ЭРНЕСТ ЖАҢЫ ФИЛЬМДЕР МЕНЕН КОШО ЫР-ОБОНДОРДУ ЖАРАТУУДА

Тарткан фильмдери үчүн 4 Гран-прини жана 20 атайын байгени, көп­төгөн грамоталарды жеңип алган Эрнест Абдыжапаров учурда «Махабат жылдызы» фильмин тартып жатат. Фильмдеги ролдорду «Боз салкынга» тартылган актёрлор жаратып жатканын баса белгилеп кетели. Мындан тышкары «Байкуш Татьяна» аттуу 10 мүнөткө созулган новелла фильми жакында эл аралык кинофестивалга катышат. Пикирлерге караганда, фильмдин аталган фестивалдан ийгиликке ээ болоору шексиз.
Эрнест табияттан берилген көрөңгөсүнүн артында ыр жазып, кайра ал ырларына обон да чы­гарып келатканын өзүнүн «Боз салкынында» 2 ырын колдонуу менен далилдеген. Ал эми «Байкуш Татьянада» рэп ыры колдонулган. Учурда Эрнест 15 обондуу ырын аранжировкалатып даярдап койду. Мунун алтоосун өзү аткарса, калгандарын аттуу-баштуу ырчылар мисалы, Съездбек Искеналиев, Сайра Момунова жана башкалар аткарышат. Эми дагы 5-6 ырын иштеп чыгып, аранжировкалатса бир альбому даяр болот. Кудай буюрса, бул альбом Жаңы Жылга карата жа­рыкка чыгып калат.


БАКЫТ МАШИНАЛУУ БОЛДУ

Ырчы Бакыт Мамаевдин көптөн бери ойлоп жүргөн максаты ишке ашып, учурда кубанычы койнуна батпай турат. Анткени, мурунку «Мицубиси» маркасындагы машинасын сатып жиберип, ордуна өңү ак-боз түстөгү «Ауди-100» маркасындагы машиналуу болду. Салону кенен келген бул машинаны ыр­чы өзүнүн гастролдоп жүрүүсүнө ылайыктуу деп эсептеп сатып алган.


ФИЛАРМОНИЯНЫН АРТИСТТЕРИНЕ УЛУТТУК КИЙИМДЕР ТИГИЛҮҮДӨ

Борборубузда жайгашкан Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда иштеген артисттердин азыр чексиз кубанып турган учурлары. Не де­генде, филармониянын администрациясынын билдиргенине караганда, 175 артист үчүн жаңы улуттук кийимдер тигилүүдө. Буга мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 300 миң сом каражат бө­лүн­гөн. Ушуга байланыштуу көптөн бери иштебей токтоп калган филармониянын карамагындагы кийим тигүүчү цех дагы кызуу ишке киришти. Мындай ийгиликтин болушунда филармониянын жетекчиси Керим Тураповдун эмгегинин зор экендигин бөлүп көрсөтсөк болот. Эскерте кетсек, филармониянын артисттеринин сахнага кийип чыгуучу кийимдери 1989-жылдан бери жаңыртылган эмес. Болгону эскилери гана колдонулуп келген.


АНАПИЯ ЫРЛАРЫН ЖАЗДЫРУУНУН АРАКЕТИНДЕ

«Үчтеректин үч кызы» деп таанымал болгон эже-сиңди Райымбековаларды элибизде кимдер гана тааныбайт. Алардын улуусу Анапия элге буга чейин аткаруучу, анан са­на­луу обондордун гана ээси катары таанылып келсе, эми жакында элге чоң обончу катары таанылганы турат. Анткени, анын акыркы мезгилде жа­раткан обондорунун саны 20 чактыга жетти. Анапия акындардын ичинен Үрүнса Маматованын жана жазуучулук, акындык менен кошо депутаттык ишти аркалап келаткан Каныбек Иманалиев жана башкалардын сөздөрүнө обон жараткан. Азыркы заманда ырды жаздырып, эл алдына алып чыгуу бир топ каражатты талап кы­­лаары маалым эмеспи. Анын сыңарындай Анапия дагы обондуу ырларын жаздырууда материалдык жактан кыйналып турганын жашырбай, өзүнө демөөрчү издеп жаткан кези. Бул маселе боюнча башкалардан болбосо да токтогулдук жердештеринен үмүтү чоң.


ЖЕҢИШБЕКТИН 4-ЫР АЛЬБОМУ ЖАРЫК КӨРҮҮ АЛДЫНДА

31-декабрь Курман Айт күнүнө карата белгилүү төкмө Жеңишбек Токтобековдун ыйман тема­сын­дагы ыр альбому жарыкка чыкмакчы. Учурдагы тил, социалдык жана адеп, салт жана башка ма­се­лелерди ырларында чагылдырып, ал аркылуу улуу-кичүүнү адепке, ыйманга, ынтымакка, элди-мекенди сүйүүгө чакырган Жеңишбектин бул 4-альбому. Төкмө өзү «Адеп башаты» коомунда иштегендиктен, ырлар топтомунун чыгышына коом албетте, чоң салымын кошмокчу. Алдын-ала болжоолорго караганда, альбомдун нускасы 2-3 миңди түзөт.


АЛИНА РОССИЯГА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕТТИ?

Алина Жетигенова өзүнүн тобу менен Орусияга аттанды. Болгондо да ал жакта жүргөн мекендештерибиздин суроосу менен кетти. Орусиянын чоң делген төрт шаарына өз өнөрлөрүн тартуулашып, өнөрпоздор Жаңы Жылга жакын гана мекенине кайтышмакчы. Анан ал жактан таап келген акчаларын чөнтөктөрүнө кампайтып салып алышып, Жаңы Жылды көңүлдөрү ток тособуз деген пландарды алдына коюп кетишти.


УРМАТ НАРЫНДЫКТАРДАН ТИЗЕ БҮГҮП КЕЧИРИМ СУРАДЫ

Урмат нарындык күйөр­­мандарынын да жарпын жазып келүү үчүн ал жакка жөнөгөн эле. Бирок, Урмат кү­йөр­­мандарына убагында жетип бара албай калды. Анткени, Долонго кар калың түшүп, ошол жерде кармалып калышкан экен. Ошентип, жарыяда көрсөтүл­гөн убакыттан туура бир жарым саат кечигип барышат. Ошентсе да клубдун эшигинде элдер суукка карабай жыкжыйма болуп үйүлүп турушкан экен. Урмат күйөрмандарына болгон жагдайды тү­шүндүрүп, катуу уят болуп калгандыктан, алардын алдында тизелеп кечирим сурады. Нарындыктар «кеч болсо да келгениңе ыраазыбыз» дешип түшүнгөндөй эле болушту. Ошентсе да ырчы эрте эле чыкпаганына катуу өкүнүп, ичинен өзүн-өзү жемеледи. Ал эми концерт эң жак­шы маанайда өттү. Анткени, элдин суроосу боюнча жандуу концерт уюштурулуп, Урмат менен барган ырчылардын баары жандуу үн менен элдин маанайын жаркытышты. Залдагы эл ырчыларга кошулуп ырдап, кыскасы, өзүнчө эле чоң салтанат болду. Ошентип, нарындык күйөрмандар ырчысын бир жарым суукта күт­көндөрүнө да ыраазы болушуп, үйлөрүнө жакшы маанайда тарашты.


«ЖАШ КЫЯЛ» ТОБУ КАЙДА ЖОГОЛДУ?

Мындан бир топ жыл мурун өзгөчө түштүк тарапта «Жаш кыял» аттуу топ белгилүү болчу. Убагында булардын «Ананайын» аттуу ырынын хитке айланганын көпчүлүк окурмандарыбыз жакшы билишсе керек. Ошол топтун такыр эле дайыны чыкпай кеткенине көп болгон. Бул топтогу жигиттердин кайда, эмне кылып жүргөнүнө кызыккандар да жок эмес экен. Мындай күйөрмандардын суроолору боюнча биз топтун жетекчиси Бахадыр Карабаев менен байланышкан элек. Бахадырдын айтуусу боюнча, «Жаш кыял» тобу дагы деле бар экен. Болгону булар сахнадан алыстап кеткен. Анткен менен өздөрүнчө студия ачышып, оштук ырчыларга музыка жазып берүүдөн баш тартышпайт. Эмнегедир бул жигиттердин жакын арада кайрадан сахнага чыгуу жөнүндө ойлору жок экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан