Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин чакыруусу менен Москвадагы мекендештерибиздин жашоосу, элчиликтин алпарып жаткан иши тууралуу билүү үчүн сапар тарттым. Кесиптик “оорум” кармап аэропорттон эле баштадым жумушумду. Жашы 74төгү эне “балдарым Москвада, неберелеримди караганга мени чакырышканынан баратам” деп жалооруса, 22деги келин “айылымдан алыс чыгып көрбөгөм, эки балам айылда калды” деп муңканат. Муңайба, мекендеш, жакшылыктан үмүт үзбө деп макалага орун берели.
ЭЛ ҮМҮТҮ ЭЛЧИЛИКТЕ
Москванын кең көчөлөрүн аралап жүрүп отуруп, биздин элчилик жайгашкан имаратка да жеттик. Имаратта кыргыздын кызыл желегинин желбиреп турушу эле канчалык кубат берерин мигранттар мага караганда алда канча жакшы сезишсе керек. Элчиликтин мейманканасына токтоп, ашканасына баш бактым. Төбөсүндөгү түндүктү, оймо-чийме түшүрүлгөн отургучтарды, менюсунда казы-карта, кымыз-айраны бар экенин көргөндө барган кыргыз бир кудуңдап аларында шек жок. Радиодон барган кесиптешим Кубат Чекиров экөөбүздү элчиликтен Анара Абдрахманова тосуп алып, элчи менен жолуктурду. Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чиналиев УлукбекКожомжаровичтин “Кыргызстан кандай, элибиз аманбы?” деген сөзүнөн анын мекенге болгон кусасы, ой толгоосу байкалды. Өз сөзүндө элчи:
«Орусиянын түрдүү облустарында биздин миңдеген мекендештерибиз тиричилик кылып жүрүшөт. Биз, кыргыздар, бөтөн жерде башкалардын арасында өз жүзүбүздү, аброюбузду түшүргөн эмеспиз.
Элчилик – кыргыздардын Орусиядагы бирден-бир таянар, сүйөнөр үйү. Боордошторубуз бизге миң түркүн көйгөйүн, сүйүнүчүн айтканы келишет. Бул жер кыргыздын боз үйү сымал. Боз үйгө кирген адамга эч качан кыргыз жаман сөз айткан эмес. Андыктан элчиликке кайрылган журтташтарыбызды капа кылып чыгаруудан алыспыз. Кыргыздын мыкты сапатын баса белгилеп айтайын. Башына мүшкүл иш түшсө да эч качан “жаман” деп айтпайт. “Кандайсың?” десең, сөзсүз түрдө “жакшымын” деп жооп берет. Андыктан кыргыздар, орус элине же башка улуттарга өзүбүздүн жалаң жакшы сапатыбызды, эмгекчилдигибизди, намыскөйлүгүбүздү көрсөтөлү деп аракет кылабыз»,- деди.
“МИГРАНТТАР МИЛЛИОНГО ЖЕТЕТ” ДЕШЕТ
“Элчиликтин атын жамынып жасалма документтерди жасап берип, биздин мекендештерди сызга отургузган шылуундар көп”,- дейт элчинин кеңешчиси Болотбек Мукашев. Орто жолдон акча тапкысы келген кыргыз шылуундары кайра эле кыргызды какшатканы кейиштүү. Күнүнө элчиликтин эшигинен 150-200гө жакын кыргызды кезиктиресиң. Алардын маселеси болуп Орусия аймагында утурумдук жашоого, жумушка уруксат кагазын алуу сыяктуу бир топ документ иштери эсептелет. Дагы бирлери укуктук жактан жардам сурап кайрылышса, дагы бирөөлөр орус жарандыгын алыш керек деген көйгөй менен алек. Мындайда, албетте, элчилик жардамга келет. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дейт. Анын сыңары, элчиликтин кызматкерлери журтташтарга боор тартып, керек учурда өздөрүнүн маянасынан топтоп болсо да мекенине кайтууга көмөк берерин угуп ичиң жылыйт. Ошол эле учурда элчилик жардам сурап келгендин баарына көмөк көрсөтүп, маселесин чечип салды деп кесе айткандан да алыспыз.
Так эмес маалымат боюнча, Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны миллионго жетет. Бирок Орусиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыркы жылы 553 миң кыргыз жараны Орусия аймагына кирген. Ошол эле мезгилде 503 миңи кайра чыккан. Мындан сырткары 102 миң кыргыз жараны жумушка уруксат берүү күбөлүгү менен иштегени аныкталган. Быйылкы жылдын эсеби менен 300 миңге жакын кыргызстандык орус атуулдугун алышкан.
“Мигранттардын саны көбөйгөн сайын Орусия тартипти катуу көзөмөлдөй баштады. Мигранттарга болгон квота 2007-2010-жылга 6 миллиондон 1 миллион 300 миңге түштү. Квота азайган сайын биздикилерде кыйынчылыктар көп болууда”,- дейт Болотбек Мукашев. Болот мырзанын маалыматында, элчиликке таптакыр тиешеси жок документ жасоо боюнча 20 чакты орусиялык фирма бар. Мисалы, Москвада бир жылдык жумушка уруксат берүү кагазынын баасы 15 миң рубль турса, орус жарандыгын алуу 30 миң рубль, дайымкы жашай турган жерине каттоого туруу 25-30 миң рублду түзөт экен.
МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНБЕЙТ
Биздин кийинки жолугушуу Москвадагы кыргыз диаспоралардын, бирикмелердин өкүлдөрү менен болду. “Москва көз жашка ишенбейт” деген кеп биздин мекендештерге куп эле жарашчудай. Анткени жашы 18ге толо элек, балтыр эти ката элек балдар-кыздардын 16-18 саатка созулган кара жумушта иштеп жатканын угуп кейийсиң. Мектепти бүтүп-бүтпөй Орусияга жумуш издеп баргандардын түркүн тагдырга кабылышын, тил көйгөйүн, укуктук жактан кыйналган учурларын санап бүтө алышпайт. «Айланайындар, балдарыңарды жөнөтөрдөн мурда токсон толгонуп туруп, ишеничтүү бирөө болсо гана жөнөткүлөчү!» деп да билдирүү жасадык» дешет. Мындан сырткары, бир бөлмөдө 20 чакты адам жашап, натыйжада “меникин сен жеп койдуң!”, “менин аялыма эмне көз артасың?!” сыяктуу көр тириликтин көйгөйлөрүн күйүп-бышуу менен айтышты. Кыскасы, журтташтардын көйгөйлүү маселелери мына ушундай.
Медалдын эки тарабы болгондой эле, Москвада окуп, окуусун улантып, илимдүү-билимдүү болгон мекендештер жок эмес. Мейли медицина, маданият, экономика тармагын алып карабайлы, өз ишин мыкты билип, иши жүрүшүп, ити чөп жеген кыргыздар бар. Бала-чакасынын, ата-энесинин камын ойлоп, түркүн иште түйшөлбөй иштеген жарандарыбыз арбын. Жөнөкөй эле бир мисал, Москвадагы медициналык борборго бардык. «Маяк» аттуу борбордо кыргызстандык 14 врач эмгектенет. Өз каражаттарынын эсебинен ачылган бул борбордо мекендештерге жеңилдиктерди беришет.
ЖОЛУҢДАН ЖОЛУККАНДЫН КӨБҮ КЫРГЫЗ
Кызыл аянтта ар бир экинчи суу саткан адам кыргыз болуп чыкты. “Силерди кызыл шапкечендер кармабайбы?” деп сурадык бир кыргыз кыздан. “Жок, анткени мен Орусиянын жаранымын да” деген жоопту уктук. Кафеге кирсең ашпозчусу, официанты кыргыз, көчөгө чыксаң көчө шыпырганы кыргыз, электричкага түшсөң аны жууганы деле, аэропортко келсең кызмат кылганы да кыргыз. Кыскасы, жолуңдан жолуккандын көбү кыргыз. Электричканы күтүп отурсак, ар бир токтогон электричкадан шыпыргы-чакасын көтөрүп кызыл жүздүү кыргызым түшөт.
“Оштон келгем. Айлыгым 15-17 миң рубль. Жумушум оор. Кыргызстанда ушинтип иштебейт болчумун”,- деп бозорот бир боордошубуз.
Ала-Тоодон алыста жүргөн жердештерибиздин тагдыры тууралуу жаза берсек, кагаз бети түтчүдөй эмес. Келерки санды күтүңүз, кыз-келиндердин тагдыры тууралуу баяндайбыз.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg