаттым. Ал да тынчып бир калсачы! Кайра-кайра чалат. Көгөрүп, такыр жооп бербей койдум. Айласы кеткенде СМС жазууга өттү.
“Күйөөң өзү баштады, эми мага капа болбо” деп жазыптыр. “Жаман катындарчасынан опузалап, баркыңды түшүрбө. Сени эркек дейт. Мага минтип жазып эч нерсеге жетишпейсиң!” Мен да унчукпай коё албадым. Намысын ойготкум келди. Билбейм, мындай сөздөр таасир этеби-жокпу.
Эсиңиздердеби, Ажардын мага “сендей аялдар эркекти бактысыз кылышат” деп айтканы. Канчалык аны жек көрбөйүн, айтканы чын окшойт. Ошол аялдын бир билгени бар окшойт. Айрыкча бүгүн, оорукананын коридорунда врачтардан бир ооз жакшы кеп күтүп, Жаратканга жалынып отуруп, кайра-кайра Ажардын ошол кеби көңүлүмө келип жатты. Элдар... менин опол тоом, менин бекем чебим... Анын эмне болгонун так билген эч ким жок. Машинасынын тормозу иштен чыгып, жол жээгиндеги бетонго урунуптур. Айдоочусу экөө тең оор абалда 4-ооруканада. Операцияга алып кирип кетишкенине эки саат болду. Врачтардын чыга турган түрү жок. Эсим эки болуп, бир орунга тура албай алдастап жаттым. Бир, эки, үч, төрт, беш... ох-хх, чиркин, күтүү кандай оор! Мейли, айлап-жылдап болсо да күткөнгө даярмын, Элдар аман калса болгону...
Чекесинен жылтылдай тер кеткен врач көрүнгөндө атамды көргөндөй кубандым. Чарчаңкы өңдөн суук кабар көрүнгөн жок.
– Операция ийгиликтүү өттү. Күйөөңүз жашайт.
Ушул кепти айтканга араң жарап жанымдан өтүп кетти. Оо, Кудай, мага бооруң ачыганына рахмат! Элдар аман-эсен айыгып кетсин. Эми айдоочусу эсиме келип, жандандыруучу бөлүмгө чуркадым. Аны операциядан чыгарып, ушул бөлүмгө которушкан эле. Тышта кабагына кар жааган келинчеги туруптур. Аварияны кудум мен кылгансып жекире тиктеп, сүйлөнүп кирди.
– Балакети өзү менен кошо кетсе болбойбу?! Бизге окшогон бечараларда эмне күнөө?
Кулакты жапыра, айткандарын укмаксанга сала врач менен сүйлөшө кеттим. Анын абалы деле оңолуп баратыптыр. Дагы бир сааттан кийин кадимки палатага которсо болорун айтты. Ушунусуна да шүгүр. Төрт баласы бар адам кокус каза тапса, жаман болмок. Кудайым өмүр берсин. Аңгыча Элдарды да жандандыруу бөлүмүнө алып келишти. Бети-башы аппак бинттен көрүнбөйт. Бутун өйдө асып коюшуптур. Жүрөгүм оозума кептелип, көзүм караңгылай түштү.
– Ой-ой, абайлаңыз, мобу стулга отура туруңуз. Анчалык тынчсыздануунун кереги жок, күйөөңүз айыгат. Эң коркунучтуусу артта калбадыбы.
Жанымдагы врач мени сүйөп отургузуп, стакан суу сунду. Тишим титирей айнек идиштин четине тийип, оңгулуктуу иче албай турдум. “Өзүңдү карма, Айдай, эркелеп эсиңден кетип жата тургандай жаныңда Элдар жок. Азыр ал өмүр үчүн күрөшүп жаткан кез, өзүңдү карма!” Ичимден өзүмдү-өзүм урушуп жатып араң өзүмө келдим.
Элдар ушундай абалда жатканда кантип үйгө кетмек элем? Врачтардын урушканына карабай ал түнү ооруканада калдым. “Абалы жакшы, бир калыпка түшүп баратат” деп врачтар көңүл жубатканы менен, күйөөмдүн кебетесинен тирүүлүктүн түрү көрүнбөйт. Түн бир оокумда керебетти сүйөнө көзүм илинип кеткен экен, телефондун чырылдаганы ойготту.
– Элдар мырзаны кырсыктады деп уктум, абалы кандай?
Кулагымдын кужурун алган ушул үн биротоло өчүп калса, эч капа болмок эмесмин. Түн ортосунда чалып, ушуну сураш шарт беле?
– Угуп турчу, сен... Бул жакта адам өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатса, түн ортосунда чалып, эмнени уккуң келип турат? “Өлүп калды” деп бырылдап ыйлаганымдыбы? Эмне, Элдар ошончо эле алсыз жан деп ойлойсуңбу? Токтой турчу... Сен кайдан уктуң?
– Кабарлап турчу адамдарым бар. Тормозу кармабай калыптыр дейби?
– Сен... с-ссен акмак... Эгер ушул ишти сен уюштурган болсоң...
– Мен уюштурсам эмне кылып жибересиң?
– Айдар, эсиңе кел! Өзүңө жакпаган адамдарды жок кылып салгыдай сен Кудай эмессиң, эсиңе кел! Сенин да катын-балаң бар. Эгер ушул ишти сен кылган болсоң, анда менден жакшылык күтчү болбогун.
– Сенден жамандыкты алда качан көрүп болгом. Эми менин кезегим.
Ушинтти да трубканы таштап койду. Эмне кылса болот? Жок, кол куушуруп отура албайм. Ойлонуп отуруп телефонумдагы диктофонду иштетип, кайра Айдарга чалдым. Биринчи эле чакырыкка жооп берди.
– Ии?
– Айдар, сен экөөбүз айылдашпыз, бир мектепте окудук, анан ушул кылганың туурабы? Канчалаган кыздар ала качып барганда “отурбайм” деп чыр салып кетип калышат. Кубалап кек алчудай бул кылмыш беле? Көңүлүм болбосо, кыйнап жашатмак белең? Баары бир сага кыйраткан аял болмок эмесмин.
– Дагы эмне айткың келет?
– Минтип өчөшүп, күйөөмдү кырсыктаткыдай мен эмне, атаңды өлтүрдүм беле?
– Күйөөңдү кырсыкка мен учураттым дедимби сага?
– Билип-туюп, түшүнүп эле турам. Бул сенин кылганың. Азыр сени каргап-шилеп, жети атаңды кошуп сөгөйүн деп чалган жокмун. Айдар, эсиңе кел. Өзүңө жакпаган же сага бут тоскон адамдарды жок кылып салчудай сен Кудай эмессиң. Кадимки катардагы пендесиң. Сенин да бала-чакаң, жакындарың бар. Ата-эненин кесири балага тиет дейт, көзүңдү ач. Кудай заматта эле көрсөтүп коёт. Элдарга, мага жамандык кыларда ордубузга өзүңдү, аялыңды же балаңды коюп көрдүңбү?
– Айдай, башымды оорутпа, ансыз деле сынайын деп турат!
– Уятыңдан өзүңдү коёрго жер таппай жатасыңбы?
– Сен муну илгери ойлонушуң керек болчу. Мага кыйынсынып, үн көтөрбөшүң керек болчу.
– Балким, кечирим да сурашым керек эле?
– Ооба, бир ооз кечирим сурап, мени менен жылуу учурашып, сүйлөшүп койсоң, ушул балээнин баары жок эле го!
Кыйкырып, сөгүнүп жиберди. Бул жигит акылынан адашып баратканбы?
– Сен мага жылуу учурашып, сүйлөшкүдөй мамиле кылдың беле? Айдар, сени менен өткөндү териштирип отурууга чамам жок. Өч алам, сотко берип, жоопко тарттырам да дебейм. Аны Кудайга, сенин абийириңе койдум. Элдар менен айдоочусунун аман-эсен айыгып кетүүлөрүн гана тилейм. Сен эми мага бут тоспо, мага жамандык жасаба. Андан көрө өзүңдүн, жакындарыңдын амандыгын тиле. А эгер... (“күйөөмдөн айрылып калчу болсом...” деген сөздү айтууга тилим барбады) жамандыгына кетчү болсо, тынч калат экенмин деп ойлобо! Быт-чытыңды чыгарам. Так что, сен да экөөнүн амандыгын тиле!
Трубканы коюп, “өх” деп отуруп калдым.
Ооруканага 3 ай каттадым. Элдар баш көтөрүп, акыл-эси жайына келип, сүйлөп калганда үйгө чыгардык. Бирок буттары кыймылдабай жатат.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жазгүл Калыева