МИРБЕК РЭППЕР БОЛУП КЕТТИБИ?

МИРБЕК РЭППЕР БОЛУП КЕТТИБИ?
Жаш ырчы Мирбек Атабековдун ырдоо стилин өзгөрткөндүгү тууралуу редакциябызга ырчынын продюсери Канат Култаев билдирген эле. Канаттын айтуусуна караганда, эми Мирбек эстрадалык ырлардан тышкары рэп стилиндеги ырларды да ырдайт жана учурда бир топ ырларды жаздырып бүт­көн. Ырчынын өзү менен байланышканыбызда ал: “Адам өсүү менен бирге өзгөрүп да туруусу керек. Ошондуктан, бир эле калыпта жүрө бербей, күйөрмандарыма жаңы ачылыш тартуулоону туура көрдүм. Учурда элдин суранычы боюнча “Алтын энем” деген ырыма клип тарттырып жатам. Клипте ырчынын энесинин, башкача айтканда, менин энемдин ролун белгилүү актриса Шайы­р Касымалиева ойнойт. Бул жаңы клипти ушул жумада теледен көрө аласыздар”,- деп баяндады.

БАКТЫГҮЛ РЕСТОРАН ИШТЕТИП ЖАТАТ
Сулуу кызыбыз Бактыгүл Бадыева “Кайып булак” киносуна тартылып келген соң ишин ийгилик коштоп, ресторан иштеткенге өттү. Ал ресторан “Светоч” деп аталат жана Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Башкача айтканда, эл көп жүргөн жерден орун алган. Мындай ыңгайлуу шарт кардарлардын көп болушуна алып келет эмеспи. Демек, Бактыгүлдүн ресторанды ижарага алып иштеткенине карабай, мол киреше табууга мүмкүнчүлүгү бар. “Азырынча ижарага алып иштетип жатам. Буюрса, өзүмө толук өткөрүп алгандан кийин ресторандын атын өзгөртүп, ичи-тышын өзүмө жаккандай кылып кайрадан жасатып алам”,- дейт ырчы. “Сага ресторан ачканга ким жардам берди?”- деген сурообузга Бактыгүл айым ойлонуп туруп: “Эжем администратор болуп иштеп жардамдашып жатат”,- деп жымсалдатып жооп берип кутулду.

АНАПИЯ КИТЕП ЧЫГАРАТ
“Үч теректин үч кызы” атка конгон бир тууган Раимбековалардын улуусу Анапия эжекебиз чыгармачылык менен кызуу иштеп жатат. Буга далил катары өзүнүн обондуу ырлар китепчесин чыгарганы жатканын айтсак болот. Анткени, Анапия айым өз талантынын артында кыргыздын чыгаан акындарынын ырларына обон чыгарып келет. “Башында кыскача өмүр баяным жазылат жана мен обон чыгарган 20дан ашык ыр кирет. Айта кетчү нерсе, өмүрүмдө сөзүн өзүм жазган бир гана ырыма обон чыгардым. Ал ырым да ушул китепчеге камтылат”,- дейт бул тууралуу ырчы. Андан тышкары, учурда ырчы өзү иштеген Улуттук филармониянын оңдоп-түзөө иштерине кол кабыш кылып жатат.

“БРАВО” БИР ЖАШКА ТОЛГОНУН БЕЛГИЛЕЙТ
Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Браво” телекөрсөтүүсү 1-август күнү бир жашка толот. Бир жылдык юбилейи менен бул күнү куттуктап бардык ырчы жылдыздар келишип, эфир майрамдык маанайда болмокчу. Ошондой эле “Бравону” туулган күнүндө берүүнү мурдагыдан өзгөчөлөнүп Нурзат Токтосунова, Эрмек Нурбаев, Элнура Өмүркулова жана Динара Ысыкеевалар төртөөлөп алып барышмакчы.

ЖЫЛДЫЗДАР ЖООКЕР БОЛГОНДО
“Жоокер жылдыз” реалити-шоусуна катышкан жаш ырчылар: Сапар Эркебаев, Эрлан Таалайбеков, Кайрат Примбердиев, Ильяз Андаш азыр аскердик мөөнөтүн өтөп жаткан кездери. Бул шоунун максаты – жаштарды патриоттукка үндөө. Өткөн жумада Коргоо министри Исмаил Исаков Койташтагы ырчы жоокерлерге барып, алардын жашоосу менен таанышып келди. Жоокердик жашоо ушунчалык эргүү бергенби, айтор, 4 ырчы чогулуп, жаңы патриоттук ырларды жаратып жибергенге жетишишкен экен. Эми ал жактан келгенден кийин ал ырларга аранжировка жасатып, күзүндө ырдап чыгышмакчы. Ошондой эле жума сайын ырчылардын продюсерлери барып, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келип жатышканын кошумчалай кетели.

ЧЫҢГЫЗ КҮЙӨРМАНЫНА БЕЛЕК БЕРЕТ
Өткөн саныбызда түз байланышта Чыңгызга берилген тамашалуу, кызыктуу суроолорго Чыңгыз да тамаша иретинде жооп берген болчу. Аны окуган Чыңгыздын күйөрмандары телефондун жаагын тындырбай “чын эле ошондойбу?” (“Чыңгыз ушул убакка чейин өбүшүп көрө элекпи?”) деп сурап, тынчтык бербей жатышкандыгынан улам кайрадан жооп берүүгө туура келүүдө. Чыңгыз ушул суроону берген Бактыгүлгө жана тишине байланыштуу суроо берген Оксанага “качан өбүшкөнүм так эсимде жок, бирок, мектептеги кезим экенин билем” деп так жооп берип, өзүнүн компакт-дискин белекке калтырып кетти.

СУЛТАН МЕНЕН МИРБЕК ПРОДЮСЕРЛЕРИН ЧАНДЫБЫ?

«Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн орун алган ырчы достор Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбеков продюсерлеринен кетишти» деген кабарды угуп, алар менен байланышкан элек. Бирок, экөө учурда гастролдо болгондугуна байланыштуу телефон аркылуу бирден гана сурообузга жооп алууга туура келди.

ПРОДЮСЕРИҢДЕН ЭМНЕ ҮЧҮН КЕТТИҢ?
Султан: «Эми чоңойдум, дагы деле Динара эжеге эркелеп отура бербей, өзүмчө оокат кылууну туура көрдүм».
Мирбек: «Кудай берген ырыскымды бирөө менен бөлүшпөй, өзүм терип жегенди кааладым».

ПРОДЮСЕРЛЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Ал эми эки ырчынын продюсерлерине
байланышканыбызда төмөнкүдөй жооп алдык.

Динара Эсенгулова (Султандын продюсери):
– Эмнеге кеткенин мен деле түшүнбөй калдым. Ортодо эч кандай уруш-талаш деле болгон жок. “Динара эже, сизге рахмат. Сизди сыйлайм, урматтайм, ыраазычылыгымды билдирем. Мен өзүмчө иштөөнү туура көрдүм”,- деп айтты. Мен: «Келишим бүткөнгө чейин иштебейсиңби?»- десем, ал: «Жок, болбойт. Анткени, мен жана Урмат Усенов, Мирбек Иманбеков үчөөбүз «продюсерлерден кетебиз» деп эркекче кол алышып койгонбуз. Ошондуктан, эч нерсе кыла албайм»,- деп туруп алды. Мирбек го досу экен, жумуштарын бирге жасап дегендей. Урматка эмне жок? Урматтын биздин ишке аралашып, Султандар менен кол алышканын мен түшүнбөй турам. «Эмне, бул жерде Урмат бузукулук кылып жатабы?» деп да ойлоп кетет экенсиң.

Асыл Апасова (Мирбектин продюсери):
– Мен Мирбекти 20 күндөн бери күтүп жатам. Кел, сүйлөшөлү десем, «бош эмесмин» деп болбойт. Эми бул качып жатканы да. «Мен ырыскымды өзүм терип жешим керек» дептир. Ал эми Мирбектин мага келгенче ырыскысы кайда эле? Менин ушул суроомо жооп берсинчи?! Дагы эмне болоорун убакыт көргөзөт. Негизи, адамдын пейили ток болушу керек экен да.
Бул жөнүндө дагы кененирээк маалыматты, тактап айтканда, Султан, Мирбек продюсерлерине каршы эмне себептен бунт чыгарып жатышкандыгы жана Урматтын буга кандай тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматты өздөрүнөн алып, тактап, кийинки санга бергенге аракет кылабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан