КАЙСЫ КЕСИП МААНИЛҮҮ? Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө сунуш

СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР
Жыл сайын жогорку окуу жайларынан экономикалык жана юридикалык адистик боюнча орто эсеп менен алганда 10 миңден ашык студент дипломго ээ болот. Алардын 70 пайызга жакыны иш оруну жетишпегендиктен "ишсиздер армиясынын" санын толукташат. Мындай көрүнүш бүтүрүүчүлөр "келечекте тандаган кесиби боюнча жумуш таап кете аламбы, жокпу?" деген суроого маани бербегендигинен улам жаралууда. Учурда борбор шаарыбызда сулуулук салондорундагы, тигүү цехтериндеги, ашкана, автоунаа оңдоо, курулуш, соода жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан туризм тармагындагы орто жана жогорку кесиптик кызмат орундарына суроо-талап көп. Алардын алган маяналары мамлекеттик иште иштеген кызматкерлерге караганда бир топ жогору жана жашоо-турмушка жетерлик. Алсак, депутаттардын бир айлык маянасы 14 миң сомдон 18 миң сомго чейин болсо, сантехник бир жасаган иши үчүн 1000 сомдон жогору акы алат жана бир заказдык ишти 2-3 саатта бүтүрүп коюуга жетишет. Орто кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 75 пайызы окуусун аяктагандан кийин иш орундары менен камсыз болушат.
Жогоруда аталган адистиктерди даярдоочу Бишкек шаарындагы №10-кесиптик лицейдин директорунун орун басары Эрмек Усупова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мында ашпозчу, кондитер азыктарын даярдоочу, кеңсе катчысы жана чачтарач адистиктери боюнча 15 жаштан 60 жашка чейинкилер билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. 9-класстын базасы менен келген бүтүрүүчүлөр 2 жыл, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 1 жыл окушат. Каалоочулар болсо 1-2 айлык курстарга катышып, атайын адистикке ээ боло алышат. Окутуу процессинин 40 пайызы теориялык болсо, 60 пайызы практикалык иш болот. Студенттер биз менен келишим түзгөн ресторан-кафелерден жана Ысык-Көлдө туристтик сезон башталганда пансионаттарга тажрыйба топтоого жиберилишет. Ал жакта өзүн жакшы көрсөтө алгандар окуусун бүткөндөн кийин ошол ресторан-кафелерде туруктуу жумушка кабыл алынышат.
Биздин быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн 80-85 пайызы ишке орношушту. Орто кесиптик окуу жайлардын жакшы жери, жогоруда айтылгандай практикага чыкканда айлык акыга иштешкендиктен, контракттык негизде окугандар бир жылга төлөгөн акчасын жылдын аягына чейин актап коюшат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө чет өлкөгө иштегенге да чакыруулар түшөт. Алсак, жакында Кытайга 10 чакты бүтүрүүчү кеткени жатат. Италия, Түркия мамлекеттеринен да өкүлдөр келип, ал жактагы ресторандарда биздин улуттук тамак-аштарды жасаганга ашпозчуларды тандап, ал жакка кете турган бардык каражаттарды өз моюндарына алышат.

ЗАМАНБАП КЕСИПТЕР
Бүгүнкү күндүн эмгек рыногунун талабына ылайык, 3 000-5000 сомго чейин туруктуу айлык жана иштеген ишине жараша 15-20 миң сомго чейин кошумча акы алышкан заманбап кесиптерге кайрылалы.
Соода жана тейлөө тармагындагы кесиптер
Жогорку билимди талап кылган кесиптер:
Менеджер – Компаниядагы кайсы бир бөлүмдүн жетекчиси.
PR-менеджер – Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси.
HR-менеджер – Кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси.
Креатив директору – Компания, фирмалардагы жарнактык дизайнерлер тобунун жетекчиси. Топтун жетекчиси катары компанияны таанымал кылган стилин, анын көрнөк-жарнактарын улам жаңылап, элди тарта тургандай деңгээлге жеткире билүүсү абзел.
Бренд-менеджер – Кызмат көрсөтүүчү же продукты өндүрүүчү компаниянын өздүк белгисинин жана анын өндүргөн товарларына элди тартуунун үстүндө иш алпарган адис.
Тренинг-менеджер – Кыска убакыттагы окуу иштерин өткөрүүчү адис.
Булардын эмгек акысы 300 доллардан жогору.

Орто билим менен иштөөгө боло турган кесиптер:
Офис-менеджер – Кеңсе башчысы (катчы).
Супервайзер – Өндүрүштөгү же кызмат көрсөтүүчү компаниялардагы катардагы кызматкерлердин тобуна жетекчилик кылып, алардын ишин көзөмөлдөөчү.
Оператор – Уюлдук байланыш компанияларындагы кардарларды колдоо борборунда иштеген кызматкер.
Промоутер – Товарды же кызмат көрсөтүүнүн түрүн жайылтуу үчүн жарнамалык иштерди жүргүзүүчү.
Соода агенти – Товарды сатуу үчүн кардар издөөчү.
Мерчендайзер –Соода түйүн­дөрүндөгү чекене сатылуучу товарлардын сатылышын тездетүү боюнча аларды текчелерге туура, элге көрүнүктүү тизилишине көзөмөл жүргүзүүчү.
Брокер – Каржы базарындагы (финансы рыногу) кардар менен сатуучунун ортосунда баалуу кагаздар (акция, облигация) боюнча сооданы жүргүзүүчү.
Трейдер – Каржы базарындагы баалуу кагаздарды жана баалуу металлдарды алып-сатуучу соодагер.
Гид – Туристтерге жер көрсөтүп, тааныштыруучу. Булар эне тилинен башка дүйнөлүк тилдерди сөзсүз билүүсү керек.
Ресепшн – Мейманканалардагы кардарларды кабыл алуучу.

Жаңы технологияга байланышкан кесиптер:
Дизайнер – Инженер-куруучу (кийим-кечелердин, көрнөк-жарнактардын, үйдүн ички жасалгасын жана башка ушул сыяктуу чыгармачылыкка байланышкан иштерди аткарат).
IT адис – Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча адистик.
WEB-дизайнер – Интернеттеги сайтты жасоочу.
Клипмейкер – Музыкалык жана жарнактык кыска видеотасмаларды тартуучу адис (Кыргызстанда орто эсеп менен 1000 долларга бир клип жаратышат).
Мындай адистиктерге ээ болуу үчүн жаңы технологиялар багытында колледждер, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары бар.
Стилист – Адамдын сырткы келбетине кам көрүп, жарашыктуу образ берүүчү адис. Бул адистиктер төмөнкүчө бөлүнөт:
чачтарач-стилист – Чач жасалгалоочу адис.
стилист-визажист – Бетке кам көрүү, боёочу адис.
стилист-имиджмейкер – Адамдын сырткы келбетине толугу менен (кийимине, бетинин, тырмагынын боёлушуна, чачынын жасалгасына) кеңеш берүүчү адис.
Маникюр жасоочу – Кол жана колдун тырмактарын жасалгалоо, кам көрүү.
Педикюр жасоочу – Бут жана буттун тырмактарын жасалгалоо, кам көрүү.
Татуировка жасоочу (тату, татуаж) – Денеге сүрөт тартуу.
Бул кесиптин ээлери күнүнө 500 сомдон жогору акча алышат. Борбор шаарыбыздагы окутуп, үйрөтүүчү жайлардан 1-2 айлык окуу курстарына катышып, аталган адистиктерге ээ болууга болот.

СӨЗ СОҢУНДА
“Ар бир кесип ардактуу” дейт эмеспи. Андыктан окууга тапшыруудан мурда кесиптин атагына карап эмес, диплом алгандан кийин дипломуңуз сизге пайда алып келе турган кесипти тандаганыңыз туура.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кесипти атагына жараша тандайсызбы же суроо-талапка караппы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
UvE
2011-06-27 15:02:33
Kyrgyzstanda en real'nyi kesip Ow bazarda ta4ki turtuu ele bolup baratat. Jogortto aitylgan kesipterge okuganyn menen da azyr paidasy jok, je ailyk jogoru emes, je jumuw bar emes.
0
тилек
2011-06-27 15:44:37
тим эле шумдук должностор барго
0
19zamir87
2011-06-27 17:20:42
Туура!!! Окусун жаштар, темболее айылдык жаштар шаарга барып окушту кызыгышат Ата-Энелерин кыйнашып акчадан.Ошолордун бири мен,3 окууну окудум аягына чыкпай даже медицинада да экзаменге акча алышат(100%).Мына менин классташтарым,группалаштарым ЖОЖду бүтүшттү,эч кимиси өз ордун таап жумуштарга кире албай жүрүшөт.Азыр тааныш,акчага карап калышкан.Ошондуктан бүтүрүүчүлөргө советим:эң жөнөкөй
0
arlekino
2011-06-27 18:05:25
тааныш билишин жок болсо диплом билим жардам деле бербейт..орто жумуштарда иштеген боюнча оттун да калдын.... так что бирооого иштегенден коро озун чакан бирдемке ачыш керек..
0
kyrqyz
2011-06-27 19:19:21
озунун кучуно ишенсен .сенден еч ким акча талап кылбайт.акылын болгондон кийин аракет да кылыш керек. баардык ишке жакшы иштей турган адамдарды алат.100%
0
Luckyman
2011-06-28 03:19:59
ПРОГРАММИСТ самый актуальный вариант) у программистов в Кыргызстане есть будущее)) это я как программист говорю))
0
cosmopolit
2011-06-28 21:29:59
Биз кыргыздар моралдык психологиялык жактан кичине аксап келебиз...акча алат дегенди мээбизбе синирип алганбыз да жалкоолонуп окубай койобуз...жакшынакай окуп,билип турсан сенден эч ким акча сурабайт...эн негизгиси адамда озуно болгон ишенич жогору болуш керек...
0
19zamir87
2011-06-29 01:05:31
cosmopolit, Туура,жалкоолонуп окубайт элем бирок группада жакшы окуган кыздар да бар эле....экзамен убагы келгенде кыйналышканынан акча берүүгө мажбур болушат эле.Анан айтышат ээ окуган менен да акча беребиз деп окууну таштап жибергенине зээниң кейийт.
0
nationalist
2011-07-04 02:08:51
эн жакшысы колундан келсе чач тарачка окуш керек. Себеби, качан болсо каерде болсон да жумуш табыла берет. Мисалы айылда эле чакан салон ачып ал, кыйратып таппасан да жашаганына табасын. Мисалы мен айылда жашап жургонумдо жакшы чач тарач таппай кыйналчумун, шаар алыс, бат баттан баралбайсын. Эркектер бирин бириникин эптеп алып коюп журо беришет. Так что бутуруучулор жашоого керегине окугула. эгер мээн кучтуу болсо оку чонуна, колунан келбейби чач тарач сыяктуудан отору жок.
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан