Ал сулуу жана табышмактуу. Голливудда аны акылдуу жана сексуалдуу дешет. Анан да Натали Портман ийгиликтин куйругун бек кармап, өзү теңдүү актрисалардын эч кимисин алдына салбай келет.
ДАҢКТАН КӨРӨ ИЛИМ ПАЙДАЛУУРААК
Натали Портман Авнер Хершлаг жана Шелли Стивенстин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы тукумсуздукту айыктыруучу дарыгер, апасы үй кожойкеси. Анда орустардын да каны бар экени айтылып келет. “Портман” деген псевдоним таенесинин фамилиясынан алынган. Вашингтон шаарында жашап жүргөндө болочок актриса жөөттөрдүн Чарльз Смит мектебине барып, эне тилин үйрөнөт.
1990-жылы үй-бүлө Нью-Йорк шаарына көчүп келет. Жаш актриса эки өлкөнүн (АКШ жана Израиль) атуулу. Портман бул тууралуу “мен Американы аябай жакшы көрөм, бирок менин жүрөгүм Израилде” деп айтканы бар. 4 жашынан бийге катышып, жергиликтүү балет труппасында бийлеп жүргөн актрисанын таланты кичинесинен эле байкалган.
1998-жылы мектепти аяктап жатканда “Суутекти татаал зат катары иштеп чыгуу” аталыштагы илимий ишти Ян Херли жана Жонатон Вудвард менен биргеликте жазып чыккан. Актрисадан ата-энеси илимий кызматкерди күткөндүктөн, анын актрисалыкты тандаганы аларды бир топ эле таң калтырган. Бирок Натали искусство менен илимди айкалыштырып үлгүрөм деп ойлоп, илимий сынактын жарым финалына чейин барган.
2003-жылы Гарвард университетинин психология бөлүмүн аяктаган. Натали: “Окуум карьерама тоскоолдук жаратып жатат деп капа болбойм. Мага киножылдыз болгондон көрө, билимдүү болгон жагат”,- дейт. Ошондой эле Портман англис, иврит, француз, немис, япон, араб тилдеринде сүйлөй алат.
Британиялык изилдөөлөрдүн негизинде Голливуд актрисаларынын ичинен бийик интеллект боюнча 2-орунда Натали Портман, 1-орунда актриса Кейт Бекинсэйл турат.
ТАСМА ТАЛААСЫНДА
10 жашында Наталинин актрисалык дебюту башталып, драмада роль ойногон. Ал эми 1994-жылы ал Люк Бессондун “Леон” фильмине кастингге катышып, баш каарман Матильданын образын жараткан. Өспүрүм Матильданын ролу аны дүйнөгө тааныткан алгачкы ролдорунун бири. Ошондон кийин актрисанын жылдызы жанып, фильмдер ага биринен сала бири атак-даңк алып келе баштайт. Алардын катарына “Жакындык” (“Близость”), “Кара ак куу” (“Чёрный лебедь”), “Болейндердин дагы бир тукуму” (“Ещё одна из рода Болейн”) аттуу тасмаларды кошсок болот.
ЭНЕ БОЛУУ БАКТЫСЫН БЕЛЕК КЫЛЫП...
Аны жакындан билгендер “Наталинин мүнөзү өтө түнт” деп баа беришет. Актриса буга чейин жеке жашоосун эч кимге айтпай келген. Ошентсе да маалымат айдыңында Портмандын актёрлор Гаэлем Гарсиа Бернал жана Жейк Жилленхал менен сүйүү романы болгону айтылып келет.
Учурда актриса “Кара ак куу” тасмасынан тапкан махабаты – хореограф Бенжамен Мильпье менен жарандык никеде жашайт. Бенжамендин улуту да жөөт. Актриса балдарын дайыма жөөттөрдүн салты менен тарбиялоону кыялданчу. Бул кыялы ишке ашып, 15-июнда Портман эркек балалуу болду. Быйыл “Жылдын эң мыкты актрисасы” атагын алган Натали Портман “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде: “Ийгилигим үчүн Бенжаменге терең ыраазычылыгымды билдирем. Ал менин тасмадагы машыктыруучум гана эмес, жашоомдогу эң сонун ролду белек кылды. Мага эне болуу бактысын тартуулады”,- деп көзүнө жаш алган.
Лунара Бекиева
star@super.kg