ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО НОЯБРДА ӨТӨБҮ?

Октябрда өтүүчү президенттик шайлоонун 1 айга артка жылдырылышынын себеби эмнеде? Муну менен шайлоодо ат салышчу саясатчылар өз кызыкчылыгын коюп жатышабы же президент Роза Отунбаева тактыдан кетүүнү каалабай жатабы?

«ПРЕЗИДЕНТ ИНТРИГАНДАРДЫН СӨЗҮНӨ КИРИП...»
2010-жылдын 27-июндагы жалпы элдик добуш берүүнүн чечими менен президенттик шайлоо быйыл октябрь айында өткөрүлмөк. Эми шайлоону ноябрда өткөрүү сунушталууда. Шайлоонун кечиктирилишине ар ким ар кандай баа берип жатат. Бири «шайлоонун алдында айрым президенттикке талапкерлер саясий упай топтоого жетишпей калуудан чочулап, жылдырышууда» десе, айрымдар «президент тактысынан кеткиси жок» дешүүдө.
23-июндагы ЖКнын пленардык жыйынында бул маселе каралды. Анда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсүн деп болгон аракетти кылды, мыйзамдарды кабыл алды. Ал эми президент Роза Отунбаева «интригандардын сөзүнө кирип» шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алууну 3 айга создуктурду. Учурда шайлоонун артка жылышына парламенттин күнөөсү жок”,- деп билдирди.

«ШАЙЛООНУ КИЙИНКИ ЖЫЛГА КАЛТЫРАЛЫ»
Ушул эле жыйында ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков «Ата Журт» фракциясынын кечээки жыйынында депутат Камчыбек Ташиевдин «президенттин мөөнөтүн дагы бир жыл узартып коёлу» деген сунушун карабайлыбы?..» деген оюн какшык иретинде айтканга үлгүрдү.
Эске салсак, 22-июндагы «Ата Журт» фракциясынын жыйынында Ташиев: «Президенттин шайлоолор боюнча каршы пикирлери өтө деле орчундуу эмес. Бул жерде саясий оюндар болуп жатат. Андыктан президенттик шайлоону кийинки жылга калтыралы. Конституцияны өзгөртөлү»,- деген болчу.
Шайлоонун кечеңдеп жатышы боюнча Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев: «Өкмөт, башта белгилегендей, президенттик шайлоо октябрь айында өтсүн деген пикирде болчу. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясына жаңы системада жоопкерчилик күчөтүлгөндүктөн, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутканга, үйрөткөнгө убакыт керек деп ноябрда өткөрүүнү сунуштаган. Бул сунуш макулдашуу комиссиясы тарабынан жактырылып, президенттик шайлоону 20-ноябрда өткөрүү каралып жатат»,- деп билдирди. Ошондой эле эски тартип боюнча, республикалык бюджеттен президенттик шайлоону өткөрүүгө 177 миллион сом каралгандыгын жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык кошумча 130 миллион сом бөлүнгөнү жаткандыгын айтты.
Роза Отунбаева болсо эл алдында берген убадасына бекем туруп, айтылган мөөнөттө президенттик кызматты таза шайлоонун негизинде тандалган президентке өткөрүп бере тургандыгын белгилеп келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Arstan
2011-06-27 18:42:33
Эч бир саясатчыга ишенич калбай калды го,аман эле болгулачы.
0
kirpik
2011-06-28 02:04:04
мастан ачылып алганбы
0
ismail86
2011-06-30 14:42:09
kirpik, чыыын ал чындап эле мастан!!!!
0
Sezy
2011-06-28 06:56:54
Кирпик оозуна карап суйлочу, озун мастан !!!
0
19zamir87
2011-06-28 10:37:53
Урушканыңарды койгула!!!!!!Эч ким мастан эмес!!!!!Например:Мага жакпайт Роза Отунбаева но эмнеси болсо да биздин Президентибиз сыйлашыбыз керек!!!!
0
jika
2011-06-28 11:54:27
санашым боюнча 177+130=307млн сом шайлоого болунгону жатыптыр,карапайым кыргыз эли учун бул чон суммадагы акча.Ушул акчанын тыйынына чейин кайда кеткенин,ачык айкын элге канчасы кайда сарпталганын далил менен коргозуп беришин каалар элем.Урматтуу СМИлер,НПОлор силердин жардамынар менен,антпесе оз ара бул акча чонтокторго салынып кетет го
0
joraohotnik
2011-06-28 15:32:00
бизге качан элди ойлогон президент келет эл журт!!! бизге эркек президент керек!!!
0
otin
2011-06-30 11:05:26
Дагы убакыт бар толук тушунуп онугушубузго!!!
0
neoline
2011-06-30 23:52:09
урматту роза исаковна сиз да барынызчы акаев менен бакиевдин жанына. бул жерде сиз просто саясий пешка болуп жатасыз. бошоткула местаны азыр жаш дегенинер менен жаштар да чонойду
0
nationalist
2011-07-01 21:00:59
азыркы талапкерлердин баары эски карышкырлар, акаевский и бакиевский режимде жургон адамдар. булар президент болгону м-н эч кандай озгоруу болбойт, кайра эле ошол талап тономойчулук уланат, одним словом умут кылбай эле коюш керек.
0
Debi
2011-07-01 21:16:03
Роза эжедей эркек президент болсо экен, ким болсо дагы
0
Biloliddin
2011-07-02 18:00:59
Акайев менен Бакийевдин алып койгон озгон гуручу коктоп кете турган болду ертерак барыныз Роза еже
0
Biloliddin
2011-07-02 18:02:29
Роза браттай десен Деби
0
Joldosh123
2011-07-03 23:05:03
Ой ой ой эч такыр ишенбейм ушул саясатчыларга Кече эле 5жыл мурун качкан качкындар капчыгын толтурганы келгенго бугун, шайлоону узартып, конститутцианы озгортобуз деп, толбой калган капчыктарды толтурушуп жатышатко дейм, куулуп кетсек аттин дебегидей деп.
0
Joldosh123
2011-07-03 23:16:31
Кыргыз элим ойгонгула шайлоодо акчага алданбагылы келечекти ойлоп, озунду ойлоп кыргыз жерин ойлоп татыктуу элге жерге терин токкон талапкерлерден шайланыздар сиздерден суранычым, Эртен 5-жылдан кийн жерди пири аталган улуу площадыбыз элге толуп жерибиз канга бойолуп кетпесин десениздер тууру ак шайлоо откозушунуздорду суранам деп кыргызды асманга которгон жигитиниздер.
0
elita0688
2011-07-04 09:16:21
Бизге кандай президент болсода эч кандай пайдасы деле жок. А.сыда Б.сыда жеген эми О.суда жеш керек болбосом ......... Бизге иштейтурган президент керек, жей турган эмес. Бизге кандай президент болсода эч кандай пайдасы деле жок. А.сыда Б.сыда жеген эми О.суда жеш керек болбосом ......... Бизге иштейтурган президент керек, жей турган эмес.
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан