ГҮЛМИРАНЫ АЛА КАЧКАНЫ ЖАТЫШАТ

Элибизге «кичинекей Гүлмира» деп таанылган ырчы кызыбыз өзүнүн бойго жеткенин эми даана сезди. Анткени, Гүл­миранын айтуусу боюнча, Кыргызстандын төрт тарабынан тең колун сурап келгендер күндөн-күнгө көбөйүп баратат. «Буга чейин төрт-бештен ашык жуучулар келишти. Кыргыз эли меймандос калк эмеспизби, акырын түшүндүрүп гана бардыгын сыйлап узатып жатабыз. Келген жигиттердин ар бири менен таанышып, сүйлөшүп көрдүм. Алардын ичинен көлдүк жигитке көңүлүм тү­шүүдө. Ал жигит борбор шаарыбызда иштейт экен. Ата-энеси да түзүк адамдар көрүнөт. Бирок, мага ойлонгонго убакыт керек. Алар болсо: «Макул болбосоң баары бир сени жакында ала качып кетебиз» деп коркутуп жатышат» дейт Гүлмира бизге сырын ачып.
Ошентип, сахнадан да үйбүлөнү биринчи орунга койгусу келген Гүлмиранын азыр бул маселе боюнча катуу ойлонуп турган кези.


СЪЕЗДБЕК ЖАҢЫ КИНОГО ТАРТЫЛУУДА

Ырчылык менен бирге актёрлукту дагы кошо алып кетүүнү көздөгөн Съездбек учурда дагы бир жаңы киного тартылууда. Тактап айтканда, «Махабат жылдызы» аттуу фильмде ырчы башкы каарман Нурдин деген баланын ролун жаратып жатат. Ошол себептен учурда Съездбектин съёмкадан колу бошобой жүргөн кези. Буюрса, ырчы тартылган тасма жаңы жылдан кийин элге тартууланмакчы.


МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУ КИМ «КИДАТЬ» ЭТТИ?

Кыздардын сүйүктүү ырчысы Мирбек Иманбековдун борбордо жакында эле болуп көрбөгөндөй аншлаг менен концерт бергени маалым. Концерти «Жаным» деп аталгандыктан, Мирбек «Жаным» аттуу ырын ырдаганда күйөр­мандарына сюрприз кылып, өзгөчө форма менен чыгууну каалаган. Атүгүл, продюсери экөө ойлорундагы форманы заказ кылып да коюшкан эле. Заказ боюнча ал формага миниаккумулятор орнотулуп, анын жардамы менен формага тагылган лампочкалар күйүш керек эле. Мирбек сахнага чыкканда залдагы жарык өчүрүлүп, Мирбектин формасындагы лампочкалар гана күйүп турмак. Тилекке каршы, Мирбек менен продюсеринин бул ою ишке ашпай калды. Анткени, заказ алган модельер концерт башталганга туура бир саат калганда келип, кокустан форманы күйгүзүп алганын айтып, сюрприз кылды. Концерт алдында канчалык маанайлары түшүп, модельерге жиндери келсе да Мирбек продюсери экөө өздөрүн кармоого аргасыз болушту. Форманы 180 долларга сүйлөшүп, 3000 сом алдын ала беришкен экен. Ошентип, модельер Мирбектерге уят болуп, Мирбектер элге берген убадасын аткара албай калышса да концерт эң мыкты деңгээлде өттү.


САУЛЕ ТАЯТАСЫНА АРНАП ЫР ЖАЗДЫРДЫ

Таланты менен көпчү­лүктү тамшандырган кичинекей Сауле жакында таятасына арнап өзүнүн аткаруусунда ыр жаздырды. Таятасы кичинекей ырчы жээни эки жарым жашка чыкканында каза болгон. Сауленин маркум таятасына арналган ырынын стили Сапар менен Артыктын «Атага» деген ырынын стилине шайкеш. Ушундан улам Сауле жаңы ырын Сапар менен Артыктын концертинде ырдап чыгууга даярданып жатат.


ЧЫҢГЫЗ БАЙГЕСИНЕ КОЙ АЛДЫ

Популярдуу ырчы жана ди-джей Чыңгыз Мырзаев жакында алысыраак туугандарынын тушоо кесүү тоюна чакырылган эле. Тушоо тойдо жарышып чуркагандардын биринчи келгени байге алаары белгилүү эмеспи. Бул тойдо Чыңгыз чуркагандардын баарынан озуп кетип, наристенин бутуна байлаган жипти кескенге үлгүрүп калган. Анысы үчүн Чыңгыз чоң кара койго ээ болду. Койду Чыңгыз үйүнө алпарып, майрамдын бирине мааратып соёбу же аны көбөйтүп чарба түзөбү, ал азырынча белгисиз.


«МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ» КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРЫП ЖҮРӨТ

Режиссёр Рустам Аташовдун «Министрдин кызынын махабаты» фильми борбордогу «Россия» кинотеатрында ийгиликтүү өтүп, көпчү­лүк­түн бүйүрүн кызыткан эле. Ошондон кийин фильмди түштүктүк киносүйүү­чүлөргө тартуулоо үчүн атайын топ Ош тарапка жөнөп кетишкен. Кино коюучулар түштүктүн кээ бир майда айылдарына чейин барып, ал жакта бир жарым айдай болуп келишти. Кызыгы, ал айылдарда кино көрсөтүүчү чоң экранды өмүрү көрбөгөндөрдүн бар экендиги болду. Улуу эле адамдар фильм кандайча көрсөтүлөөрүн сураштырып, таң калышса, жаш балдар кино көрсө­түлүүчү экранды көрүп алышып «ушундай да чоң телевизор болобу?» деп күлүп жүрүшүптүр. Эми аталган фильм түндүккө болгон гастролун баштады. Нарындык киносүйүүчүлөр фильмди 30-ноябрдан 3-декабрга чейин, караколдуктар 11инен 17сине чейин көрө алышат. Гастролго Рустам жардамчыларын жөнөтүп коюп, өзү фильмдин экинчи бөлүгүн монтаждоого киришти. Муну күйөрмандарга февраль айында сунуш кылам деп белсенип турат.


МЫРЗАБЕК ОРУСИЯГА БАРЫП ФИЛЬМ ТАРТЫП КЕЛЕТ

«Аза-Универсал» тобунун жетекчиси Мырзабек Айдаралиевдин режиссёрлук өнөрүнүн да бар экендигин анын тарткан клиптеринен улам билебиз. Эми Мырзабек клип тартып эле тим болбой, фильм да тартам дейт. Болгондо да криминал, сүйүү, нарко-бизнес, шоу-бизнес темаларын камтыган бул фильмдин бир бөлүгү Орусиянын Санкт-Петербург, Самара шаарларында тартылмакчы. Бул фильмди тартуу ишинде финансылык маселелерди жолго коюп, демөөрчүлөрдү табуу ишин ырчы Айбек Карымов моюнуна алган. Демөөрчүлөр жогоруда айтылган шаарлардан чыккандыктан, съёмкалык топ фильмди тартууну ошол жактан баштоону пландаштырып жатат. Буюрса, декабрь айынын башталаары менен сапарга аттанышат экен. Анан фильмдин калган бөлүгү албетте, Бишкекте улантылат.


СУЛТАНДЫН МАШИНАСЫНЫН НОМЕРИН КИМ ЖУЛУП КЕТТИ?

Популярдуу жаш ырчы Султан Садыралиевдин машина сатып алганын гезитибиздин өткөн сандарына жазган элек. Султандын ошол машинасынын номерлерин белгисиз бирөө­лөр жулуп кетишип, ошонун айынан азыр Султан жөө жүрөт. Алдыңкы номерин мындан бир нече күн мурун Караколго гастролго барганында чыгарып кетишкен экен. Айласы кеткен Султан арткы номерин алдына тагып, бир гана номер менен жүрсө, эми жакында үйүнүн жанына токтотуп койгон жеринен анысын да чыгарып кетишиптир. МАИге барып кайра номер алуу үчүн арыз жазайын десе, Султандын азырынча ага убактысы болбой жүрөт. Бул иш Султандын чектен чыккан күйөр­ман кыздарынын колунан келди го деп болжолдоп турабыз. Эх, кыздар, жок дегенде номерди жайына койбойт белеңер?!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан