БАЛДАР КАЙДАН ЖАРАЛАТ?

Америкалык сексолог айым Шир Хайттын: “Кичинемде аял-эркек жууркандын алдында кызыктай кыймыл-аракеттерди жасап, анан кыйкырышса, мен сүйүүнү оорутуучу нерсе экен, оорутуудан кийин бала жаралат го дечүмүн”,- деп айтканы бар. Биз да белгилүүлөр кичинесинде “бала кайдан жаралат?” деп ойлошконуна кызыктык.

Сакиш:
– Мен 14-15 жашыма чейин эркек кызды кучактап өөп койсо эле бала жаралат экен деп ойлочумун. Анан шаарга окууга келгенимде бар-жокту билген желмогуз кыздардан угуп, таң калгам.

Алекс:
– 4-5 жаштарымда атамдан “мен кантип жаралгам?” деп сурасам, огороддогу капусталарды көрсөтүп, “сени ушулардын арасынан таап алганбыз” деп койчу. “Кантип таап алгансыңар?” десем, “капустанын ичинен жалбырагына оролуп чыккансың” дечү.
Чындыгын 12 жашымда билдим.

Байыш Момунов:
– Кичине кезимде чоңдордун кээ бири “адам топурактан жаралат” деп койсо, “ии, мен да ошентип жаралган экем” деп ишенип калчумун. Айрымдары “бала асмандан түшөт” деп коюшса, ага да ишенип, «асмандан түшүп келе жаткан баланы көрө аламбы?” деп көктү караган кезим да болгон.
Чындыгын 16 жашка чыкканда билгем.

Асылбек Өзүбеков:
– Кичинемде үйдөгүлөр бир бейбаштык кылып койсом эле “сени чийдин түбүнөн таап алганбыз. Бар, ошол чийдин түбүнө” деп ыйлатышчу. Мен болсом “мени багып алышкан да. Ошондуктан ыйлатышат” деп ойлоп, кыжырым келип, анан бат эле унутуп ойноп кетчүмүн. Чий аралап ойногон кездерде үйдөгүлөрдүн сөзү эсиме түшүп, “мага окшотуп бир балдарды таштап кеткен жок бекен?” деп да эки жакты карай берчүмүн.
14 жашымда чындыгын билдим.

Чолпонай:
– Кичине кезимде ушул тууралуу менде кызыгуу деле жаралбаптыр. Эс тартып калганымда, иним, сиңдилерим төрөлгөн учурда “бала апанын ичинде жаралат тура” деп ойлоп калгам.
Чындыгын 8-класста анатомия сабагынан билгем.

Азамат Исмаилов:
– Үйдөгүлөр мени “картошканын арасынан таап алганбыз” дешчү. “Анда мени бирөөлөр таштап кетиптир да” деп “ташталган” өзүмө боорум ооручу.
Чындыгын 12 жашымда билгем.

Эрлан Андашев:
– Мен кичинемде жатак-мектепте окуганмын. Ошол кезде эле бала кантип, кайдан жараларын билчүмүн. Андыктан “кичине балдарды капустанын же чөптүн арасынан таап алат” дегенге ишенчү эмесмин.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Prince
2011-07-06 17:38:15
Алигидот: Баласы менен кызы апасынан сурап "апа биз кайдан жаралганбыз?" анда апасы "силерди капустанын тубунон таап алганбыз" десе анда бири-бирине жылмайып карап "бизди билбейт деп ойлоп атат э?" деген экен.
0
baha55584
2011-07-08 14:00:37
менде андай ой болбоптур мен 12 жашымда кайдан жаралганын билдим
0
CHANKA
2011-08-26 14:10:25
мен болсо аял менен эркек тошокто укташса эле боюнда болуп калат анан аял кокурогунон торойт ошол учун сут чыгат да деп ойлойт элем.кийин чындыгын билгенимде апам менен атамдын уяты жок экен да ойлой берет элем.бала аялдын каеринен чыкканын билгенимде озумдон жаман жиркенгенмин мен чонойгондо эрге да тийбейм торобойм дагы деп.булардын баарын башталгыч класста окуп жургондо эле билип алгам.14-16 жашта билгем деп ордокторун эче учуруп ийишти окшойт.
0
RukaPashnik
2011-10-09 12:48:56
CHANKA, anan azyr 1 2 oonu tashtap koison kerek sen dagy?
0
Soulja_Boy
2011-11-01 10:55:22
oooooooooooobaaa, azyrkylar kyiyyn)))) but bilishet
0
altynkamikola
2011-11-01 12:48:54
Хаха мен эс тарткыча арт жагынан тууйт дечумун.
+1
Chromstyle
2011-11-05 01:56:32
кантип эле 16 жашка чейин эч нерсе билген эмес лапшаларды илбесинчи
0
Mirlanbek1405
2011-11-28 17:41:28
Алигидот:Баласы Атасынан сурап жатат:Мен кантип пайда болгом?Атасы:Биз Апан экообуз туну тошокто тошокту ачып тукуруп койгондо сен пайда болгонсун десе.Эртеси бала да кана мен да коройунчу деп кечинде тошогуно тукуруп жатат.Туруп эле тошогун ачып караса бир таракан журуптур,бир уруп олтуруп койоюн десем Баламсында деген экен.
0
milashka90
2012-05-17 19:13:42
Хехехе мен да кичинемде атам кусуп алган деп эле оилочум.себеби атам ошенте берчу мен кусуп алгам деп.
0
kubanichbek-94
2012-11-04 21:10:42
азыркылар 12 жашында эгизек торотот!!!
0
Bek0101
2013-01-25 05:07:55
men 5 jawymda erke elem apam seni kantip torogom dep suurai berchi a men kamyr jaigandy korsotyp orop orop torogonsyz dei berchim.
0
timatir
2013-03-23 20:41:59
азыркы балдар баарын билет
0
daniel97
2013-09-25 11:35:44
азыркы,балдар.баарын.билсе.кыздар.не.болот.анда???
+1
Shekerbek
2013-09-25 14:39:20
azyrky baldar daje korsotup beriwet kandai kylywty
0
marguni
2016-01-06 20:11:57
силерди капустанын арасынан таап алса биздин уулду интернеттен эле скачать эте койгонбуз
0
gazybekova
2017-04-30 08:18:25
Мен 9 жашымда билгем, эжем айтып берген.
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан