Сыртта жайкы аптап. Күндүн ысыгына карабастан, бул жолу алпаруучу Нурзат Токтосунованы ээн талаага алып барып тамашага салдык. Каарманыбыз тамашаны кантип кабыл алды, чогуу байкайлы.
Нурзатка байланышка чыгып, аны “Супер ТВ” телеканалы “Жылдыздар жаратылышты коргошот” деген жаңы долбоор ачып жатты эле. Конок катары келип бериңиз” деп чакырдык. Съёмканы шаар четинде, кайсы бир аткаминердин жеке менчиги болгон бактан тартмай болдук. Тартуучу топ бул жерде жүргөндө капысынан кримчөйрөнүн “сходнягына” (кримчөйрөдөгү адамдардын чогулушу) туш болот. Албетте, ал жигиттердин ролун алдын ала даярдаган актёрлор аткарышмак.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg