Лондон. 2-декабрь. Мынакей, сенсация! Англиялык «Спайс гёлз» (“Калемпир кыздар”) тобу кайрадан бирикти. Миллиондогон музыка сүйүүчүлөрүнүн бүйүрүн кызыткан бул топ кайрадан биригээри менен эле дүйнөлүк турнеге аттанды. Алардын эң алгачкы көрүүчүлөрү болуп Канаданын Ванкувер шаарынын тургундары болушту. Топ дал ушул шаарда «Спайс гёлздун кайтып келүүсү» деп аталган чогулгандан кийинки алгачкы концертин беришти. Бул топтун биздин өлкөдө да көп сандаган күйөрмандары бар экендиги талашсыз…
1998-жылы «дүйнөдөгү эң популярдуу кыздар тобу» деп табылган “Спайс гёлз” 1993-жылы түзүлгөн эле. Алгач Лондондун «Stage» деп аталган журналына «жаңы топко 18ден 23 жашка чейинки ыр-бийге шыктуу таланттуу кыздар кабыл алынат» деген жарыя чыгат. Тез эле ырдап чыгууну каалаган 400дөн ашык кыздар тизмеге жазылышкан. Кылдаттык менен тандоо жүргүзүлүп, алардын арасынан Мелани Браун (Мел Би), Мелани Чисхолм (Мел Си), Виктория Адамс, Жери Холливел жана Мишель Стивенсон (кийин ордуна Эмма Бантон келген эле) аттуу кыздар топко кабыл алынган. Менеджер Боб Герберт жетектеген бул квинтет алгач өздөрүнө “Touch” (тийишүү) деген ат беришет. Бирок, бир аз убакыттан кийин эле алардын алгачкы “Кумшекер жана калемпир” аттуу ыры эл тарабынан жакшы кабыл алынып, мунун артынан топтун атын да “Калемпир кыздар” деп атоону туура көрүшкөн. Көп узабай эле топтогу кыздар өз алдынча болууну каалап, жетекчиси Боб Герберт менен иштешүүдөн баш тартышат. Бирок, мындан эч пайда таппаган топтогу кыздар түзүлгөнүнө 3 жыл толгондо гана кайрадан жетекчи керек экенине ынанышып, Саймон Фуллер аттуу менеджер менен иштеше башташкан. Дал ушул жылдардан тарта дүйнөлүк популярдуулукка кадам ташталып, эл оозуна алынууга жетишишет. Топтун “Күйөрмандар” деп аталган ыры тез эле дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө биринчи орунга чыгып, топтогу кыздар эң атактуу адамдардын катарын толукташкан.
1996-жылы топтун “Калемпир” аттуу алгачкы альбому жарык көргөн. Бул альбомдон орун алган ырлары менен “Спайс гёлз” дүйнөлүк хит-параддын биринчи орунун бир нече айлар бою кармап турушкан, жыйынтыгында, 1997-жылы MTV каналы тарабынан “Жылдын эң мыкты кыздар тобу” деп табылышкан. Андан тышкары, “Эң популярдуу топ” наамынын 4 жолку ээси болушкан. “Калемпир” кыздардын аткаруусундагы ар бир чыгарма тез эле дүйнөлүк масштабда заманбап бий музыкасынын үлгүсүнө айланып, популярдуу болууга жетишет. Ал гана эмес, көпчүлүк рекламалык роликтерге тартылып, кино тасмаларда да роль жаратууга үлгүрүшөт.
“Ар бир иштин башталышы жана аягы болот” демекчи, 1998-жылы топтогу башка кыздар менен пикир келишпестиктин айынан Жери Холливел биринчилерден болуп “Спайс гёлзду” таштап кетүүгө аргасыз болгон. Андан көп узабай эле Виктория Адамс менен Мелани Браун турмушка чыгып кетишкен эле. Ошентсе да чыгармачылыгын аксатпастан бул жылы топтун кыздары “Бүткүл аалам” деп аталган жаңы альбом чыгарышкан. Ал эми 2000-жылы чыккан “Түбөлүк” аттуу популярдуу композициясынан кийин топ биротоло тарап кеткен. Бирок, ар кимиси өз иштери менен кетип, топтун тарашы тууралуу расмий түрдө жар салышкан эмес. “Спайс гёлз” ал учурда болгону эки гана альбом чыгарууга жетишкени менен алардын сатылышы боюнча дүйнөлүк рекорд койгонго үлгүрдү. Сатылган пластинкаларынын саны 53 миллион даанага жеткен.
2004-жылы “Топ кайрадан биригүүнү пландашууда” деген кептер тараган эле. Ал тургай кирешесин да эсептеп чыгарышкан болчу. Эгерде “Спайс гёлз” кайрадан бириксе, анда 75 миллион доллар киреше тапмак. Топтун мүчөлөрүнүн бири Виктория Адамс мурунку кесиптештерин үйүнө чакырып мындай сунушун киргизгенде Мелани Чисхолмдон башкасы макулдугун беришкен эмес, ал тургай Жери Холливел келбей да койгон.
Быйылкы жылы топтун кайрадан биригишине дагы да болсо Викториянын салымы чоң. Өзүнүн кичүү баласынын туулган күнүнө арналган кечеге мурдагы кесиптештери “Спайс гёлз” тобунун кыздарын чакырган эле. Топ тарагандан кийин алгачкы жолу 5 курбу ушул кечеде чогулуп, кайрадан биригип ырдап чыгууну чечишкен. 2-декабрда алгачкы концертин бергенден кийин эми “калемпир” кыздар дүйнөнүн бардык континенттерине чыгармачылык сапар тартышты.
Айта кетчү нерсе, 15-декабрда өздөрүнүн кичи мекени болгон Лондон шаарында өтүүчү концертине билеттер интернет аркылуу 38 секунд ичинде сатылып кеткен. Билетке жетишпей калган күйөрмандарынын нараазычылыктарынан улам концерт дагы эки күнгө узартылат.
Жери Холливел
Толук аты – Жеральдина Эстелла Холливел, топто “Имбирь кыз” деген кошумча аты бар. 1972-жылы 6-августта Лондон шаарында туулган. Атасы машина сатуу менен оокат кылчу. Жери мектепти аяктагандан кийин акча табуу аракетинде жергиликтүү барлардын биринде тейлөөчү (официантка), пол жуугуч, сатуучу болуп эмгектенген. Ал гана эмес, Жерини порномодель жана телеалпаруучу катары да көпчүлүк тааныйт. Кийинчерээк өз талантын пайдаланып түнкү клубдарда бийчи, ырчы болуп да кызмат кылган. Ошол кезде гезитке жарыяланган кастингге барып көрүүнү чечип, жыйынтыгында, “Спайс гёлз” тобуна кабыл алынган эле. 1998-жылдан тарта жеке ырчы болууга өтүп, топтон кеткендиги тууралуу жар салган болчу. Ушул күнгө чейин өз алдынча үч альбом чыгарууга жетишти.
Мелани Чисхолм
Толук аты – Мелани Жей Чисхолм, “Спайс гёлз” тобунда “Мел Си” жана “Спортчу кыз” деген кошумча аттары менен таанымал. Англиянын Ливерпуль шаарында 1974-жылы төрөлгөн. Кичинекей кезинен эле музыкадан сабак алып, атактуу ырчы, бийчи болууну каалачу. Ошондуктан, топко келе элек кезинде эле жеке ырчы, ал гана эмес, балерина катары да таанымал эле. Топтогу эң таланттуу айым катары күйөрмандарынын колдоосуна арзыган. Ал эми топ таркагандан кийин жеке чыгармачылыгы менен алектенип, 4 студиялык альбом чыгарууга жетишкен.
Мелани Браун
“Спайс гёлздогу” кошумча аты – “Мел Би” жана “Коркутуучу кыз”. 1975-жылы 29-майда Англиянын Лидс шаарында жарыкка келген. Хип-хоп жанрындагы музыка сүйүүчүлөрүнүн катарын толуктайт. Лондондогу музыкалык колледждердин биринде барабан кагуу жаатында билим алган. Бийлөөгө шыктуу экендигин да айта кетпесе болбос. 1993-жылдан тарта “Спайс гёлз” тобунун солисткасы катары аты таанылган. 1998-жылы турмушка чыгып, кайрадан 2000-жылы пикир келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен. Кийин атактуу актёр Эдди Мерфи менен жакын мамиледе болуп, андан бир кыздуу болгон эле. Бирок, экөөнүн мамилеси баш кошууга чейин барган эмес. Жакында эле Меланини «жашыруун түрдө кинопродюсер Стефан Белафонтко турмушка чыкты» деген кептер тарады.
Виктория Адамс
Витория Адамс, “Керилген келишимдүү кыз” 1975-жылы 7-апрелде жарык дүйнөгө келген. “Калемпир” кыз Виктория жетиштүү турмушта чоңойгон. Ата-энеси өтө бай болгондуктан, кээде “мени ролс-ройс менен мектепке жеткирбегиле, классташтарым күлүшөт” деп суранчу экен. “Спайс гёлздун” башка кыздарындай эле 1993-жылы топко кабыл алынган. Ал эми 1998-жылы дүйнөгө аты таанымал англиялык мыкты футболчу Дэвид Бэкхэмге турмушка чыккан. Учурда эки баланын энеси. Бактылуу эне, сүйүктүү жар жана атактуу ырчы.
Эмма Бантон
Топтогу “Наристе ырчы кыз” атка конгон Эмма Бантон кесиптештеринин баарынан кичүү, 1976-жылы 21-январда төрөлгөн. Апасы каратэ машыктыруучусу болгондуктан, кызын да бул тармакта жакшы даярдаган. Чачын байлап жүрүүнү жактырган Эмма табигый сары чачтуу. Кичинекей кезинен эле модель болууну каалап, балдар үчүн ар кандай буюмдардын рекламаларына тартылган. Киного тартылуу үчүн болгон күчүн жумшаганы менен кинорежиссёрлор “шыгың жок” деп Эмманы тасма аянтынан узатып коюшчу. Кийин музыкадан окутуучусу “Спайс гёлз” тобундагы кетип жаткан Мишель Стивенсондун ордуна жүргүзүлүп жаткан кастингге барып көрүүсүн сунуштаган. Жыйынтыгында, топтун жаңы солисткасы аталган. Топ тарагандан кийин өз карьерасын өстүрүп, азыркы күнгө чейин 3 альбом жаратууга жетишти.
Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева