Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.
– Экөөбүздүн 2 уулубуз бар. Улуусу эки жарым жашта, кичүүсүнө 9 ай болду. Бишкекте турабыз. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп, бири-бирибизди сүйүп турмуш курганбыз. Биздин чогуу жашаганыбызга жакында 5 жыл болот. Ал менден 16 жаш улуу. Кесиби боюнча мугалим, бирок азыр жеке ишкер. Күйөөмдүн мурунку аялынан 4 кызы бар. Эки кызы турмушка чыккан, кичинелери апасы менен күйөөмдүн Жалал-Абаддагы 2 кабат үйүндө жашашат. Эң кичүүсү быйыл 10-классты бүттү.
Биринчи аялы уул бала төрөбөгөндүктөн, күйөөм үйүн аларга таштап, өзү чыгып кеткен. Мени менен сүйлөшүп жүргөндө “аялым менен ажырашам. Мага эркек бала керек. Мен сени сүйөм, сага үйлөнөм” деп бир туугандарыма да айтканынан макул болгом. Экөөбүз чоң той берип, туугандарыбыздын баарын чакырып батасын алып баш кошконбуз.
Биз бактылуу эле жашайбыз, болгону, мурунку аялы менен кыздары биздин жашоого көп кийлигишишет. Түшүнбөстүк көп болгондуктан, күйөөмдү кыздары менен да катташтырбай койгом. Бирок күйөөм дале мен жокто алар менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, акчалай жардам берип турат. Кантсе да кыздары да, катташа берсин десем, мен жөнүндө ар кандай ушак-айыңдарды чыгарышып, күйөөм экөөбүздү көп уруштура турган болушту.
Ушул убакка чейин жолдошум канчалык аракет кылбасын, биринчи аялы ажырашууга макулдук бербей келүүдө. Анткени сот аркылуу ажырашса, азыр алар жашап жаткан 2 кабат үй бөлүнөт экен. Ошондон коркуп жатат окшойт. “Бизге үйдүн деле кереги жок. Батирде жашасак да, тынчыраак жашайлы” деп күйөөм үйдөн да баш тартты. Бирок аялы ажырашууга макул эмес. Мага никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк керек болууда. Балдарыбыз чоңоюп келатышат, аларды атасына жаздырсак дейм.
Аялы, кыздары качанга чейин биздин жашоого кийлигише беришет? Же биринчи аялы менен ажырашууга күйөөмдүн өзүнүн көңүлү жокпу? Кеңешиңиздерди берсеңиздер.
Айнура, 31 жашта, Бишкек шаары.
– Айнура, “бирөөнүн көз жашынан өз бактыңды кура албайсың” дегенди эске алсаңыз болмок. Сизге чейин курулган үй-бүлөнүн өздөрүнүн баалуулугу, бактысы, балдары бар эле да. Мунун далили – азыркыга чейин жолдошуңуздун кыздары менен катташып турушу.
Кантип күйөөңүздү кыздары менен катыштырбай коё аласыз?! Андай кадамга сиздин моралдык укугуңуз барбы? Сиз өзүңүздү мурунку аялынын ордуна коюп көрүңүз да, балдарыңызды кыздардын ордуна коюп көрүңүз. Эки үй-бүлөнүн ортосунда чарчаган күйөөңүз үчүнчү турмушту тандаса, сизге суз мамиле жасаса, эмне кылар элеңиз? Ириде сиз ушул суроолорго жооп берүү менен өз позицияңызды так аныктап алыңыз. Андан кийин аялдык, энелик мээримиңиз менен ал кыздарды да өз кызыңыздай көрүп, үй-бүлөнүн бейпилдигин сактоого аракет кылыңыз. Күйөөңүздүн биринчи үй-бүлөсү менен чыркырашып отуруп аягында эмнеге ээ болосуз, бул жагын да ойлонуңуз.
Аялдардагы кечиримдүүлүк, чыдамдуулук эркектерге көп мүнөздүү эмес. Ызы-чуунун көбөйүшү, ар тараптан кескин түрдө тыюу салуунун өзү эркектин жүрүм-турумун, мүнөзүн өзгөртүп жибериши мүмкүн. Бул кыйроого, талкаланууга алып келет.
– 2010-жылдын июнундагы каргашалуу Ош окуясында көптөгөн энелер сыяктуу эле мен да алмончоктой кызымдан айрылып калдым. Кызым кокустан эле балконго чыга калып, ок тийип каза тапты. Канчалык чыркырасак да, өмүрүн сактап кала алган жокпуз. 3-класста окуган кызда эмне күнөө эле? Он гүлүнүн бири ачылбай, жашоону көрбөй кете берди. Мендей болуп баласынан айрылып, кара кийип, кан жутуп калгандар канча? Айла жок, үнүбүз Кудайга жетип, сыздап калдык. Бир жыл убакыт жөн жүргөн адамга тез эле өтсө, жакынын жоготкондор үчүн бир күнү бир кылымга тете болду. Ошол каргашалуу күн мына бүгүн болгондой көз алдымда турат.
Жашоо улана берет экен да, калган балдарымды ойлоп жашап келем. Жакында эле өкмөт жардам катары бизге Оштон квартира берди. Үй-бүлөм менен ал квартирага көчүп келдик. Бирок бизди аябай кабатыр кылган бир нерсе болууда. Тагыраак айтканда, кызымдын куну катары келген квартирада балдарым менен жашоо оор болууда. Кызыңдын алдында күнөө кылгандай болот экенсиң. Квартиранын ордуна акча алсак деле, кызымдын элеси көз алдымда турат болчу. Квартира мага кыз болуп берет беле? Бассам-турсам кызым оюмдан кетпейт. Квартираны кайра мамлекетке тапшырсакпы деп жатабыз. Биз туура кылып жатабызбы? Кеңеш берсеңиздер.
Айжамал, 36 жашта, Ош шаары.
– Айжамал, эненин кайгысынан, көз жашынан, муңунан өткөн кайгы жок бул дүйнөдө. Эне катары, психолог катары сиздин кайгыңызды тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жашоонун мыйзамы ушундай экен. Эми кырсык болгон соң жашоо ушуну менен токтоп калган жок да. Башка балдарыңыз, жолдошуңуз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз бар. Аларга сиз керексиз.
Айжамал, сиз бул кырсыктан улам ички карама-каршылыкка кабылып отурасыз, “берилген үй – кызымдын куну” деп. Мындан чыгуу үчүн адамга эрк керек. Эркиңизди бек кармап, чечкиндүү чечим кабыл алыңыз. Чайналып ойго малынбай, мындан аркы жашоодо сизге үй керектигин же керек эместигин чечиңиз. Мындай чечимди кабыл алуу, менимче, оор эмес. Керек эмес болсо, берип салыңыз. Балдарыма керек десеңиз, өзүңүздү (“кун алдым” деп) күнөөлөбөй эле жашай бериңиз.
Сизге бул сөздү айтуунун өзү эле оор, бирок болор иш болуп, боёосу кангандан кийин деп айтууга туура келүүдө. Өзүңүзгө окшогон энелер кайгырышпасын, бейкүнөө наристелерге ок тийбесин, улуттар бөөдө кагылышпасын десеңиз, берилген үйдө жашап, жогорудагыдай кырсыкты болтурбоо багытында активдүү иш алып барыңыз. Бул багытта алып барган ар бир ишиңиз опол тоого барабар болот.
Суроолорго психолог,
Жусуп Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Наралиева Бермет Каратаевна
жооп берди.
Жыпара Досумбетова
kenesh@super.kg