Жашоо – баш-аягы жок деңиз, а биз андагы кайыкпыз. Турмуш толкуну кайсы күнү, кайсы жээкке алып барарын да эч ким билбейт. Ушунун өзү дүйнөнүн түгөнгүс табышмагы болсо керек. Каарманыбыз Жылдыз да турмуштун толкунуна кабылып, башка жээктин адамы менен кол кармашканга мажбур.
“АЛА КАЧЫП АЛЫП, БАРКЫМА ЖЕТПЕДИ”
– Мектепте окуп жүргөндө атам каза болуп, күйүттөн апам катуу ооруп калды. Балдардын улуусу болгондуктан, үйдүн түйшүгүнүн баары менин моюнумда эле. Апамды айыктырайын, аз да болсо жардам кылайын деп Таластан Бишкекке жөнөдүм. Күнү-түнү иштеп, тапканымдын баарын айылга салып жаттым. Кафелерде идиш-аяк, даараткана да жууп иштеген күндөрүм болду. Жалгыз тилегим апамдын сакайып кетиши эле.
Айлар өтүп, күз келди. Кийим-кече алып, үйүмө жөнөдүм. Келсем, катуу оорудан жабыркаган апам мени тааныбай койду. Ичиме батпаган бугум жарылчудай болуп, эмне кыларымды билбедим. Үйдү тазалап, ини-сиңдилериме каралашып жүрдүм. Үч күндөн кийин өмүрүмдө көрбөгөн адам ала качып кетти.
Заңгыраган үйдүн босогосун аттаарым менен бир аял келип жулкуп көйнөгүмдү чечип, халат кийгизип, башыма жоолук салды. Аргам жок отуруп калдым. Бир маалда узун бойлуу адам көшөгөгө кирди. Көрсө, ал менин болочок күйөөм экен. Ушул маалда бөлмөгө кичине бала да баш багып калды. Мен колумду сунуп “кел” десем, чоочуркап ыйлай баштады. Аны көргөн Санжар (күйөөм) мени жаакка бир чаап, “сенин балага жылдызың жок экен” деп чыгып кетти. Никебиз кыйылбай жатып мага кол көтөргөнүнө ичим муздай түштү.
Ошентип, тагдырыма баш ийип, турмуш жолуна аттандым. Ачуу басарга эч ким барган да жок, артымдан эч ким кууп да келген жок. Кайындарым көчөдөн таап алган жетим кыздай кабыл алышты. Алар Таластагы эң бай деген адамдардын бири экен. Заңгыраган үйү, үйүр-үйүр жылкылары бар эле. Жаңы бүлөмдүн колунда бар болгону менен, үйүмө, апама эч бир пайдасы тийген жок. Кайнатам түшүнүктүү адам болчу, бирок бир айдан кийин каза болуп калды. Бул жамандыкты да “сен кара жолтойсуң” деп мага чапташты.
Кайненем бир күнү апама жолугуп келгенге уруксат берди. Дарбазаны ачып үйгө кирип баратсам, банкалардын кагылышы угулуп калды. Таң калып, эмне болуп жатты экен деп шашып босогону аттадым. Көргөнүмө ишенбей, көзүмдөн жашым токтобой, апамды тиктеп турдум. Апам кадимкисиндей салат жаап жатыптыр. Мени караган апамдын да көз жашы токтобой жатты. Кантип апама жетип, бутун кучактап ыйлап жатканымды билбейм. Жараткандын боору ооруду окшойт, апам айыгып, мурунку калыбына келип калган экен. Арманымды айтып бир топ жеңилдедим да, кайра кайын журтума жөнөдүм.
“Астыбызга түшүп келбесе койсун, ал өздөрүнөн. Мен энелик милдетимди аткарайын” деген апам себимди үч бөлүп алып барды. Кыздуу болдум. Апам бешик жеткирип келсе, кайын журтум көрмөксөнгө салып койду. Күндөрдүн биринде төркү үйдө отурган кайненеме кирип, “апа, жөн болсо да, үйгө барып койбойсуздарбы?” десем, “менин бутум баспайт” деп бой көтөрүп койду. Мында да унчукпай калып калдым.
Күйөөм үйгө кааласа келип, кааласа келбей да жоголуп кетчү. Ортобузда сүйүү деле жок, мени эмнеге алганын да түшүнчү эмесмин. Бир жолу үйгө жээни келип калды. Үйгө кирип чай ичип отурганда жээни мага тийишкенинен ордумдан туруп кеттим. Муну байкаган кайнежем күйөөмө «катының бой көтөрөт» деп даттанат. Ал болсо ар кандай сөздөр менен мени сөгүп, “сенин көздөрүң ойноп турат” деп каналдын жээгине чачымдан сүйрөп алып барды. Биринчи балам үч айлык боюмда бар эле, ага да карабады. Сууга башымды тыгып тумчуктурду. Ойгонсом, суу болуп каналдын жээгинде жатыптырмын. Күйөөм эчак эле кетип калыптыр.
Көр оокат деп күн чыгып, түн кирип, айтор, жашоо өтүп жатты. Уруп-сокконуна деле көнүп калдым. Үч балалуу болдук. Жашообуз кыйындай баштады. Атасы каза болгондон кийин байлыгы кошо кетип, акырындан сызга отурушту. Акыры Таластагы үйдү сатып, шаарга көчүп келдик.
Шаарга келгенден кийин күйөөм үйгө отурбай калды. Телефону шыңгырап, анан сыртка чыга каччу адаты пайда болду. Көрсө, Гүлжан аттуу ойнош таап алыптыр. Телефонун карасам, шумдуктуу СМСтер жүрөт. Бул арада кайненемдин буту баспай калды. Кечиримдүү болоюн деп аны өз энемдей карадым. Жуунтуп, тамак-ашын берип турчумун. Үйдө эч ким жокто “биздин көчөбүздө да майрам болот” деп көңүлүмдү көтөрүп калчу эле. Бир кездеги мага кылган жамандыгы үчүн өзүн күнөөлүү сезсе керек.
Бир күнү Санжар түн ичинде үйгө мас болуп келип, “сени менен жашабайм, кетем” деп кийимин чогултуп кетип калды. Ошентип, ажыраштык. Бирөөнүн ыйынан экөө бакыт кура албастыр. Жашоо бүтпөйт, өтө берет экен. Жүрөгүмдү өйүгөнү – балдарым. Аларда эмне күнөө?
АБАКТАГЫ СҮЙҮҮ
– “Адамды адам бузат” деген кептин чын экенине өзүм күбө болдум. Учурда бир компанияда иштейм. Акырындык менен баары өз нугуна түшүп баратат. Мындан төрт ай мурун “Дасмия” ресторанында иштеп жүргөн элем. Ашканада иштеген дагы бир кыз бар эле, качан көрбөйүн, колунан телефону түшчү эмес. Бир күнү жетишпей жатсак, дагы колунан телефону түшпөйт. Тамашалап “ай, болбодубу, иштебейсиңби?” деп калдым. Ал “анда сиз өзүңүз айтыңызчы” деп телефонун мага сунду. Мен алып, “алло, бул кыз иштесин да, сиз жолтоо болбой туруңуз” десем, “номериңди бербейсиңби, досум ушундай жагымдуу үнү бар айым менен таанышам деп жүрдү эле” деди. Мен тамаша иретинде номеримди берип койдум.
Аз өтпөй ал мага телефон чала баштады. Аты Куба экен. Ал “ММS аркылуу сүрөтүңдү жиберчи” деп суранып, башка номер берди. Ал номерге сүрөтүмдү жиберсем, дароо эле анын сүрөтү келди.Мен Куба экен деп ойлосом, ал Кубанын таанышы экен. Камил менен ошентип таанышып калдым. Экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк, эки жумадан кийин мени жолугушууга чакырды. “Кайсы жерден жолугалы?” десем, “сен Петровка жакка кел” деди. Кызыктай болуп, “ал жакка эмнеге барам?” десем, “мен ошол жактамын, мага тиш паста ала кел” деп айтты. Ошондо гана Камилдин абакта экенин билдим. А бирок барбай да коё албадым.
Түрмөдө жолугууга келчү жерди “маяк” деп коюшат экен. Биринчи жолукканда экөөбүз алыстан бири-бирибизди тиктеп, кайра жумушка кайттым. Аз өтпөй экинчи жолу жолуктук. Чынында, башымды жоготуп аны сүйүп калдым. Ал мага өзүнүн мурунку жашоосун айтып берди. Камил 26 жаштагы нарындык жигит экен. 4 жылга кесилиптир, быйыл күзгө жакын чыгат.
Камил мага жоготкон ишенимимди кайтарып берди. “Сенин балдарыңа ата болуп берем, бактылуу болобуз” деген убадалары жүрөгүмдү жылытат. Эки жума мурун экөөбүз нике кыйдырдык. Буюрса, мен да бакыттын балынан тата алам деген ишенимим зор. Билем, муну окуган окурмандар мага ар кандай сын айтышарын... Менин да бактылуу болгонго акым бар жана балдарым үчүн, бакыт үчүн күрөшкүм келет.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg