АНЖЕЛИКА НАРИСТЕ КҮТҮП ЖАТАТ

Айдай сулуу Анжеликанын үстүбүздөгү жылдын башында турмушка чыкканы жөнүндө баарыбыз эле кабардар болгонбуз. Эми минтип бул кызыбыз жолдошу экөө наристе күтүп жатышкан учуру. Учурда Анжеликанын боюндагы бала 6 айлык болуп калды. “УЗИге түштүм, ал жактан эркек же кыз экенин көрө албай коюшту. Бул биздин тун балабыз болгондуктан, кыз же эркек экенинин мааниси жок. Негизгиси, аман-эсен төрөп алсам эле болду. Буюрса, жылдын аягында төрөп, анан жаңы жылдан баштап чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеймин”,- деп билдирди Анжелика.

ИБРАГИМ КИНОГО ТАРТЫЛУУДАН БАШ ТАРТТЫ

Профессор, ырчы Ибрагим Жунусов киного тартылуудан баш тартты. Бул Жаныш Кулманбетовдун “Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза” деген аталыштагы киносу болчу. “Кинонун сценарийи жакты, профессионалдык деңгээлде экен. Бирок, мага берилген роль өзүмө жакпады. Мен үчүн сценарийди эки жолу өзгөрткөнгө туура келди. Баарыбир мага туура келбей койду. Анткени, мен аткара турган роль кыздардын артынан көп ээрчиген режиссёрдун ролу экен. Мага мындан башка дагы кинолорго тартылууга сунуштар түшүп жатат. Азырынча жообун бере элекмин. Карап көрүп, мага ылайык роль болсо тартыла берем”,- деп билдирди Ибрагим аке.

“ЭЛЕГИЯГА” ЖАҢЫ СОЛИСТКА КЕЛДИ

Белгилүү ырчы Ибрагим Жунусов түзгөн “Элегия” тобундагы Айчүрөк турмушка чыгып, анын орду бош калган эле. Азыр топко анын ордун баскан 16 жаштагы Жибек аттуу кыз келди. Бул кыз кастингде бир канча кыздардын арасынан өзүнүн өзгөчө таланты менен атаандаштарын артка калтырып, топко кабыл алынды. Эки айдан бери Ибрагим агай Жибекти даярдап, жаңы ырларды жаздырып жатат. Эми Жибек сахнага алгач октябрь айында Ошто өтүүчү Ибрагим Жунусовдун жеке концертинде ырдап чыкмакчы. Андан соң Жибектин ырлары радиолордо жаңыра баштайт.

АЛМАЗ МЕНЕН ЗАРИНА УУЛДУУ БОЛУШТУ

Белгилүү алпаруучулар Зарина Эсенбаева менен Алмаз Касымалиев 26-август күнү балалуу болушуп, кубанычтары коюндарына батпай турган кездери. “Балабыздын атын чоң ата, чоң энеси кеңешип, Нурдан деп коюшту. Азырынча кыркы деле чыга элек, мага окшоп жоош болот окшойт, көп ыйлабайт. Тун уулум болгондуктан, Зарина экөөбүз кубанып эле балабыздын жытын искеп отуруп калдык. Зарина бир жарым жылга чейин жумушка чыкпай баланы тарбиялап үйдө болот. Менин жумушум көп болгондуктан, Заринага да жакшы каралаша албай жатам. Эртең менен 6да кетип жатканда балам уктап жаткан болот, кечинде 10до барсам да уктап жаткан болот. Баламдын жанында көпкө боло албай жатам”,- дейт Алмаз мырза.

"КЫЗЫКЧА" КАЙРАДАН ЭФИРДЕ

Жаштардын сүйүктүү “Кызыкча” көрсөтүүсү жарым жылдык тыныгуудан кийин октябрь айынан баштап кайрадан эфирге чыгуунун алдында турат. Болгондо да бул программа баштан-аяк жаңыча болмокчу. Ошондой эле көрсөтүүдө өзгөчө рубрикалар ачылган. Башкача айтканда, көрсөтүүнүн жүрүшүндө конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тартууланат. Андан сырткары, “Үкү” тобуна кастинг аркылуу балдар кабыл алынган эле. “Кызыкча” көрсөтүүсүндө бул балдардын өнөрү элге тартууланып, элдин сынынан өткөн таланттуу балдар “Үкү” тобуна кошулушмакчы.

ЮЛИЯ РУЦКАЯ ТАМАКТЫ РЕКЛАМА КЫЛАТ

Кыргыз тилинде так ырдаган орус улутундагы ырчы кыз Юлия Руцкая рекламалык щиттерге да чыга баштады. Башкача айтканда, мындан бир жума мурун Юлияны вареник чыгарган фирма бул тамакты реклама кылууга чакырган. Мындай сунуштан Юлия баш тартпастан макулдугун берген. Эми мындан ары “Народный” азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдөгү чоң щиттерден Юлиянын сүрөтүн көрө алабыз. Ошондой эле бул кызыбыз ырчылык жана рекламага тартылуудан сырткары алпаруучулукту аркалап, “Кутман таң” көр­сөтүүсүн да алпарып келаткан учуру.

ЖАНАРА АТАБЕКОВА РАДИОГО КАЙТЫП КЕЛДИ

“Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи булбул үндүү Жанара Атабекова март айында радиодон кеткен эле. Минтип 5 айлык эс алуудан кийин кайрадан эфирге чыгып жаткан кези. “Эфирден кеткенимдин биринчи себеби баламды жакшы тарбиялоо, экинчиден, телевидениеден да өзүмдү сынап көрөйүн деп НБТ каналында иштедим эле. Эмнегедир мага радио эле жакындай сезилди. А телевидение болсо мен үчүн эмес экен. Ошентип, кесиптештеримдин чакыруусу, өзүмдүн каалоом менен радиого келип иштеп жатам”,- деп билдирди Жанара.

КАНАТ КҮЙӨРМАНЫНАН ОРИГИНАЛДУУ БЕЛЕК АЛДЫ

Ди-джей жана ырчы жигит Канат Кадыров 2-сентябрь күнү туулган күнүн өткөрдү. Туулган күнүндө Канатка күйөрмандарынан 437 sms билдирүү жана оргиналдуу бир өзгөчө белек келди. Бул кооздолуп оролгон белекти берип жатып, күйөрманы Канатка “пайдубалың жакшы түптөлсүн, келечегиң кең болсун” деген тилектерди айткан. Белекти алган Канат “эмне мынча оор?” деп ойлонуп ачса, ичинен кадимки эле кирпич чыгат. “Пайдубалың жакшы түптөлсүн” деген сөздүн төркүнүн эми түшүн­гөн Канат боору эзилгенче каткырыптыр. Андан сырткары, бул күнү Канатка күйөрман Адеми аттуу кыз швейцария саатын белекке берген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mahabat84
2020-10-21 21:49:06
Уку тобун кутобуз.
0
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан