Белгилүү ырчы Жанета жакында бир кызык окуяга туш болду. Ал Нарын шаарындагы күйөрмандарына өз өнөрүн тартуулоо үчүн концерт коюп барган. Нарындыктардын жаш-карысы калбай келген бул концертке мына-мына көз жарат деп турган кош бойлуу келин да келген экен. Концерт ортолоп, элдер ырдын кызыгына батып калган маалда ал келиндин толгоосу кармап калбаспы. Дароо доктурга жеткирилген келин аман-эсен кыз төрөп, кызынын атын «Жанетадай атактуу адам болсун” деп Жанета коюптур.
СЪЕЗДБЕКТИ ЖАРНАМАЛЫК ЩИТТЕРДЕН
КӨРӨ АЛАБЫЗ
Артисттик жактан такшалып калган ырчы Съездбек Искеналиев эми жарнамалык щиттерге чыга баштайт. Ырчы “Бон Вояж” деп аталган туристтик агенттикти реклама кылмакчы. Азыр рекламага сүрөттөргө тартылуу бүттү. Эми теледен кетүүчү роликтерге тартыла баштайт. Ошондо Съездбекти телероликтерден жана жарнамалык щиттерден октябрь айында көрө алабыз.
АЙГЕРИМДИ ИЗДЕГЕН БАЛДАР 30 МИҢ
СОМ АЙЫП ТӨЛӨШТҮ
Жигиттердин жүрөгүн сыздаткан эстраданын дагы бир сулуу ырчысы Айгерим менен жакындан таанышып, аны менен сүйлөшкүсү келген жигиттердин саны арбын экен. Анткени, мындан туура бир жыл мурун Айгеримдин 35-22-88 номерин Гүлзада деген эже жактырып, сатуусун суранган. Бул номерди сатып алганынын себеби, ал эженин жашаган үйүнүн номери 35, машинасынын номери 22 88 экен. Бул эжеге Айгерим номерин белек катары берген эле. Ошондон бери жигиттер эженин телефонуна чалып, Айгеримди сурап тажатышат. Гүлзада эже “бул номерди мен сатып алгам, чалбагыла” деп жакшы да, жаман да айтканга түшүнбөгөн балдардын номерин акыры милицияга берип, тактоону өтүнөт. Акыры ким чалып ойноп жатканын тапкан орган кызматкерлери Айгеримди да чакырышат. Кечке тажатып чалып, Айгеримди сураган үч бала Кыргызстандын белгилүү эле инсандарынын балдары экен. Балдар Айгеримден жана Гүлзада эжеден кечирим сурашып, моралдык доо кетиргендери үчүн Гүлзада эжеге ар бири 10 000 сомдон айып төлөштү.
ЫСЫККӨЛДҮН АКИМИ БОРОНЧУНУ
БАНКРОТ КЫЛДЫБЫ?
Белгилүү куудул, ырчы Борончу Кудайбергеновдун “Куйручук” маданий борбору Ысыккөлдүн сезондук ачылышынын урматына чоң концерт уюштурган эле. Ошол концертте Ысыккөл районунун акими аларды банкрот кылганын “Куйручук” маданий борбору бизге кабарлады. Алардын айтымында, концерт башталаардын алдында акимди “сөз сүйлөп, кечени ачып берсин” деп чакырышса, аким келип, куттуктоо сөзүн сүйлөп: “Концертти 100 сомдон эмес, бекер кылсаңар болмок”,- деп айтат. Аны уккан сыртта турган эл эшик тоскондорго баш бербей бекер кирип кетишкен. Анан акимге: “Бул эмнеңиз?”- деп кайрылышканда: “Мен жооп берем”,- деген экен. Ошентип, бул борбор эки күндүк концерттен 172 миң сомдук зыян тартып калган. “Андан бери аким буга жооп бермек турсун бизди теңине албай койду”,- деп нааразычылыктарын айтып кетишти “Куйручук” маданий борборунун кызматкерлери.
АСЕМА ФРАНЦУЗ КИНОСУНА ТАРТЫЛУУДАН
БАШ ТАРТТЫ
Учурда популярдуу болуп жаткан “Боз салкын” киносундагы башкы каармандын ролун ойногон Асема Токтобекованы жигиттер жөн коюшпайт экен. Жылуу сөздөрүн айтышып, белектерин берип, гүл салып жиберишет. Кыргыз жигиттеринен кем калбай француздар дагы өз киносуна тартылууга сунуш кылышкан. Бирок, буга Асема макулдугун берген эмес. “Анткени, фильмде эротикалык эпизоддор бар экен. Бул нерсени ойноо кыргыздын кыздарына жарашпайт”,- дейт Асема.
КУБИК КИТЕП ЧЫГАРАТ
Куудул жана ырчы Кубик Калыков китеп чыгаруунун алдында турат. Бул китепке куудулдун азил-тамашалары, сатиралары жана тамашалуу ырлары кирет. Китеп айрыкча жаш куудулдарга жакшы белек болмокчу. Анткени, анын ичинде интермедия, сатиралар сахнага ойногонго ылайыкташып жазылган. Китептин аты “Кубиктин тамашалары” деп аталат.
СЫЙМЫК БАШ БАЙГЕГЕ “МАЗДА”
АВТОМАШИНАСЫН КОЙДУ
Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев жылда 31-август Эгемен күнүнө арналган майрамда караколдук туугандарга концерт туртуулап келет. Быйыл да ал жакшы жөрөлгөнү улантып, 31-августта караколдуктарга ыр арнап, майрам тартуулоонун алдында турат. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, бул концертте ар кандай конкурс, оюндар уюштурулуп, жеңүүчүгө “Мазда” автомашинасы белекке берилмекчи.
“Кайып булак” жакында
“Кайып булак” фильмине катышып, өзүнүн дагы бир талантын элге тартуу кылганы жаткан ажарлуу ырчы Бактыгүл Бадыева фильм жөнүндө бизге төмөнкүдөй кеп салып берди.
Бактыгүл Бадыева:
«БИР ЧАРА БАЛЫКТЫ ЖЕП АЛЫП СУУСУГАНДЫ КӨРӨ БЕРИҢИЗ»
– Бактыгүл, фильмде Урмат экөөңөр кыз-жигиттин ролун аткарыптырсыңар. Бул өзүңөрдүн каалооңор менен болдубу же ушундай роль туш келип калдыбы?
– Мага эмнегедир башка менен эмес, Урмат менен түгөй болуп ойногон роль туш келип калыптыр. Ушундай бөлүндүбү, демек, ойношум керек болду.
– Жигитиң кызганган жокпу?
– Ал түшүнөт. Кызганган жок.
– Сен үчүн киного тартылуунун эмнеси кыйын болду?
– Маанайың жакшы болуп, шарактап жүрсөң эле “ыйла” дешет. Ошол учурда ыйлоо мен үчүн өтө кыйын болду. Бирок, режиссёрдун буйругун аткарбаска айла жок эле. Ата-энемди сагынганымды эстеп, көзүмдөн жаш чыгарып ыйлап жаттым. Андан башка кыйынчылык туудурган жери болгон деле жок. Анткени, съёмка башталаардан бир жума мурун актёрдук чеберчилик боюнча бир жума сабак алганбыз.– Съёмка учурундагы кайсы көз ирмемдер эсиңде калды?
– Съёмка башталгандан бүткөнгө чейин мен үчүн кызыктуу да, көңүлдүү да болуп жатты. Акыркы күндөрдүн биринде үңкүрдө тартылыш керек болгон эпизодго даярданып калдык. Ал күнү бизге көлдөн балык кармашып, түштө бир чара туздуу балык беришкен. Оюбузда эч нерсе жок эле жеп алганбыз. Анан съёмка башталганда суусаганды көрө бериңиз! Ал убакта биз үңкүрдө суусап, кыйналган эпизоддорду тартып жаттык. “Суусадык” десек, “азыр алып келебиз” деп коюп жүрө беришти. Көрсө, сууну мурун эле алып келишип, катып коюшкан экен. Бизди суусаган адамдын образын жасалма эмес, чындап чагылдырып беришсин деп атайын туздуу балык жедиришиптир. Съёмка бүтөөрү менен чуркап барып, өзүм жалгыз бир литр «Коланы» ичип койдум.
Маектешкен Азиза Сатимбекова