«СУПЕР СУЛУУ-2011» сынагы боюнча өткөн аптадагы
SMS добуш берүүнүн жыйынтыгында Айзада 24 добуш алып финалга чыкты.
Ал эми Айжанга келген 8 добуш катышуучунун катар номерине кошо аты
жазылганына байланыштуу эсептелген жок.
СУПЕР СУЛУУ БОЛ!
“Супер сулуу-2011” сынагына 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Жыл аягына чейин ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү чыгып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, 1050 кыска номери аркылуу добуш берип тандап алышат. Эскертебиз, сулуу бийкечтердин тагдыры сиздин гана колуңузда, кадырлуу окурман! 1-турдан өткөн кыздар финалга катышышат. Алгач финалга чыккандардын купальникчен сүрөттөрү гезит бетине жарыяланат. Андан соң алардын ичинен шоу-сынактын негизинде баш байге ээси аныкталат.
Байланыш телефону: 0312 32-33-26.
СУЛУУЛАРДАН ДОБУШУҢУЗДУ АЯБАҢЫЗ!
Гезит бетине чыккан сулууларга добуш берүү үчүн сулуунун атын эмес, катар номерин (44 же 55) терип, 1050 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын бейшемби күнү саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Добуш берүү сынак соңуна чыккыча ушундай тартипте өтөт. Ал эми катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номерине SMS жөнөтүү аркылуу билсеңиздер болот.
Megacom, Nexi жана О! компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы 43 сом,
Beeline жана Кател компанияларынын абоненттери үчүн
1 SMS баасы 0, 90$. Бардык төлөмдөрүн кошкондо.
Эскертүү: Фонекс уюлдук операторунан келген SMS билдирүүлөр кабыл алынбайт.