Бишкекте жашаган спортчулар жөнүндө көп жазып келебиз. Бирок аймактарда да туубузду желбирете турган таланттар жок эмес. Бүгүнкү каарманыбыз ошондой таланттардан. Ал жакында эле кикбокс боюнча Дүйнө кубогун багындырып, келечектен көптү үмүттөндүрө турганын далилдей алды.
АМАНКУЛОВ РАШИТ РАХИМЖАНОВИЧ
Туулган жылы – 1987-жыл, 1-декабрь
Туулган жери – Кара-Суу району, Жданов айылы
Бою – 182 сантиметр, салмагы – 90 килограмм
Кумири – Майк Тайсон
Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча КРнын 3 жолку (2009, 2010, 2011) чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси (2011), Вале тудо боюнча Азиянын чемпиону (2011)
Сүйүктүү тасмасы – “Ак илбирстин тукуму”
Билими – ОшМУнун юридикалык факультетинде 4-курста окуйт.
Бойдок. Учурда Ош шаарында жашайт.
– Рашит, куш келипсиң. Маегибизди бийиктиктерге жетелеген балалык кыялдар менен баштасак. Кандай кыялдарың бар эле? Алар орундалдыбы?
– Бала кезде негедир доктур болом деп кыялданчумун. Азыр орундалган жок дебейм, анткени менин жолум такыр башка нук менен кетти. Айылда кикбокс менен машыга баштаган алгачкы күндөн тарта доктур болуу кыялым эстен чыгып калган.
– Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуң? Бир туугандарың эмне менен алектенишет?
– Катардагы карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Үйдө тун уул болгондуктан, ата-энеме эрте кол кабыш кыла баштагам. Атам – Рахимжан, чарбачылык менен алектенет, апам – Санавар, ини-карындаштарымды карап үйдө. Менден кийинки иним жана 3 карындашым орто мектепте окушат. Алардын ичинен спортко ыктагандары жок.
– Айтмакчы, мектепте кандай окуучу элең? Спортчуларга мүнөздүү “3” деген баа менен жакшы тааныш белең?
– «3» менен жакшы тааныш болсом да, жакшы окуган жоон топтун ичинде болчумун. Анан өтө тентек элем. Жогорку класстын балдарын көчөдөн сабап коюп, жумалап мектепке барбай жүргөн күндөр болгон.
– Спорт чөйрөсүнө кандайча баш багып калгансың?
– Мени бул чөйрө менен 4-классымда атамдын кичүү иниси Умар тааныштырган. Бир күнү кык толтурулган капты бакка илип алып машыгып жаткам. Анымды байкап калган Умар агам айылдагы машыгуу залына жетелеп барып, алгачкы машыктыруучум Шайырбек Ажималиевдин колуна тапшырган.
– Жаш чагыңдан шыктанганыңа караганда үй-бүлөдө бирөө-жарым спортко жакын болсо керек?
– Атамдын кээде гана күрөшкө түшүп калганы болбосо, үй-бүлөдө эч ким спорт менен машыкпайт. Мага Майк Тайсонду укмуш жомоктотуп айтышчу. Майктын ар бир беттешин зор ынтызарлык менен көрөр элем. Балким, ошонун таасирин алгандырмын.
– Анан олуттуу түрдө машыгууга качан өткөнсүң?
– Аскерден кийин баштагам. Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жүргөндө машыктыруучум “Мухаммед-Умар” клубу менен макулдашып койгон экен, келерим менен Ошко жөнөттү. Ошондон тарта “Мухаммед-Умарда” катуу тартип менен олуттуу түрдө машыгып келем.
– Ата-энең эрежесиз мушташка чыгышыңды колдойбу?
– Башында катуу каршылык көргөзүшкөнү менен, ийгиликтерге жетише баштаганда колдой башташты. Азыр да кээде “койсоңчу, кереги эмне?” деп калышат. Чындыгында, эрежесиз мушташ өтө кооптуу. Кармаш алдында “өмүргө коркунуч келе турган болсо, мен үчүн эч ким жооп бербейт” деп макулдашууга кол коюшуң керек. Анан эрежесиз урушта мени “акча үчүн башын тобокелге сайып жатат” деп көп айтышат. Эрежесиз эр урушта мен үчүн башкысы акча эмес, өз күчүмдү сыноо маанилүү.
– Биздин спортчулардын спорттон иштеп тапкан акчалары жетиштүүбү?
– Жетсе да, жетпесе да, кошумча акча булагы сөзсүз болуш керек. Анткени спорттон табылган акча кайра эле ден соолукту калыпка келтирүүгө, спорттук жабдуулар менен камсыз болууга жумшалат. Ал эми биздин өлкөдө спорт менен акча тапса болоруна 2009-жылы Максим Бакиев уюштурган уруш түрүндөгү самбо боюнча эл аралык мелдеште жеңип чыкканда көзүм жеткен. Анда чемпион болуп, энчиме 3 миң доллар тийген эле.
– Айтсаң, сенин оюңча, кыргыз спортунун келечеги барбы?
– Бүгүнкү күндөгү кыргыз жаштарынын спорттогу жетишкендиктерин карап, келечеги жок деп айтууга болбойт. Буюрса, жакынкы жылдары бизден Олимпиада чемпиондору, Дүйнө чемпиондору чыгарынан күмөнүм жок.
– Жакын досуң Кылыч Саркарбаев экөөңөр мелдештерде кезигип калсаңар, мушташпай туруп, кезек менен бири-бириңерге жеңилип бересиңер. Эмнеге мушташпайсыңар? Эгер кармашсаңар, ким жеңет деп ойлойсуң?
– Кылыч экөөбүздүн достугубуз мындан 8 жыл мурун Кара-Суудагы базарда иштеп жүргөндө башталган. Дос катары бири-бирибизди жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Машыгуу учурунда көп эле мушташабыз, бирок достугубузду акча же наамдан жогору коюп, эл алдында мушташпайбыз деп убадалашканбыз. Сыйлуу адамдар атайын биздин кармашыбызды көрүү үчүн келишсе, аларга канааттандырарлык беттеш тартуулоо үчүн гана убадабызды бузушубуз мүмкүн. Кылыч мага караганда көбүрөөк ийгиликке жетишкен, демек, тажрыйбасы мол. Эгер мушташып калсак, жеңиш ал тарапта болот деп ойлойм.
– Учурдагы ийгиликтериңди эмнеге жоруйсуң жана бийиктиктер үчүн кимге карызсың?
– Ийгиликтеримдин баарын аракетиме, зор эмгек жана маңдай териме жоруйм. Эң оболу, оомат, күч берген Кудайга, анан асыл адамдарым – ата-энеме миң мертебе ыраазымын. Анан да ар бир багынткан чоку үчүн, албетте, мага багыт берип, пайымды түптөп, “Мухаммед-Умарга” апкелген алгачкы машыктыруучум Шайырбек Ажималиевге карызмын. Андан тышкары Оштогу бокс залындагы устатым Валентин Далининге жана “Мухаммед-Умардагы” машыктыруучуларым Мухаммед Курбанов, Бакыт Жусупов, Улук Өмүрзаков агайларга рахмат айтам.
– Жеңиштериңдин сыры эмнеде?
– Жеңишимдин сыры – ар дайым катуу тартиптеги машыгуунун үстүндө жүргөнүмдө. Анан да ар бир атаандашым ким болбосун, сыйлап, маани берүү менен мушташам. Ал эми рингдеги алгачкы кадамымды атаандаштын кайсы спорт менен машыгарын жана анын алсыз тараптарын аныктоодон баштайм. Атаандашты окуп-талдап бүткөн соң гана жеңиш үчүн кызуу аракет көрө баштайм. Дагы бир сыры деп ар бир мелдешке аттанып жатканда 90го таяп калган Максым чоң атамдын берген батасын айтат элем.
– Кай бир чыгаан спортчулар кримчөйрөгө аралашып кетишет. Сага да сунуштар түшүп жатабы?
– Жок. Өзүм кылмышкерлерге каршы иштеп туруп, ал чөйрөгө аралаша албайм. Дегеним, учурда Ош шаардык ИИБинин “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүндө эмгектенем.
– Бир үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөнгө даяр турбайсыңбы. Качан үй-бүлө курайын деп жатасың?
– Үйдөгүлөр да айтып жатышат, келиндүү кыл деп. Учурда күз айларында өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке катуу даярданып жатам. Буюрса, андан ийгиликтүү кайтсам, ылайыктуу кыз таап, үйлөнөм.
– Рахмат, маегиңе, ийгилик!
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg