Бир канча наамдардын ээси болуп келген Ассоль айым дагы бир наамга татыктуу болду. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Телерадиокомпаниясы ага “Жылдын мыкты жетекчиси” деген наам ыйгарды. Анткени, Ассоль өткөн жылы бир нече долбоорду түзүп сунуштап, анан кайра аларды иш жүзүнө ашырууга жетишкен. Ассоль продюсерлик кылган ар бир берүү элдин купулуна толуп, арзууга татып келе жатканы талашсыз. Ал эми жакында “Азия-Курулуш” компаниясынын президенти Адина Турдубаева Ассоль Молдокматовага тележурналистикага кошкон салымы, талыкпас эмгеги үчүн жаңы эки бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.
ЖЫЛДЫЗДЫН КЫЗЫ “АРАЛАШКА” ТАРТЫЛДЫ
Ырчы Жылдыз Тутуеванын беш жаштагы кызы Ранеля кыргыз “Ералашына” тартылды. Балдардын сатиралык көрсөтүүсү “Аралаш” деп аталып, кыргыз киностудиясы тарабынан тартылып жатат. Чыгармачыл ата-эненин таасиринен уламбы, айтор, Ранелянын жөндөмдүүлүгү азыртадан байкалат. Ранеля биринчи жолу жакында өткөн “Туңгуч” театрынын концертинде сахнага чыкты. Учурда Ранеля балабакчадан тышкары бий ийримине катышат. Дагы кошумчалай кете турган нерсе, Жылдыз айым эки бриллиант тиш салдырды. Муну жаңы жылдын астында ырчы айымдын күйөөсү Касымдын бир тууган таекеси Жылдызга белек кылган.
АКБАР АЛЬБОМ ЖАЗДЫРДЫ
Жаш ырчы Акбар Сүйүнбаев жакында өзүнүн чыгармачылык тушоо кесүү концертин бергени көпчүлүккө маалым. Концерттен түшкөн каражатын Акбар башка кесиптештериндей болуп машина сатып алып же башка нерсеге коротпостон, болгонун болгондой чыгармачылыгына жумшады. Башкача айтканда, жаңы костюмдарды тиктирип, жаңы “Ал менин махабатым” деген альбомун жаздырууга жумшады. Андан арткан акчасын Акбар ата-энесине жөнөткөн. Анткени, жеке концертин берүүгө, дегеле чыгармачылык жолунда алардын жардамын көп көргөн. Учурда Акбар Чүй өрөөнүндө өнөрүн тартуулап, концерт берип жүргөн кези. Айта кетчү нерсе, ырчы концерт менен бүткүл Кыргызстанды кыдырып чыкмакчы.
ГҮЛ МЕНЕН СУЛТАНДЫН ЧЫРЫ ЭМНЕДЕ?
Жаш ырчылар Султан Садыралиев менен Ташкент кызы Гүлдүн достугуна доо кетти көрүнөт. Анткени, Гүл учурда Султанга жазып берген ырларын ырдаганга тыюу салып жатканы тууралуу кабардар болдук. Бизге жеткен маалыматка таянсак, Таласта өткөн Гүлдүн концертине Султан барбай коюу менен ортодогу келишимди бузган. Ушундан улам Гүл Султанга нааразы болуп калган. Бирок, бул тууралуу Султан өзү: “Мен Гүлдүн “Мухаммедден” башка дагы эки ырын гана ырдайм. Калган ырларымдын ага тиешеси жок. Ал эми Таласта берген концертинин афишасына мени макулдугумсуз эле кошуп коюптур. Мен ага эч кандай сөз берген эмесмин жана ортодо да эч кандай келишим болгон эмес. Мен Гүлдөн мага ыр жазып бер деп суранган эмесмин. Өзү жазып берип, ырда деп өзү сунуштаган. Керек болсо Гүлдү Гүл кылган Мирбек, Акбар жана мен. Кайсы концертке барып анын ырын ырдабайлы, сөзү Ташкент кызы Гүлдүкү деп баса белгилеп, реклама кылып келатабыз. Ошентсе да Гүл таланттуу кыз, анын талантын жогору баалайм», - деген пикирин айтууда.
“АЙКӨЛ” РЕПЕРТУАРЫН ТОЛУК ӨЗГӨРТҮҮДӨ
«Улуттук калоритти алып жүргөн “Айкөл” тобу кайда кеткен?» деген сыяктуу суроолор келип түшүүдө. Көпчүлүктүн суроосуна жооп берүү максатында биз “Айкөл” тобунун жетекчиси Советбек Асанкадыров менен байланышкан элек. Топ жетекчисинин маалыматына таянсак, топ сахнадан көрүнбөй калганы менен репертуарын толук өзгөртүү максатында чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштеп жатат. Буюрса, топ күз айында жалаң жаңы ырлары менен күйөрмандарын кубантмакчы. Чыгармачылыктан тышкары Советбек өткөн жылдын күз айынан тартып Маданият министрлигинин алдында уюшулган Улуттук маданият борборунун башкы директорунун орун басарынын да милдетин кошо аркалап келет.
СЪЕЗДБЕК АЙЫМДАР КҮНҮНӨ БЕЛЕК КАМДООДО
8-март Айымдардын эл аралык күнүнө карата Съездбек Искеналиевдин “Жүрөккө жүрөк” аттуу жаңы альбому жарыкка чыгат. Бул альбомдо көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчынын жалаң мыкты деген ырлары орун алган. Чындыгында эле бул Съездбектин айымдардын майрамына арнаган эң сонун белеги болмокчу. Ушул эле күнү ырчынын альбомунун бет ачар концерти өтөт. Концертке ырчынын жакын сахналаш достору куттуктап келишет. Концерт учурунда ырчынын жаңы диски сатыкка чыгат. Айта кетчү нерсе, бир билетке бир диск белек катары берилмекчи.
НУРЛАН АЙРЫМ БАЛДАРЫН УЯДАН УЧУРДУ
Нурлан Мамакеев продюсерлик тармакта көзгө көрүнүп келаткандардын бири. Бүгүнкү күнгө дейре Нурлан жыйырмадан ашык ырчынын продюсери болуп эмгектенип келаткан эле. Бирок, Нурландын продюсерлик борборундагы Макс Бегалиев, Азиз Жетигенов, Азат, Бекчоро өңдүү жаш ырчы жигиттер чыгармачылыкты өз алдынча аркалоону чечишип, Нурландан кол үзүштү. Аты аталган жаш ырчылардын айтымына караганда, продюсеринин көзөмөлгө алган ырчыларынын саны көбөйүп кеткендиктен, ар кимисине көңүл бурганга убактысы жетишпей калган. Балдар өздөрүнүн чечими менен Нурланга ачык айтышкан соң бардыгы түшүнүү менен бир чечимге келишкен. Эми ырчы жигиттер чыгармачылыктын үстүндө өз алдынча эмгектенишмекчи.
ГҮЛАНДА ЖИГИТИНЕН БАШ ТАРТТЫ
“Айтеңир” тобунун жагымдуу үндүү солисткасы Гүланда жигити менен мамилесин үздү. Ырчы кыз чүйлүк жигит менен мамиле куруп келгенине беш жылдын жүзү болгон. Алгач жигит сүйүктүүсүнүн ырдап жүрүүсүнө анча деле каршылык көрсөтпөй келген. Качан гана Гүланда Айбек Карымов менен дуэт ырдап эл оозуна алына баштаганда чыгармачылыгына түшүнбөстүк менен карай баштаган. Сүйгөнүнө эртерээк ээ болуп калууну көздөгөн жигит Гүланда менен баш кошуу үчүн анын колун сураган. Бирок, чыгармачылыктын чыйыр жолунда ийгиликтерге эми жете баштаган ырчы ал сунуштан баш тарткан. Сыягы, экөөнүн беш жылдык мамилелерине чекит коюлгандай.