НУРДӨӨЛӨТ “БИТЕЛДИН” БАЙГЕСИН УТУП АЛДЫ

“Апамдын махабаты” фильминде мугалимдин ролун аткарган “Учур” телетеатрынын актёру Нурдөөлөт Копоевди жакындан бери Кыргызтелекомдун рекламалык роликтеринен да көрүп жүрөбүз. Чыгармачылыктын үс­түн­дө тынбай эмгектенген актёр “Бител” компаниясы уюштурган Жаңы Жылдык SMS лотереяга катышууга да жетишкен. Актёрдун айтуусу боюнча, ал өмүрүндө бир да жолу лотереядан утуп көргөн эмес. Бирок, эмнегедир бирдемени сезгенсип, “Бителдин” SMS лотерея оюнуна катышууну чечкен. Оюндун жыйынтыгы 30-декабрь күнү чыккан. Ал күнгө чейин Нурдөөлөт ар бири 24 бирдик талап кылган онго жакын SMS жөнөткөн экен. Жаңы Жылга бир күн калганда 30-декабрь күнү “Бител” компаниясынын өкүлдөрү Нурдөөлөткө телефон чалышып, баш байге “Тойота Каролланын” ээси болгонун айтып, сүйүнчүлөшкөн. Жылуу кабарды угаары менен актёр компаниянын офисине жетип барган. Жаңы машинасы менен сүрөткө түшүп, компаниянын грамотасы менен сыйланган. Чукул арада документтери бүтсө, машина колго тийет деп Нурдөөлөттүн кудуңдап турган кези. Эми таланттуу, бойдок актёрго көз арткан кыздар дагы көбөйөт окшоп калды.


АЙЖАНГА ПРОДЮСЕРИ КЛИП ТАРТУУ КЫЛДЫ

Эл оозуна алына баштаган таланттуу ырчы кыз Айжан Газиеваны да Ассоль Молдакматова тарбиялап, продюсердик кылып келатканы белгилүү. Жакында Айжан өзүнүн “Первая любовь” деген ырына клип тарттырды. Клип шаардын көзгө басар көрүнүктүү жерлеринен тартылган. Клипте Айжан менен кошо башкы каарман болуп “Сема” тобунун солисти, тагыраак айтсак, топтун жетекчисинин бир тууган иниси Жанарбек тартылган. Ушундай кымбат клип тарттырууга Айжандын бир сому да корогон эмес. Анткени, кеткен чыгымдын баарысын Ассоль айым өз чөнтөгүнөн төлөгөн. “Ассоль эже экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Чыгармачылыгыма устатымдын жардамы көп тийүүдө. Жаңы клипти да жардам катары мага тарттырып берди” дейт ырчы кыз.


ИЛЬЯЗ АЛМАТЫГА КЕТКЕНИ ЖАТАТ

Жаш болсо да ишине маш ырчы жигитибиз Ильяз Абдразаков ушул айды этектеп Алматыга сапар тартканы турат. Ал жактан Ильяз казак туугандар менен түзгөн келишиминин негизинде жаңы альбомун жаздырып келет. Ырчы болгону ырларынын аранжировкасын өзү жасап, калган иштер казактардын студиясынын моюнунда болот. Жаңы ырлардан турган альбому даяр болгондо Ильяз Бишкекке кайтып келип альбомунун бет ачар концертин бермекчи.


ДИНАРА КҮЙӨӨ БАЛАЛУУ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын улуу кызы Мэридина турмушка чыкты. Суйкайган сулуу кызга көз артып жүргөн оштук бир жигит элибизде келе жаткан ала качуу салтын улап Мэридинаны ала качып кеткен. Бир чети кызына ичи ачышып, бир чети кыжыры келген Динара эже барып кызын алып келе берген. Бирок, “чуркаган калат, буйруган алат” дегендей, ошол эле жигит Мэридинаны кайта дагы ала качып кетет. Ошентип, тагдырдын буйругу менен кызы барган жеринде отуруп калат. Динара эже болсо эки жашка бакыт каалап, ак батасын бергенге аргасыз болгон. Ошентип, жакында эки жаштын нике тою болуп өттү. Эми күн жылып, жаз келээри менен жаштардын чоң үлпөт тою болмокчу. Эмесе, баш кошушкан эки жашка бакыт каалайбыз!


ЖАНЕТТА “НОВАЯ ВОЛНА” КОНКУРСУНА БАРАБЫ?

Кыргыз эстрадасына эмгегин сиңирип келаткан инсан Юрий Бобковдун келини Жанетта Бобкованын акыркы учурда чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү эмгектенип жатканы байкалып жатат. 9 жылдан бери өзүн сахнага арнап келаткан Жанетта ушул жылдын март айында алгачкы жеке концертин берүүнү пландоодо. Концертин бергенден кийин”Досум Үсөн” тобу Жанеттаны Латвиянын эң мыкты курорттук жайларынын бири болгон Юрмалада өтүүчү эл аралык “Новая Волна” конкурсуна даярдамакчы. Жанетта конкурстан бири кыргызча, бири орусча болгон эки ыр ырдап чыгат. Эгерде мамлекет тарабынан жардам болуп, же колдоо көрсөт­көнгө демөөрчүлөр табылып калса, Кыргызстандын атынан бул конкурска биринчилерден болуп Жаннетта катышмакчы. Келинин конкурска жөнөтүү үчүн Юрий Бобков азыртадан даярдык көрүүдө. Эгер Жанетта Юрмалага конкурска барып калса, жолдошу Денис аны коштоп барабы же жокпу азырынча белгисиз.


ТАЛАСТЫКТАР БИР САХНАДА ТАҢШЫШАТ

Ырчы Эрлан Шүкүрбеков жетектеген “Эрлан” продюсердик борбору Таластан чыккан таланттардын башын бириктирип, “Таластыктар таңшыйт” аттуу жылда болуучу фестивалды өткөрүүгө кызуу кам көрүп жатат. Бул фестиваль тушоосун былтыр кескени көпчүлүккө белгилүү болсо керек. Аталган фестивалга Замирбек Үсөнбаев, Малик Аликеев өңдүү көрүнүктүү ырчылардан тартып, жаңы чыгып келаткан жаш эстрада ырчыларына чейин катышмакчы. Эрландын билдиргенине караганда быйылкы фестиваль былтыркыдан бир топ жогорку деңгээлде өтөт. Былтыр байге фонду 1000 долларды чапчыса, быйылкы байге фонддун суммасы андан ашаары маалым болду.


НАЗИРА ЫР ЖАЗДЫРУУГА КИРИШТИ

Учурда ди-джей болуп таанылып алгандан кийин ырчы болууга өтүү модага айландыбы, же ди-джейлер ырчылар менен тыгыз байланышта болгондуктан шоу дүйнөгө азгырылып кетеби, айтор, белгисиз. Неси болсо да, эми көпчүлүктүн көңүлүн көтөргөн “Кыргызстан обондору” радиосунун жагымдуу үндүү ди-джейи Назира Даниярова да ырчылыкты аркалап ыр жаздырууга киришти. Учурда Назиранын “Кыргызстан обондорунда” “Махабат менен ойнобо сен” деген ыры кетип жатат. Назиранын жаңы ыры жакында дүйнөдөн өтүп кеткен маркум атасынын элесине арналмакчы. Ошентип, Назиранын үнүн мурда радиодон гана угуп жүргөн болсоңуз, эми сахнадан өзүн көрүп, жагымдуу ырларын уга баштайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан