Бактыгүл Бадыева: «СҮЙГӨНҮМ МЕН ҮЧҮН ГҮЛ УУРДАГАН»

Бактыгүл сахнада өзүнүн таланты жана чырайы менен ордун тапты десек жаңылышпайбыз. Бирок жеке жашоосунда бактысын таптыбы же жокпу? Бул суроо көпчүлүктүн талкуу чордонунда.

БАКТЫГҮЛДҮН СЫР ДЕПТЕРИНЕН...

  • 10 балалуу болгусу келет.
  • Болочоктогу жолдошуна “жалгызым, жыргалым” деп кыңылдап ырдай күндө тамак жасап берүүнү каалайт.
  • Акыркы күндөрү сүйгөн тамагы эт болуп калды. Себеби сүйгөнү нарындык.
  • Үч жылдан бери оң колунун аты жогуна дайыма шакек тагынып жүрөт. Ал “ырчы кыздын башы бош эмес” дегенди түшүндүрөт.
  • Себинген атырынын атын айта бербейт. Көп учурда жакындары сурап же окшоштуруп алып алышканда жини келет.

– Бактыгүл, жаңы ачкан сулуулук борборуңда отурабыз. Маегибизди сенин ишмердүүлүгүңдөн баштасак...
– Бала чагымдан эле кыялымдагы нерсени ишке ашырууга болгон күчүмдү жумшаган жайым бар. Кичинемде ырчы болом дечү элем. Азыр кыргыз эли мени ырчы катары тааныйт. Убакыт өткөн сайын кыялдарың да байыйт экен. Кафе, сулуулук борборун ачуу, дизайнер-модельер болуу деген кыялдарым да орундалды. Негизи, ар бир эле адам кыялданып гана тим болбостон, аны ишке ашыруу үчүн алдыга карай умтулса, ийгиликке жетишет. Мен багындыруучу ийгиликтер дагы да алдыда деп ойлойм.
– Ишкер айым катары ийгиликтерге жетишип жатыпсың. Чыгармачылык жагы кантип жатат?
– Чыгармачылыгым да өз нугунда баратат. Буга чейин «Кайып булак» тасмасындагы ролум менен актрисалыктын чыйыр жолуна түшкөн эмес белем. Учурда режиссёр Темир Бирназаровдун жаңы тартылуучу тасмасына сунуш алдым. Бирок көпкө ойлондум. Себеби мага терс каармандын ролун беришкен эле. Азыр күндө репетиция болуп жатат. Ошол каарманды ийине чыгара аткарып, актрисалык өнөрүмдү эл сынына коём.
– Чарчабайсыңбы?
– Баарын баштап алгандан кийин жетишүүм керек. Мурда уйкум канганча уктасам, азыр 4-5 саат эле уктап калдым.
– Кандайдыр бир иш баштоодо өзүң жана кыялың кереге болуп жайылса, ууктарын жөлөгөн адам бар болсо керек...
– Апам, бир туугандарым жана жүрөгүмдүн ээси.
– Жүрөгүңдүн ээсин кандай критерийлер менен тандап алдың?
– Биринчи жан дүйнөсүнүн сулуулугуна карадым. Мен жигиттердин чырайына карабайм деле. Кыргызда “чырайын чайга чылап ичмек белең” деген кеп бар эмеспи. Ал – кыргыздын мырзасы, Нарындын кулуну. Аты азырынча сыр боло турсунчу. Өзү жашоого тың жана жөнөкөй жигит. Бир сөз менен айтканда, менин кыялымдагы ак боз атчан ханзаада.
– Анан той качан?
Буюрса, аз эле калды.
– Сени кызганып, кандайдыр бир нерселерге тыюу салган учурлары болобу?
– Биздин мамилебизде кызганыч жашабайт. Ал “сени сүйгөн күйөр­мандарың канчалык көп болсо, мага ошончолук сыймык. Сен баары бир мендиксиң” деп көп айтат. Көптү көрүп, өзүн-өзү бутка тургузган адам болгон үчүнбү, бардык нерсеге тү­шү­нүү менен карайт. Кыскасы, ал мага толугу менен ишенет. Мен да кызганычка жол бере элекмин.
– Аялзаты жашоосунда бир бурулуш болордо чач жасалгасын өзгөртөт. Узун чачыңды кесип салганыңды бир бурулушка байланыштыра аласыңбы?
– Эч кандай деле бурулушка байланыштырбайм. Сахнага чыккандан бери өзгөртө элек болчумун. Эми чачым өсүп калды.
– “Жаштык – мастык” деп коёт эмеспи. Ар бир адам көптөгөн каталарды кетирет. Жаңылыштык кетирип, анан өкүнүп калган учурлар болду беле?
– Туура айтасың. Бирок мен эч качан өткөн ишке өкүн­бөйм. Болсо да, аны эстеп алып бекер башымды оорутуп отургум келбейт.
– Шопоголиксиңби?
– Бул оору менен катуу ооруйм. Дүкөнгө киргенде мага жаккан нерсени сөзсүз алам.
– Дүкөн кыдыруу демекчи, жакында эле Түркияда чоң суммага соода кылыптырсың...
– Ооба, Түркиядан соода кылгам. Ал эми суммасын айтпай эле коёюн. Кайсы өлкөгө барбайын, ошол жердин алтындан жасалган зер буюмун ала келүү менде салтка айланган.
– Сенде мактанчаактык деген сапат жокпу?
– Бул сапат ар бир эле адамда болуш керек. Жок нерсени айткан жайым жок. Болгон нерсемди айтам.
– Чет жакка көп чыгасың гастролдоп, эс алып дегендей. Эсте калган окуяларга кабылдың беле?
– Былтыр жаз айында Лондонго гастролго барганыбыз өзгөчө эсимде калды. Жигитим да мени менен барган. Кайда жүрбөйүн, ал дайыма жанымда болот. Бир жолу “Виктория ханышасынын сейил багы” деген эс алуу жайына баш багып калдык. Ал жерде сейрек кездешүүчү жоогазындар өстүрүлөт экен. Гүлдүн желекчелери бир карасаң көк, бир карасаң кочкул көк, сыя көк болуп кубулуп турат. Буга чейин мындайды көрбөгөн жаным аны абдан таң калып карап калыптырмын. Бул гүлдөр кайтарууга алынып, сатылбайт да экен. Үзгөн, сындырган адам катуу айыпталарын да түшүндүрүшкөн.
Ошол күнү сүйгөнүм экөөбүз таарыныша кеттик. Саат 12лер чамасында курбу кызым менен биз токтогон мейманкананын жанындагы кафеде отурсак, колуна ошол сейил бакта өскөн жоогазындарды кучактаган жигитим кирип келсе болобу! Көрсө, ал дубалдан ашып түшүп, уурдап келиптир.
Гүлдү алганымда өзүмдү ханыша сездим. Көзүм кантип жашылданып кеткенин да сезбей калыптырмын. Негизи, мен таптакыр ыйлабайм. А бул сүйүүнүн, сүйүнүчтүн тамчылары болду. Мурда роза гүлүн гана жактырсам, азыр жоогазын да сүйүктүү гүлдөрүмдүн бирине айланды.
– Жакын досуң сени сатып койсо...
– Андай учурлар көп эле. Андай досторду Кудай өзү менден алыстатып коёт.
– Азыркы тил менен айтканда, “бурно” эс алуу сен үчүн кандай болуш керек?
– Эл кандай эс алса, мен деле ошол катардамын. “Мындай эс алуу мен үчүн “бурно” эс алууга татыйт” деп деле айта албайм. Кээде апам менен сүйлөшүп, чай ичип отуруу деле мага чоң эс алууга татыйт.
– Саясатчылардын кимиси менен жакындан таанышсың?
– Саясатчылардын эч кимисин жакындан тааныбайм.
– Көпчүлүк белгилүүлөр “Бальзактын курагына” келгенде өзүнүн башынан өткөргөн окуялары тууралуу китеп жазышат. Сенде мындай ой жарала элекпи?
– Менин жашоом өтө кызыктуу. Өзүнчө эле кино. Жашоом тууралуу китеп жазып, кино да тарткым келет. Сценарий да жазып койгом. Ал гана эмес, каармандарды да оюмда тандап койгом.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Бактыгүл Бадыева: "Жигитим мен үчүн эрдик жасады"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (78)
2011-07-01 15:32:34
менин оюмча маданият жаатындагы адамдар (ырчылар)аз суйлоп,коп ырдашса.Кээбирлеринин создорун угуп эле анын жасаган эмгектерин баалабай каласын.Бактыгул сен жашсын,адамдарга баа беруу эрте го,турмушта бактынды табышынды каалайм.
0
2011-07-01 15:35:02
Бактылуу бол!Ден-соолукта бол!
0
kaster
2011-07-01 18:04:38
саясатчылардан алысмын дейт го...ыяя...
0
dominik
2011-07-02 16:37:36
соз байлыгы ото начар.газетага чыгара турган деле интервью бербептир.
0
Myrzake
2011-07-02 21:47:38
Атты айабай кыйын минет экен а.
0
Maratis4u
2011-07-03 13:38:18
Кокууй ай Бакуля ишкерденем деп эле семирип ктекенби!!??
0
Maratis4u
2011-07-03 13:40:05
Дикуся, Бактыгуль эмне кылып байыганын биз деле билели же билбеген мен эле калдымбы хе хе хе
0
UvE
2011-07-04 02:42:23
Бактыгуль оз тилинди унутпа демекчимин!!!
0
ORIONSTAR
2011-07-05 17:18:13
Өткөндө ТВдан уктумбу, же радиодонбу иши кылса бул кыз Түркияга бары көп акчага соода кылып келген имиш.Улам бир чет өлкөгө барып, ири суммага соода кылып келе бергендей Бактыгүлдүн катып койгон кени бар го. Биз биякта тытынып иштеп болбогон бир машинеге акча топтой албай атса...
0
asiraasira
2011-07-19 10:51:36
кайсыл жерде корбойун адамдардын копчулугу бактыгулду жамандаганы жамандаган.дарактын башы кыймылдабайт.кайсыл жерде корбойун адамдардын копчулугу бактыгулду жамандаганы жамандаган.дарактын башы кыймылдабайт.
0
perish
2011-08-02 17:19:21
Бактыгуль,азаматсын!мен сенин куйорманын эмесмин,бирок сен мага как личность жагасын.только умные и смелые люди добиваются своего.элдер,хватит осуждать ее.силер ката кылган эмессинрби эч качан???лучше занимайтесь своими делами!может у вас тоже что-нибудь получится:)))
0
gunsNroses
2011-08-11 14:45:39
Бактыгул баардык жагынан келишкен ырчы,ошон учун кобунчосу коро албайт.Анан мурда Урмат менен суйлошчу экенсин го,Урмат вдруг Неляга уйлонуп алды.Ошондо медовый месяцка Америкага кетип атышканда сен Россияга чейин артынан барып Урмат ойлон деген турбайсынбы.Ошол жонундо уктум Урматты Бактыгулдун ковалерлери коркутуп коюшкан деп ошол чынбы?А так Бактыгул ишине ийгилик каалайм
0
Jakulinka
2011-09-16 03:23:47
Ne sudite i sudimy ne budete!ona molodez!
0
Peku
2012-01-20 09:23:17
Таттыбубу эжеге аябай окшош, черты глаз, овал лица волосы, брови, оочень даже похожа на нее. А некоторые это видят и зависть мучает.....таких людей надо жалеть! Бакуля ты просто прелесть, красотулька наша!!!!!!!
0
Sanjarbratt
2012-02-24 15:38:26
Сизди суйом БАКУЛЯ
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан