Балакайлар, сүйүктүү панда По кайрадан силер менен. “Устатынан шакирти өтүптүр” дегендей, “Кунг-фу панданын” уландысы 1-бөлүктөн мыкты тартылган” деген кептер айтылууда. Анда бүгүн бизде конокто “Кунг-фу панда-2”.
Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Комедия
Режиссёру – Женнифер Ю
Сценарийин жазгандар – Жонатан Айбел, Саймон Уэллс, Гленн Бергер
Композиторлор – Жон Пауэлл, Ханс Циммер
Сүрөтчүлөр – Рэймонд Зибах, Тэнг Кхенг Хенг
Бюджети – 150 миллион доллар
Кирешеси – 433 миллион доллар (бет ачары болгон 22-майдан өткөн аптага чейин)
ПОНУН КЕЗЕКТЕГИ ОКУЯЛАРЫ
По Тынчтык өрөөнүндө жашап, аны кунг-фу чеберлери болгон достору – легендарлуу 5 жоокер менен бирге душмандардан коргойт. Понун тынч жашоосун Шен аттуу лорд бузат. Ал жашыруун курал менен Кытай өлкөсүн багындырмакчы болот. Дагы бир тилеги – кунг-фу чеберчилигин орду-түбү менен жоготуу эле. Кунг-фудан күчтүү куралды кантип жеңүүгө болот? По табышмактын жандырмагын табуу үчүн өзүнүн өткөн өмүрүнө кайрылышы керек эле. Понун түпкү ата-тегин Шендин көзү ачыгы айтып берет. Көрсө, Шен качандыр бир кезде жолуна панда кедерги болорун көзү ачыгы аркылуу билип, пандаларды тукум курут кылат. Бирок кокустук менен По аман калган экен. Муну билгенден кийин По душманга каршы туруп, Шенди жеңип, бакма атасына кайтып келгени менен тасма аяктайт.
КЕП ПАНДАДА ЭМЕС, РЕЖИССЁРЛОРДО
Эгерде башкы каарман – По адам болгондо, дүйнөдөгү кол жеткис «мачого» айланса керек эле. Анткени бет ачары болгон аптада Жонни Деппти жолго таштап, (“Кариб деңизинин каракчылары-4” тасмасынын бет ачары да май айларына туш келет) жылдын эң сүйүктүү каарманына айлана алды. “Кунг-фу панда” кандай ийгиликке жетишкенин билсеңиз керек. Уландысы 1-бөлүгүн алты кадам артка таштады көрүнөт. Себеби тасма 1 аптада 66 миллион доллар топтогонго жетишкен (1-бөлүк 53 миллион жыйнаган).
Дагы бир таң калычтуу жагдай бар. Байкоочулардын айтымында, аталган тасманын күйөрмандарынын 80 пайызын эркектер түзгөн. Алардын жарымы 25 жаштан ылдыйкыларды түзсө, жарымы жаш балдар жана орто жаштагы адамдар. Сынчылардын пикиринде, 2-бөлүктө күлкүлүү окуя азыраак, драмага көбүрөөк орун берилген. Буга режиссёрлор алмашып, 2-бөлүктү Женнифер Ю айым тарткандыгы да себеп болгон. Панда тууралуу окуянын баштапкы демилгечиси да ушул режиссёр айым экенин айта кетсек.
ПОГО ТАТЫКТУУ АТА КЕРЕК
Эмне үчүн панданын атасы каз? 1-бөлүктө эле баш каармандын атасы жок болуш керек деп чечишкен. Бирок жаратуучулар Пону эр жүрөк кылып тарбиялоо үчүн кимдир бирөө керек экенин ойлошкон. Пого ата болуу да оңой эмес көрүнөт, бул ролго коёнду, карышкырды, өрдөктү сунушташкан. Бирок режиссёрго акыркы тартылган айбаттуу ата – каздын сүрөтү жагып калат. Мырза Пиндин ролу ушинтип жаралган.
«Dream Works» студиясы креативдүү эмгектерди жаратып, дүйнөгө мыкты тасмаларды арнап келет. Студиядан «Шрек», «Мерчемсиз мээ» «Кунг-фу панда», «Мадагаскар» сыяктуу анимациялык тасмалар жарык көргөн.
КЫТАЙ, ЭКЗОТИКА ЖАНА ПАНДАЛАР
«Тасмада жөнөкөй нерсеге орун жок» деп тасманы тартуучу топ Кытайга сапар алат. «Кытай дубалы, храмдар, ак сарайлар тартылган сүрөттөрдү тасмага толук колдондук. Тасмадагы ар бир кыш, таш реалдуулуктан алынган»,- дейт режиссёр айым. Тасмага Пинъяо шаары, Пекин шаарындагы монастыр, Сычуань өрөөнүндөгү панда коругу пайдаланылган. Аниматорлор коруктагы пандалардын кыймылдаганын, бири-бири менен болгон мамилесин байкап отуруп, Понун образын толук иштеп чыгышкан. Родольф Гуэноден аттуу аниматор: «Брюс Лидей легендарлуу чыгыш күрөшүнүн чеберин берели деген максатыбыз жок. Биз кунг-фу өнөрүн пандалардын стили менен бергибиз келди»,- дейт. Биз көрүп, ырахат алып жаткан тасмага 2 жыл убакыт жана 200дөн ашык адамдын эмгеги талап кылынган. Баса, Понун окуясы ушуну менен эле бүтпөйт. Тасманын аягында «уулум, сен тирүүсүңбү?» деп чыга калган картаң панда жана анын жанындагы ургаачы пандалар жөн жерден эмес. Муну кино жаратуучулардын көрөрмандарды кийинки бөлүккө кызыктырган тузагы деп билсек болот. По атасын таап, жанагы эки сулуунун бирине ашык болорун болжолдосок болот. Аниматорлордун билдирүүсүндө, «Кунг-фу панда-3» тасмасы 3 жылдын аралыгында жарык көрөт. Ага Чак Норрис жана Стивен Сигал үн кошору айтылууда.
КЫТАЙЛАР ЧЫЧАЛАП...
4-июнда Пекинде маалымат жыйын өтүп, тасманы сатыктан алып салуу маселеси козголгон. Кытай сүрөтчүсү Чжао Бань «кытайлардын маданиятына америкалыктар кол салып жатат. Маданиятыбыз америкалыктардын баалуулуктарын пропагандалоо максатында гана колдонулган. Көп жери өзгөртүлгөн» деген пикирин айткан. Бирок бир катар пикирлер болгону менен, Кытайда тасма сатыктан алынган жок.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg