ЭРОТИКАЛЫК ЖАҢЫЛЫКТАР

КАПУСТАДАН ЖАСАЛГАН ЖЫЛАҢАЧ КЫЗДАР
Кытайлык сүрөтчү аял Цзюй Доци жашылчалардан жасалган экспозициялары менен белгилүү. Бул ирет ал капустадан жылаңач кыздардын айкелин жасады. Кыздардын чачы, денеси, кийими, жасалгаларынын баары капустадан. Цзюй түрдүү түстөгү капусталардын жалбырактарын кайчы менен кыркып алып, аларды тиш чукугучтар менен бириктирген. Айта кетчү нерсе, Цзюй мурда Леонардо да Винчи, Винсет Ван Гог, Энди Уорхолдун сүрөттөрүн жашылчаларда чагылдырып берген эле.

КАРТАҢ СОЙКУЛАР ҮЧҮН КАРЫЛАР ҮЙҮ АЧЫЛДЫ
Мексикада Кармен Муньостун идеясы боюнча картаң сойкулар үчүн Карылар үйү ачылды. Кармен өзү 20 жыл сойкулук менен алектенгендиктен, кээ бир сойкулар картайганда баш калкалоочу жайы жок калышарын жакшы билет. Андыктан алар үчүн атайын үй ачуу керектигин ойлогон.
Карылар үйүнүн короосунда чакан фонтан атылып, бөлмөлөр ыңгайлуу жасалгаланып, өз үйүңдөгүдөй жайлуулукту түзөт. Азыр ал жерде 30 аял жашоодо. Аларды багуу үчүн шаардын мэри каражат бөлүп, жеке ишкерлер да акча которушууда.

“АВАТАРДЫН” ПОРНОВЕРСИЯСЫ ЖАЙЫЛУУДА
Өткөн жылы “Hustler” кинокомпаниясы (АКШ) айтылуу “Аватардын” порноверсиясын – “Бул Аватар эмес XXX” деген тасма тарткан эле. Учурда дүйнөдө аталган фильмге суроо-талап өсүүдө.
Эскерте кетсек, “Hustler” “Бул Аватар эмес XXX” (“This Aint Avatar XXX”) порнофильмин 2010-жылы июнь айында тартып бүткөн. Монтажы сентябрда жасалган. Бул 3D форматында тартылган фильмдердин эң кымбаты болуп саналат. 2010-жылдын 26-октябрында Берлинде өткөн “Venus Erotik Fair-2010” көргөзмө-жарманкесинде аталган фильмдин алгачкы жолу дисктери сатылган. Дисктер бир саат ичинде таланып кеткен.
Башкы ролдордо порножылдыздар Мисти Стоун, Шанель Престон, Даника Диллан жана башкалар ойношот.
Актёрлор ар бир съёмка болор алдында бир нече саат убактысын гримдөөгө жумшашкан. Алар бутунун учунан башына чейин көк боёк менен боёнууга аргасыз болушкан.

ДИЗАЙНЕРЛЕР ПРЕЗЕРВАТИВ ҮЧҮН КЕЙС ОЙЛОП ТАБЫШТЫ
Элестетип көрүңүз: сиздердин жолугушуу аягына чыгып барат, экөөңүздөр тең кумарга батууну самап калдыңыздар. Ушул учурда оору жугузуп албаш үчүн сактануу маселеси жаралды. А сиз, сулуу бийкеч, жылмайган бойдон куруңузду чечип, андагы темир пластинканын ичинен презерватив алып чыктыңыз...
Айымдар үчүн чыгарылган мындай ойлоп табуу европалык дизайнерлерге таандык. Кадимки курдун башын презерватив сакталуучу кейске айлантуу, чынында, кызыктуу чечим. Анчалык чоң эмес темир пластинканын ичине 1 презерватив батат. Анын үстүнө кейс курга көрк да берет.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Evelet
2011-06-27 17:34:58
soonun go kur.
+1
tiletork
2011-06-28 11:21:55
бироо аздык кылат
0
19zamir87
2011-06-28 18:32:05
Мексикада эми сойкулар көбөйөт экен да,карыганда бекер үйдө жашайбыз деп!Ал эми капустадан жасалган жылаңач кыздардын айкелин сугарышып турушат бекен?эми Доци жылаңач эркеттин айкелин жасаса керек сабизден!Эркекттер бизделе курубузга жасап алсак болгудай,запасной болот го дейм зыяны жок!!!
0
Melis-Aruuke
2011-06-30 02:42:21
19zamir87, комент жазганын жакты мага.
0
2011-06-29 02:16:13
сонун ойлоп чыгышыптыр......
0
drakula
2011-06-29 10:57:00
Эркектин бир эле жерин сабизден кылбаса калганын картошкадан жасаса керек.Эркектин бир эле жерин сабизден кылбаса калганын картошкадан жасаса керек.
0
19zamir87
2011-06-29 11:51:44
Бир сабиз,эки картошка калганы можно капуста......
0
Jakurik
2011-06-29 14:05:05
avatirrrlarga jarawpait eken
0
Melis-Aruuke
2011-06-30 02:41:11
Jakurik, хе=хе=хе туурасын айтып коюпсун го доске.
0
LUCHSHY
2011-07-11 14:35:29
Кур жакшы экен, бирок кобурок батканда жакшы болмок ээээ
0
AKAY
2011-07-20 05:40:47
emi kuzdardun kurunan prizrik korsonor tangalbagula.
0
KKushtarbek
2011-08-05 00:57:45
Соолорду кыйратып багып жаткансып, сойкулардын ишине люгота берип жатканы "жакшы" иш окшойт...
0
kassta91
2011-08-19 04:23:02
жакшы нерсе екен
0
ergazy.kgz
2011-10-12 19:57:50
19zamir87 жок е 1 сабиз 2 пияз )))
0
wau
2012-01-09 14:25:34
эми ушул эле модасы жетпей жатты эле, кочодо гамаж менен жургонубуз аз келгенсип эми курубузга презреватив салып журот экенбиз да
0
roland
2013-05-07 19:58:13
кур кыргызстанда барбы?
0
Seitbek.93
2013-10-04 19:04:39
жакшыго куру
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан