МИРБЕК АЛМАТЫГА КЕТПЕЙ КАЛДЫ

“Мирбек Атабеков эми ырдабайт экен, чыгармачылыгын Казакстандан улантат экен” деген маалымат тараганда айрымдар таң калса, көпчүлүк өкүнүп калган эле. Бекер эле таң калып, бекер эле өкүнүптүрбүз. 2-апрель күнү Мирбектин тагдыры оң жакка чечилди. Ал эч жакка кетпей, мурдагыдай эле чыгармачылык менен алпурушуп, продюсери Канат Култаев менен түзүлгөн келишимин уланта бермей болду. Бул күнү ырчы менен продюсер Мирбекти чакырып жатышкан казакстандык продюсерлер жана өзүбүз­дүн аттуу-баштуу музыканттарыбыз менен жолугушуп, көпкө созулган сүйлөшүү­лөрдөн кийин бир чечимге келишти. Акырында Мирбек чоң гонорарына карабай, Казакстанды эмес, өз мекенин тандады да, Казакстанга чыгармачылык иш сапар менен маал-маалы менен гана барып турмай болду. Ал эми Канат менен Мирбек апрелдин аягында боло турган концертине даярданууга киришишти.


МИРБЕК МЕНЕН ПРОДЮСЕРИ БИР ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ

Мирбек Иманбеков менен продюсери Асыл Аппасованын төрт жылдык келишим түзүп, анын негизинде иштеше баштагандарына 31-март күнү туура бир жыл толду. Ушул күндүн урматына ырчы менен продюсер шаардагы кафелердин биринде жакын санаалаштарын чакырышып, бир жылдыгын белгилешти. “Бул күнү Мирбек мага гүл менен жумшак оюнчук белек кылды. Ал эми менин бир жыл ичинде Мирбек үчүн жасаган ар бир ишим эле ага белек болсо керек” дейт Асыл Аппасова. Баса, ушундай жакшы күндөн кийин Мирбек Бишкектин айланасына гастролго чыгууга даярданууда. Тагыраак айтсак, 6-апрель күнү быстровкалык, 7си күнү карабалталык күйөрмандарын кубандырат.


АЗИЗА ТУРМУШКА ЧЫГАБЫ?

“Кайдасыңды” катырган ырчы кыз Азизанын колун сурашты. Койкойгон сулуу ырчыны өмүрлүк жар кылууну каалаган бул мырза Азизанын төрт жылдан берки күйөрманы экен. Мурда жөн гана күйөрманы катары гүл берип, чыгармачылыгы тууралуу жылуу пикирлерин айтып жүргөн бул жигит Азизага жакында эле көптөн бери сүйүп жүргөнүн айтып, “эгер каршы болбосоң, үйлөнөлү” деген сунуш киргизди. Мурда жөн гана тааныш байкеси катары мамиле кылып жүргөн мырзадан мындай сунушту күтпөгөн ырчы кыз дароо жооп бере албай, мукактанып калды да, “жообун эки жумадан соң берейин” деп абалдан чыгып кетти. Учурда Азизанын катуу ойлонуп жаткан кези. Макулдугун берейин дейт, турмушка чыккандан кийин чыгармачылыгыма тоскоол болобу деп чочулайт. Каршы болоюн де­се... эми жашы деле жетип калбадыбы?! Анын үстүнө, жигит да жаман жигит эмес... Эмнеси болсо да акыркы чечимди Азиза өзү чыгарат.


ЗАМИР КЫТАЙ КЫЗЫ МЕНЕН ДУЭТ ЖАЗДЫРУУДА

Эстрада жана фольклор ырчысы Замир Арыкбаев кытай кызы Жанна менен кыргызча дуэт жаздырып жатат. Жанна БГУнун магистратурасында 1-курста окуйт. Кытай кызы менен ырдоону Замирге Улуттук филармониянын улуттук кийимдерин тигүүчү Ольга Ивановна сунуштаган. “Сүйүү баяны” деп аталган бул ырдын бир куплетин Жанна кытайча ырдайт. Кыргызча бир ооз билбеген кытай кызы учурда ырды жаттап бүт­тү. Бул жаңы дуэтке Замирдин жакында боло турган концертинде күбө бо­ло алабыз.


ТЫНЧТЫК “21-КЫЛЫМДЫ” ТАШТАДЫ

“21-кылым” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков жылдын жаңырышы менен жаңы радио ачып, ушул убакка чейин эки радионун тең жоопкерчилигин моюнуна алып келген. Жакында расмий түрдө “Миң кыял” радиосуна өтүп, “21-кылымдан” кетти. Ал эми “21-кылымдын” продюсеринин милдетин аткаруучу болуп экс-продюсери Динара Жусаева дайындалып, көнгөн жумушун аткарып жатат.


“БЕКА” ТОБУ КАЙРАДАН САХНАДА

Башкаларга окшобогон өзү­нүн стили жана “Сагындым сени” аттуу ыры менен күйөрмандардын жүрөгүнөн орун алган “Бека” тобу убактылуу тыныгуудан кийин кайрадан чыгармачылык менен иштөөнү чечти. Учурда Бекмырза бир солистка кыз алып, экөөнүн азырынча ынтымактуу иштешип жаткан кездери. Ошондой эле бул топ жакында бүт Кыргызстанды кыдырып концерт берет. Концерттин убагында кастинг уюштурулуп, айылдык таланттуу улан-кыздарды тандап тобуна кошот. “Кыргызстандын айыл жеринде таланттуулар көп жана аларга чоң сахнага чыкканга мүмкүнчүлүгү аз. Ошондуктан, аларга колдоо көрсөтүү үчүн тобума айылдан солист издейм” дейт “Бека” тобунун жетекчиси Бекмырза.


“ТААЛАЙ ЭЛЕСИ” ФИЛЬМ ТАРТТЫ

“Таалай элеси” тобу бир жылдары катуу чыгып, кайра бат эле “өчүп” калганы менен угармандардын эсинде болсо керек. Көрсө, “Таалай элеси” чыгармачылыктан такыр эле алыстап кетпептир. Дагы бир өнөрдүн эшигин ачып, учурда топтун жигиттери жаңы эле бир фильм тартып бүтү­шүптүр. “Таалай элеси” студиясы тарабынан тартылып, Камат Касенов режиссёрлук кылган бул фильм “Арман” деп аталат жана ал Ош шаарынан тартылган. Трагедиялуу бул фильмде азыркы турмуштун көйгөйү сүрөттөлүп, негизги ролду эки кичинекей жетим бала ойнойт. Фильм учурда түштүк жергесинде жүрүп жатат. «Арманды» 11-апрелден кийин бишкектик кино­сүйүү­чүлөрдүн назарына сунуштайбыз» деген ойлору бар жигиттердин.


«КАНДАЙ БОЛСОМ ОШОНДОЙ КӨРҮНГҮМ КЕЛЕТ»

«Люкс» жана «Буржуа» сулуулук салондорунун ээси, көптөгөн сахна жылдыздарынын стилисти Замира Молдошева менен маек.

Мекенибиздеги белгилүү стилисттердин бири Замира Молдошева 1-апрель күнү өз эмгегинин жыйынтыгы катары “Алтын Ажыдаар” ресторанында чач жасалгаларынын көргөзмөсүн уюштурду. Бул көргөзмөгө чыккан укмуштуудай чач жасалгалар көргөн адамды таң калтырбай койгон жок.

– Замира эже, өзүңүз уюштурган чач жасалгалар көргөзмөсү оюңуздагыдай эле өттүбү?
– Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты кол алдымдагы мастерлериме стимул түзүп берүү болчу. “Болгон фантазияңарды көрсөткүлө, колуңардан эмне келсе жасагыла” дедим. Айткандай эле бири-бирине атаандашып, аябай жакшы аракет кылышты. Бирок, өтө чоң эмгекти талап кылды. Жыйырма мастер бир күндө токсондой чач жасалгасын жасашты. Бул бир чети отчёт иретинде болду. Анткени, менин карамагымдагы “Люкс” салонунун ачылганына эки жыл болсо, “Буржуа” салонуна толук бир жыл болду.
– Мастерлериңиздин колунан чыккан чач жасалгаларын көрсөтүү үчүн атайын моделдик агенттиктер менен сүйлөшүүгө туура келдиби?
– Ооба, эки моделдик агенттик менен келишим түздүм.
– Кыздар бекер чыгыштыбы?
– Кайдан? Ар бир чыкканына 300 сомдон төлөп бердик. Жогоруда айтып кеткендей, подиумга 90го жакын кыз чыкты.
– Оңой эмес чыгым кеткендир. Анын баарын өзүңүз көтөрдүңүзбү?
– Финансы жагынан жолдошум демөөрчү­лүк кылды. Мен уюштуруучулук жагын бүтүрдүм.
– Салтанатыңыз концерттик программанын коштоосунда өтсө керек?
– Ооба, Гүлнур Сатылганова, Урмат Усенов, Темир Назаров жана башка ырчылар ырдашты.
– Баса, жылдыздардын көпчүлүгү сиздин кызматыңыздан пайдаланышат экен.
– Ооба, алардын көпчү­лүгү менин кардарларым. Ырчылар менен иштеше баштаганыма эки жыл болду. Ал эми Ассоль Молдокматовага сегиз жылдан бери кызмат көрсөтөм. Ошондой эле Алексей Филатов да менин такай келүүчү кардарым.
– Алар да кызмат акысын башка кардарларыңыздай эле төлөшөбү?
– Ар кимиси менен ар кандай оозеки келишимим бар. Айрымдары акчалай төлөш­сө, айрымдары менен кызмат алмашуу түрүндө иштешем.
– Өзүңүз да модалуу болуп жүрүүнү каалайсызбы?
– Чачымды көк, жашылга боёгон убактарым да болгон. Азыр кандай болсом, ошондой болуп көрүнгүм келет.
– Негизи, бул кесипке кантип кызыгып калдыңыз эле?
– Негизи, мен бажы кызматкеримин. Мындан 10-15 жыл мурун чачтарачканаларга көп кирчүмүн. Ошондо чачтарачтарды көрүп ушунчалык суктанчумун. Ушул кызыгуум түрткү болуп окуусуна окуп, улам бир тепкичке көтө­рүлүп отуруп ушул деңгээлге жеттим. Он эки жылдан бери ушул кесипти аркалап келатам. Дагы деле бул боюнча калып калбай, өркүндөтсөм деген тилегим бар. Эмнегедир салондорумдун санын жыйырма бирге жеткирем деп ойлой берем.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан