ТЕМИР ТАЛАНТТЫН КОНЦЕРТИНЕ КОНОК КАТАРЫ КЕЛЕТ

Өткөн саныбызда куудул Талант Анарбаев менен ырчы Темир Назаровдун концерти болот деген жарыя берген элек. Бирок, Темир биз менен байланышып, бул концертке конок катары гана катышаарын билдирди. Көрсө, ырчы менен куудул өз ара келишим түзүшүп жатканда түшүнбөс­түктөр болуп кеткен экен. Бул концертте Талант жана анын “Талант-шоу”деген тобунун жаңы сатира, ыр-күл­күлөрү жаңырат. Ал эми көпчү­лүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы Темир Назаров концертке келип эки-үч ыр ырдап кетмекчи. Темирдин айтуу­су боюнча, ал азыр башка мамлекетте жаңы ырларды жаздыруу менен алектенүүдө. Концерт бүтөөрү менен ырчы ырларын жаздырып жаткан чет өлкөгө кайра учуп кетет. Ал кайсыл өлкө экендигин ырчы азырынча сыр кылууда.


АРТЫК КЫЗДУУ БОЛДУ

“Атага кат” деген ыры менен улуу муундун да, кичүү муундун да арзуусуна татыган Артык Саитов үчүн 2007-жыл ийгиликтүү башталды. Анткени, ырчы 12-январь күнү кыздуу болду. Бул Артыктын үчүнчү кызы. Азырынча ата-эне наристесине ысым ыйгарыша элек. Себеби, Артык келинчеги аман-эсен көз жаргандан кийин Казакстанга жумуштары менен кеткен боюнча келе элек. Келсе эле наристе ысымдуу болмокчу. Учурда эне-бала өздөрүн жакшы се­зүүдө. Эмесе, бешик боо бек болсун!


НЕЛЯ ИШКЕ ОРНОШТУ

Мукам үндүү ырчы кыз Неля көпчүлүк ырчылардай болуп шаардын кафелеринин биринде ырдап келатканы белгилүү эле. Ырчы кыз өзүн башка тармакта да сынап көрүүнү чечти көрүнөт. Анткени, ал жакында Бишкектеги компаниялардын бирине ишке орношту. Неля аткара турган иши менен толук таанышуу үчүн бир аптадай компания уюштурган лекцияга катышат. Андан кийин гана жумушка киришет. Эми Неля убактысын чыгармачылыкка да, жаңы жумушуна да арнамакчы.


СЫЙМЫК МЕНЕН АРСТАНБЕК МАРКУМ ЫРЧЫЛАРГА КУРАН ОКУТУШТУ

14-15-январда спорт ордосунда ырчы Сыймык Бейшекеев менен ди-джей Арстанбек Абдыманов эки муундун эстрада жылдыздары биргелешкен концерт уюштурушту. Концертте улуу муундагы ырчылар менен жаш эстрада ырчылары дуэт ырдап чыгышты. Мисалы, Асел Турдалиева менен Бегимай Бекбоева, Расул Маматкулов менен Чыңгыз Мырзаев, Динара Акулова менен Ильяз Абдразаков, кыскасы, 10 дуэт ырдалды. Алардын ичинен жюрилердин чечими боюнча мыкты дуэт деп Алина Жетигенова менен уулу Азиз Жетигеновдун ыры табылып, аларга уюштуруучулар тарабынан видеоклип тартылып берилмек болду. Бул концерт келген көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Концерттин эртеси түшкөн каражатка Сыймык менен Арстанбек көзү өтүп кеткен ырчылардын арбагына багыштап куран окутушту. Куран окутулган жерге аттуу-баштуу белгилүү инсандардан тартып жаш ырчыларга чейин келишти. Келгендер Сыймык менен Арстанбекке көзү өтүп кеткен ырчылардын арбагын сыйлап, эстеп куран окуткандыктары үчүн ыраазы болушту.


БОЛОТ КИНОГО ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

“Аталардын керээзи” киносунан кийин бир топ популярдуулукка жетишкен Болот Тентимишев жаңы киного тартылып жатканы маалым болду. Ал Нурлан Абдыкадыровдун “Зыяратчы”(Паломник) деген тасмасында роль жаратууда. Фильм түрмөдөгү болгон окуяны камтыйт. Анда актёр түрмөнүн начальнигинин орун басарынын ролун аткарат. Бул толук метраждуу фильмди мамлекет каржылап жатканы маалым болду. Айта кетчү нерсе, Болот фильмде терс каармандын ролун жаратууда. Учурда тасманын 80 пайызы даяр болуп калды. Буюрса, көпчүлүктүн сүйүктүү актёру тартылган жаңы кинону көгүлтүр экрандан көрүп калабыз.


ЭРНИС МЕКЕГЕ БАРЫП АЖЫ БОЛУП КЕЛДИ

Чындыкты тартынбай таамай айткан белгилүү тележурналист Эрнис Кыязовго демөөрчү табылып, бул жактан жөнөгөн топ менен журналист катары Меккеге барган эле. Ушунча барган соң жөн келмек беле?! Кааба ташка сыйынып, жол-жобосун аткарып, ажы болуп кайтты. Декабрдын 24үндө кеткен Эрнистти 13-январь күнү ажы кесиптештери жол-жобосу менен тосуп алышты.


СЪЕЗДБЕК САХНАНЫ ТАШТАЙ АЛГАН ЖОК

Өткөн сандарыбыздын биринде Съездбектин эмгеги бааланбай жаткандыктан сахнаны таштай турганы жөнүндө жазган элек. Ал кезде ырчы “балким, чын эле мен жогорку деңгээлдеги ырларды жарата албай жаткандырмын. Сахнага чыкпай, болгон аракетим менен мыкты ырларды жараткандан кийин гана кайрадан сахнага келем” деп ойлогон. Бирок, ушул макала жарык көргөндөн кийин Съездбекке күйөрмандары, залкар музыканттар тарабынан телефон чалуулар болуп сахнадан кетпешин суранышкан. Ошондон улам ырчы сахнага чыгып мыкты обондорду жарата берүүнү чечти.


БИР ҮЙБҮЛӨ ҮЧ ТУУЛГАН КҮНДҮ БЕЛГИЛЕДИ

12-январь Айчүрөк Иманалиеванын жана анын уул-кызы Арлен менен Аэлитанын туулган күнү экени көпчүлүккө маалым. Бул күндү ырчынын үйбүлөсү чоң майрам катары санашып, шаардагы кафелердин биринде өткө­рүш­тү. Туулган күнгө Айчү­рөктүн кесиптештери, достору келип куттукташып, туулган күн ээлери белек-бечкек менен гүлдөргө оронушту. Ошондой эле конок болуп келген залкар инсандардын сунушу менен ошол эле жерден бир жашар Аэлитанын тушоосу кесилди. Мында Турусбек Жумалиев алпаруучу болуп, Гүлнур Сатылганова, Гүлнара Тойгонбаева жана башка ырчы коноктор белектери менен кошо жагымдуу ырларын тартуулашты. Бул кечеге жакында эле үйлө­нүшкөн Анжелика менен жолдошу Урмат да катышканын кошумчалай кетели.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан