Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык.
– Камчы, сени көпчүлүк актёр катары таанышат эмеспи. Жеке концертиңди бергени жатыптырсың, бул кандай тартипте өтөт?
– Менин өз кесибим актёр болгону менен мен ырдаган жагынан чоң ырчылардан кем калышпайм. Менин “Аза-Универсал” тобу менен ырдап жүргөнүмдү да көпчүлүк эле билсе керек. Азыр жаңы ырларды жаздырып жатам. Концертте болсо өзүмдүн аткаруумдагы ырларым жана “Дем” театрынын коштоосу менен аткарган интермедияларыма келгендер күбө боло алышат. Илгерки “Мыскыл жана тамашанын” стилине салып концертимди бир ыр, бир күлкү тартибинде өткөрөйүн деп жатам.
– Жеке концертиңди берүүгө эмне түрткү болду?
– Саясатчылар тууган-уругун чогултуп пикет, митинг өткөрүп жатышса, мен тууган-урукту чогултуп концерт берүүнү чечтим. Көптөн бери көрүшпөгөн тууган-урук, куда-сөөктөр менин концертимди шылтоо кылышып көрүшүп, сүйлөшүп, черлерин жазып жыргашсын. Концерт уюштуруумдун дагы бир себеби материалдык маселеге байланыштуу. Бир иш баштайын деп бирөөдөн миң доллар алып, өзүмдүн миң долларыма кошуп үйгө коюп койсом, уурулар уурдап кетишиптир. Ошонун акчасын ордуна коюш керек болуп жатат.
– Концерттен түшкөн каражат менен ал акчанын ордун толуктайм деп көзүң жетеби?
– Эгер ал акча чыкпай калса да өкүнбөйм. Бул негизги максат эмес, жөн гана концерт койгонго шылтоо болду. Күмөндөр байке: “Ай, сен ошол ууруларга рахмат айт, алар сенин акчаңды уурдабаганда концерт койбойт болчусуң да” деп жатпайбы. Анын сыңарындай, “акча үчүн коюлган концерт экен” дегендер жаңылышат. Концерт талаптагыдай өтөт. Атүгүл азыр аябай катуу даярданып жаткан чагыбыз.
– Биринчи жолу концерт уюштуруп жаткан адамга бир топ эле түйшүктүү болсо керек?
– Өз башыма келгенде бул иштин түйшүгүн сезип отурам. Такай концерт уюштуруп жүргөндөргө рахмат десе болчудай экен. Дагы жакшы, келинчегим менен кайнежем оорумду колдон, жеңилимди жерден алышып, түйшүгүмдү бөлүшүп жатышат. Ошондой эле өзүмдүн “Дем” театрымдын жигиттери да карап турушкан жок.
– “Тууган-уругумду чогултам” деп жатпайсыңбы. Антсең кайра эле өзүң банкрот болуп калбайсыңбы? Анткени, алардын баарына чакыруу билетин беришиң керек да?
– Азыр бекер эч нерсе жок. Концертке бир дагы чакыруу чыгарган жокмун. Тууган-уруктарым өзүм тараптан да, кайын журтум тараптан да аябай көп экен. Алардын баарына ачык эле: “Мегиле, сатып алып, акчасын бересиңер” деп билет таратып салгам. Аларга “концерт коюп жаттым эле, акча берчи” деп жалдырап баргандан көрө жардамын ушундай жол менен алганың жакшы.
– Концертиңдин кандайдыр бир өзгөчөлүгү болобу?
– Өзгөчөлүгү – концерттин басымдуу бөлүгү тамаша болот жана жалаң профессионалдуу куудулдар катышат. Мисалы, Күмөндөр Абылов, Болот Тентимишов, Бакыт Мукулдун үйбүлөлүк театры жана “Дем” театрынын жигиттери. Ошондой эле ырчы досторум да мени куттуктап келишет.
Акбар жаңы топ ачты
Таланттуу жаш ырчы Акбар Сүйүнбаев жаңы “Диско-80” деп аталган топ ачты. Бул топтун максаты – жаңы ырларды жаздырып, ага 1980-жылдардагыдай күчтүү обон, мыкты аранжировка жасап элге тартуулоо. Топ Нурмат жана Илич деген эки баладан туруп, бул жигиттердин кийимдери да, стили да ошол жылдардагы ырчылардыкындай болмокчу. “Азыр элдин көпчүлүгү, айрыкча, улуу ага-эжелерибиз сексенинчи жылдагы ырларды сагынып калышканы билинип турат. Ошол себептен “Диско-80” деген топту ачууну ойлонуп, азыр жаңы топ менен алышып жаткан учурум” дейт топтун жетекчиси Акбар Сүйүнбаев. Айта кетсек, “Диско-80” тобунун балдары менен Акбар “Жалгызым” деген биринчи ырын жаздырып бүтүштү. Демек, бул топтун ийгилигине күбө болуу мезгили алыс эмес.
Тынар менен Лилия ажыраштыбы?
«Кыргызстан Обондору» радиосунун булбулдай сайраган ди-джейи Лилия Абдубаитова менен белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин үйбүлө курушканын көпчүлүк билчү. Эми минтип, биздин угушубузга караганда, арадан үч жыл өткөндөн кийин жубайлар пикир келишпестиктен ажырашып кетишиптир. Балким, эки кочкордун башы бир казанда кайнабай калгандыр. Эмнеси болсо да, бул эки жаштын күйөрмандары үчүн жагымсыз жаңылык болду. Айта кетсек, экөөнүн ортосунда мотурайган Эмир аттуу баласы бар. Мүмкүн бул жөн гана таарынышуу болуп, акыркы чечим эмес чыгаар. Же Тынар Рахман акесинин жолун жолдогусу келип жатты бекен?
Артык менен Сапар аферистке алданып калыштыбы?
Артык менен Сапардын борбордогу күйөрмандары ырчыларын жоктоп калышса керек. Жигиттердин көптөн бери Бишкектен көрүнбөй калгандарынын себеби, алар азыр Ошто гастролдо жүрүшөт. Болгондо да продюсери менен түзүлгөн келишимди бузушуп, ага айтпай кетип калышкан. Себеби, “бышкан жемиш даамдуу болот” демекчи, балдардын талантын пайдаланып, акча табууну көздөгөн бирөө көп нерселерди убада кылып, аларды түштүккө алып кетип калган. Анын убадаларына ишенишкен Артык менен Сапар продюсерине билдирбей барып келебиз деп ойлошкон. Бирок, бул кабар продюсерге жеткенде Дана кыжырданып, балдардын артынан Ошко жөнөгөн. «Көп нерселерди убада кылган адам ырчылардын эмгегин жеп, убадаларынын бирин аткарбай качып кеткенде гана жигиттер аферистке туш болгондорун сезишип, жаңылгандарын моюндарына алып менден кечирим сурашты. Келишимди бузгандары үчүн мен Артык менен Сапарды сотко бере алмакмын. Бирок, алардын жаңылгандарын түшүнүп, кечирдим. Бирок, мындан кийин бул балдар менен мен өтө катуу тартипте иштеше баштайм” дейт Артык менен Сапардын продюсери Дана.
Мухтар жаштар борборун ачты
Белгилүү ырчы Мухтар Атаналиев студия ачты. Бул студия жаштар борбору болуп, жаштардын арасындагы чыгармачылыкка байланыштуу маселелерди чечип бергенге жардам берет. Андан сырткары, маданият тармагына кызыккан каалоочуларга колдоо көрсөтөт. Ал эми ырларды которуп алган ырчыларга каршы чара көрүп, өзүбүздүн акын, композиторлорубуздун ырларын чыгарганга жардам берет. Бул борбордун азырынча аты коюла элек. Бардык кыргыз маданиятын сүйүүчүлөр үчүн студиянын эшиги ачык.
Ынак эки кабат үй салууда
Чыгармачылык менен соода тармагын бирге алып кетип бараткан ырчы Ынак Осмоналиевдин учурда чоң эки кабат там салып жаткан кези. Тамды өз күчү менен тапкан акчасына Акордо жаңы конушуна салып жаткан үйүн ырчы күзгө чейин бүтүрүүнү пландоодо. Ал эми май айында «кызым Сумаянын тушоо кесүү тоюн берип, элдин батасын алгандан кийин үйдүн жумушуна баш-отум менен киришем” деп турат. Албетте, ырчынын чыгармачылыгы да четте калган жок. Ынактын азыр элдин колдоосуна алынган “Айлуу кеч” аттуу ырына клип тартып жаткан мезгили.
“Министрдин кызынын махабатынын” баасы түштү
Рустам Аташовдун “Министрдин кызынын махабаты” көркөм фильминин 1-2-бөлүктөрү борбор шаарыбыздагы “Россия” кинотеатрында көрсөтүлүп, билет баасы 100 сом болгон эле. Анда көпчүлүк студенттер үчүн кымбат болуп, кире албай калышкандары да болгон. Эми ошол студенттерге болуп көрбөгөндөй жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Республикалык “Манас” жаштар ордосунун суроосу боюнча “”Министрдин кызынын махабатынын” 1-2-бөлүгү кайра кайталанып көрсөтүлөт. Болгондо да арзандатылган баада (30 сом) болмокчу. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын десеңер 1-майдан баштап “Манас” кинотеатрына келе бергиле. Баса, ушул эле фильм 1-майдан тартып Ош, Жалалабат, Караколдо да көрсөтүлө баштайт.
“Бека” тобунун жетекчиси Бекназар үйлөнөт
Өзгөчө ырлары жана стили менен элдин колдоосуна арзыган “Бека” тобунун жетекчиси Бекназар келе жаткан жумада үйлөнөт. Бекназарга жубай болчу карабалталык кыздын аты Чынара, кесиби тарыхчы, учурда соода тармагында иштейт. 26 жаштагы бул кыз менен Бекназар 10 жыл мурун бир үйлөнүү тойдон таанышкан. Бул Бекназардын экинчи аялы экенин, биринчиси шоу-бизнесте аты белгилүү бир бийкеч болгондугун белгилеп кетели. Ийгиликтин артынан ийгилик келип, Бекназар машинасын жаңыртты, андан сырткары, “Шайтан араба” киносуна тартылууда.
“Бекназар, куш бооң бек болсун” дегенден башка айта турган сөзүбүз жок.
Максат Бегалиев үйлөндү
Таланттуу жаш ырчы Максат Бегалиев 22-апрель күнү үйлөндү. Ырчынын жүрөгүн багындырган Назгүл аттуу селки борбор калаабыздан. Ырчы азыр май айынын башында боло турган чоң тоюна камданууда. Аракетчил жигит үйлөндүм деп эле отуруп калбай, дагы деле болсо чыгармачылык менен алпурушуп жатат. Айта кетсек, ырчы “Максимум” аттуу экинчи альбомун чыгарууга даярданууда. Бул альбом Максаттын жалаң жаңы ырларынан түзүлгөн. Андан сырткары, ырчы Анталия жана Италия шаарларына атайын ырларына клип тарттырып келүү максатында жөнөп жатат. Буюрса, бүгүн 27-апрель күнү Максат Анталияга сапар тартты.