Мамлекеттин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык бейпилдиги, туруктуулугу Баш мыйзам ыйык тутулганда жана кол тийбестиги камсыз болгондо ишке ашары белгилүү. Анын акыйкатын тарыхтын өзү эбак далилдеген. Мисалы, АКШнын гүлдөп-өсүп, улуу державага айланышына америкалыктардын Конституциясынын 200 жылдан ашык мезгилден бери өзгөрүүсүз келатканы, кебелбестиги өбөлгө болгону белгилүү. Ал эми бизде, тескерисинче, Конституция баланын оюнчугуна айланып кеткендигинен улам системдик кризистен арылбай келатабыз.
ӨТКӨНГӨ КЫСКАЧА ЭКСКУРС
Кыргызстандын 20 жылдык көз карандысыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында эки президент алмашты. Азыркысы үчүнчүсү. Мурдагылар – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев эл-жерден безип, чет өлкөдө тентип жүрүшөт. Алардыкындай кейиштүү тагдырды душманыңа да ыраа көрбөс элең. Экс-президенттердин качып, тактап айтканда, кубаланып кетишине эмне себеп болду? Алар, түзүн айтканда, өздөрүнө өздөрү кылышты. Кеп чыдамы түгөнүп жапа тырмак көтөрүлгөн элде эмес, экс-ажолордун өздөрүндө ченемсиз чоң айып жатканын моюндарына алышы керек. Эки президенттин берген убадасына, сөздөрүнө турушпагандыгы алардын түбүнө жетти десек болот.
Акаев менен Бакиев мамлекет башына келишкенде “бир гана эл кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, андан башка кенедей да кусаматыбыз жок, демократиялык баалуулуктарды өнүктүрөбүз, улуттук экономиканы рыноктук нукка өткөрүп, модернизациялоону ишке ашырабыз. Ошону менен калктын бардар жашоосун камсыз кылабыз. Бийликтин ээси эл экенин унута турган болсок, бизди каргыш алсын” деп карганышса жанына жан тура алчу эмес. Бирок көп өткөн жок, бийликтин даамын татып, кумарына биротоло кирип алгандан кийин абалкы берген убадаларын тез эле унутушту. Жеке бийликтерин бекемдөө амалы менен алектенип кетишти. Оңой жолу катары экс-президенттер өлкөнүн Конституциясын өздөрүнүн күндөн-күнгө ашып-ташып бараткан бийлик амбицияларын алымсындыруу үчүн өзгөртүүдөн, кайра башынан жазып чыгуудан көрүштү. Натыйжада Баш мыйзамдын ит талаган талпактай болуп тарпы кеткени белгилүү. Кийинки кабыл алынган Конституцияларды оболку 1993-жылкы Баш мыйзам менен салыштырып көрүп, эки президенттин тушунда алардын канчалык кор болгонуна, канчалык кедеринен кеткенине көзүң жетпей койбойт. Улам кийинки Конституция президенттин бийлигин кеңейтүү, чыңоо менен жүрүп отурганын баамдоо кыйынчылыкка турбайт.
Акыры Акаевдин үй-бүлөлүк, Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасын негиздеген суперпрезиденттик Конституция, тапан журналисттер айткандай, «ханституция» пайда болду. Ошону менен диктатордук режимге жол чабылган эле. Ачыгын айтканда, эки экс-президент өлөр-өлгөнгө чейин түшпөс хандыкка, диктатуралык башкарууга даяр болуп калышкан болчу. Айрыкча Бакиев жеке бийлигин сактап калуу үчүн элге ок аттыруудан кайра тартпай, 87 жигиттин канына забын болгону, Июнь каргашасынын чыгышына өбөлгө түзгөнү айтканыбызга ачык далил.
УБАДА ДЕГЕН УБАДА
Үчүнчү президент Роза Отунбаева 2010-жылы элдик референдумда кабыл алынган Конституцияда көрсөтүлгөн жоболорго ылайык, 2011-жылдын этегинде президенттик мөөнөтү бүтөр замат ээлеген кызматын жаңы шайланган мамлекеттин башчысына тапшырып берерин, ошондой эле президенттик кампанияга катышуудан баш тартарын ачык жарыялады. Президент парламенттик башкарууну негиздеген Конституциянын кынтыксыз сакталышын, президенттик шайлоону калыс жана адилет өткөрүү, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү негизги милдетим деп эсептейт.
Президент Роза Отунбаева (анын оппоненттери «легитимдүү президент эмес, анткени референдум аркылуу мамлекет башчысы кызматын ээлеген» деп кине коюп келишет. Асыресе, Роза Исаковнанын «достору» референдум деле, шайлоо деле жалпы элдик плебисцит статусуна ээ экендиги, ошондуктан эл аралык коомчулукта, башкысы, эл ичинде Отунбаева толук кандуу президенттик укукка ээ деп сый көрсөтүлүп турарын моюндарына алгысы келишпейт) Конституцияны кынтыксыз ыйык сактоодон сырткары Апрель революциясынан кийин бийлик жоопкерчилигин моюнуна алган УӨнүн алдындагы берген убадасында бекем турарын да жарыялады. «Ал учурда биздин үстүбүздө Бакиевдердин кара булуту айланып, акчасы дарбазаны баш багып, сагалап турган болчу. Шайлоодо өзүнүн партиясын жана президентин сүйрөп өткөрүп алуу бакиевдер үчүн кыйынчылык жаратпайт эле»,- дейт Роза Исаковна. Андан ары сөзүн улап: «Убактылуу өкмөттүн бир жыйынында «референдум менен парламенттик шайлоо өткөрүп алгандан кийин президенттик шайлоого киришүү маселеси талкууланып калды. Өткөөл мезгилдин президентинин 1,2-3 жылга чейинки мөөнөтү каралып жаткан. Темир Сариев менен Исмаил Исаков ашык-кеми жок бир жылдык мөөнөттү кескин талап кылып чыгышты. Тагдыр чечилип жаткан бул кезеңде эч ким жоопкерчиликти моюнга алгысы келген жок. Мен макул болдум. Ошентип, президент кызматынын мөөнөтү бүткөн соң экинчи жолу талапкердигин койбостугу жөнүндө бизде купуя жана жентелмендик келишим болгон эле»,- деди.
Эгер президент Роза Отунбаева ошондогу берген убадасынын өтөсүнө чыкса, анда өлкөнүн тарыхында эки президенттен кийин биринчи жолу сөзүнө турган, жигиттик убадасын кынтыксыз аткарган үчүнчү эркек президент пайда болот. Ошону менен катар келечекте Роза Исаковнанын таалими (прецеденти) аркылуу Конституцияны сыйлап, Конституция менен иш кылып, Конституция менен жашоонун традициясына жол чабылат деген үмүт пайда болот.
Үсөн Касыбеков
politika@super.kg