Белгилүү скрипкачы Аида Баякова “башкалардан эмнем кем?” деп ырдоого багыт алды. Бул Аиданын капысынан чыгарган чечими эмес. Ал мындай кадамга көптөн бери даярданып, вокалдан сабак алып жүргөн. Азыр Аида биринчи ырларын камдап, убактысынын көп бөлүгүн үн жаздыруучу студиялардан өткөрүп жаткан кези. Скрипкачынын жакында өзүнүн классикалык концертин бергенин, жакын арада дагы бир концертине даярданып жатканын эскерте кетели.
НУРЛАН КҮНӨӨЛӨРҮНӨН АРЫЛДЫ
Жаш ырчы Нурлан Алдаяров продюсери экөө Ысыката районунун Юрьевка айылындагы мечитке барып, күнөөлөрүнөн арылып келишти. Үч күнгө созулган дааватта ыйман жөнүндө көптөгөн билбегендерин үйрөнүп кайтты. “Өткөндө кабылган автокырсыктан кийин өзүбүзгө дем салдырып коюуну туура көрдүк. Азыр Кудайга шүгүр, жеңилдеп, ишибиз да илгери кетип жатат. Мына ушундай жакшы бурулуштан кийин чыгармачылыкка жаңы күч менен киришүүнүн алдында турабыз”,- дейт ырчы.
«АРТЫК & САПАР» ДУЭТИ ТАРАДЫ
Ырчы жигиттер Артык менен Сапар чогуу иштешкенден бери бир дагы жалгыздан ырдаган ырлары жок эле. Эми болсо Сапар Эркебаевдин жалгыз ырдаган ырлары радиолордон жаңыра баштады. Анткени, бул дуэт ортодогу келишимге карабай кандайдыр бир себептерден улам тарап, жигиттер эки тарапка кетишти. Ал эми жигиттердин продюсери Дана Сапар менен иштешүүнү чечти. Бул дуэттин эмне себептен тараганы жөнүндөгү кенен маалыматты гезитибиздин кийинки санына жарыялайбыз.
ИРЛАН АЙЫЛЫНАН БАТА АЛЫП КАЙТТЫ
Жаш ырчы Ирлан Таалайбеков өзү туулган Карабуура районунун Чолпонбай айылына барып, айылдаштарына бекер концерт коюп, аксакалдардан бата алып келди. Ирлан менен ырчылар Мирбек Иманбеков, Кайрат Примбердиев, Сапар Эркебаев, Чолпон Чотбаевалар кошо барышып, чолпонбайлыктарга эки жарым сааттык концерт тартуулашты. Ирлан менен сыймыктанышкан жердештер бир жумадан бери талаа жумуштарына чыгышпай, ырчыны чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдиришти. Эми Ирлан сентябрдын башында өтүүчү жеке концертине даярдана баштайт.
НАЗИРА МУГАЛИМ БОЛДУ
Тили буудай кууруган алпаруучу Назира Айтбекованын университетти аяктап жаткандыгын өткөн саныбызда жазган элек. Назира дипломун алып жатканда өзү окуган “Ататүрк-Алатоо” университетинин мугалимдери зээндүү кызды кетиргилери келбей, тил боюнча мугалим болуп иштөөсүн сунуш кылышты. “Эми сентябрдан баштап мугалим болуп иштеп, баш-отум менен жаңы жумушка киришем. Ошондой эле сүйүктүү кесибим болгон алпаруучулукту да бирге алып кетем”,- дейт Назира.Эске салсак, Назира азыр «Жаңылыктар» программасын алпарып жатат.
АЛЬКАМИЛЬ БЕЛЕККЕ СКРИПКА АЛДЫ
Жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчы Алькамиль 23-июнь күнү 11-класстарды бүтүрүү кечеси менен куттуктап, бир жерге барып ырдап келген. Бул кечеге келген бизнесмен киши жаш ырчынын талантына жана бийлеген өнөрүнө баа берип, кече бүткөн соң Алькамиль менен отуруп кенен сүйлөштү. Ал бизнесмен жаш ырчынын ырдаганын жактырып калдыбы же марттыгы тутуп кеттиби, айтор, продюсери Алексей Филатов менен кеңешип, 27-июнь күнү Алькамилге 1200 долларлык скрипка белек кылды. Айта кетсек, мындан кийин Алькамиль ар бир ырын жандуу ырдоо менен бирге скрипканы да ойноп турат.
ЫРЧЫЛАР КИНОГО ТАРТЫЛЫШАТ
Кыргыз фильмдеринин катарын толуктамакчы болгон “Кайып булак” деп аталган мистика жанрындагы кино тартылууга даярдалып жатат. Башка фильмдерден өзгөчөлүгү – бул фильмдин каармандарынын баары азыркы кыргыз эстрадасынын жылдыздары болуп, өз аттары менен катышышмакчы. Неля, Бактыгүл, Ильяз Абдыразаков, Сема жана башка он чакты ырчылар азыр актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып жатышат. Бул ырчылардын ичинен Неля негизги каармандын ролун ойномокчу. Ал эми фильмдин негизги идеясы – Кыргызстандагы касиеттүү жерлерди даңазалоо. Арсланбап аймагынан тартылмакчы болгон бул фильмдин съёмкасы 10-июлдан башталат. Фильмдин режиссёру Рысбек Жабиров «Кайып булакты» эгемендүүлүк күнүнө карата толук түрдө бүтүрүп, элге сунуштоону максат кылып жатат.
АЛЕКС АЛПАРУУЧУЛУККА ДАЯРДАНУУДА
Шоу-бизнеске жаңыдан аралаша баштаган ырчы жигит Алекс эми өзүн башка тармактан сынап көрүүнү чечти. УТРКда даярдалып жаткан жаңы долбоорду алпарууну Алекске сунушташканда ырчы бул сунушту чын дилинен кабыл алды. Кыргыз тилиндеги бул долбоорду алпарууга азыр Алекс дикциясын жакшыртып, актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып, кызуу даярданып жатат. Бул долбоордун аталышы жана эфирден качан чыгаары азырынча белгисиз.