НУРЗАТ “ХИТ-ПАРАДГА” КАЙТЫП КЕЛЕТ

Нурзат Токтосунова өзүнүн тушоосу кесилген “Хит-парад” телеберүүсүнө кайтып келүүнү чечти. Бул сунуш ага УТРКнын көңүл ачуу студиясынын жетекчилиги тарабынан түшкөн. Бирок, Нурзат дароо эле макулдугун берген эмес. Алматыдан жума сайын келип туруу үчүн жол киресине эле миң сом кетээрин, ошон үчүн бир аз ыңгайсызыраак болуп калаарын билдиргенде жетекчилик жол кирени өздөрү төлөп тураарын айткан. Муну укканда Нурзат сунушка макул болгон. Нурзат ушул жумада ишин баштайт.

ИБРАГИМ, СЫЙМЫК, БЕК ТАНДЕМ ТҮЗҮШТҮ

Жалпы Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал болгон белгилүү ырчы мырзалар Ибрагим Жунусов, Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев чыгармачылык тандем түзүштү. “Бул тандемди түзүү идеясы бизде Сыймык, Бек үчөөбүз “Сахна” деген триобузду эл алдында ырдап чыккандан кийин пайда болду. Анткени, үчөөбүз бир сахнада ырдаганда эл бизди аябай дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алышаарын байкадык. Орозо айы аяктагандан соң Кыргызстандын облустарына концерт коюп келүү планда турат. Учурда концерттерди уюштуруу маселесин Сыймык чечип жүрөт. Үчөөбүз биргеликте аткарган “Аке-үкө”, “Кыргыз элим” жана башка ырларыбыз бар”,- деп билдирди бизге Ибрагим аке.

АССОЛДУН КОЛЛЕКЦИЯСЫ ДАЯР БОЛДУ

“Белгилүү теледива, продюсер Ассоль Молдокматова автордук кийимдер коллекциясын чыгарат” деп өткөн сандарыбызда жазган элек. Эми минтип коллекциянын толугу менен даярдалып бүткөн учуру. Айта кетсек, Ассоль баш кийимден баштап бут кийимге чейин жаңы стилдеги кийимдерди чыгарды. Ал эми Ассолдун кийимдерин Кыргызстандын белгилүү Виктория, Тамара Чирочкина, Зухра Мукамбетова, Ольга Стогова, Мадина Тапаева, Олег Беда, Гаухар Азратова, Иван Корнилов, Татьяна Воротникова өңдүү стилисттери тигишти. Бул коллекциядагы бут кийимдердин такасы 9-15 сантиметрге чейинки бийиктикте. “Мен бийик такаларды жакшы көрөм. Ошондуктан, менин автордук бут кийимдеримдин такасы да бийик”,- дейт Ассоль.
Азырынча кийимдер 42-44-46 стандарт размеринде чыгарылды. Бирок, келечекте дене-мүчөсү чоң, толук айымдарга да атайын кийимдер коллекциясын чыгарат. Учурда Ассолдун коллекциясынын кийимдерин Кыргызстандын белгилүү айымдары да заказ кылып алып жатышат. Эгерде “Ассолдун коллекциясынан кийинем” деген айымдар болсо, сиз каалаган кийим толугу менен бир күндүн ичинде даяр болот. Мындан сырткары, Ассоль келечекте сулуулук салонун ачуу жөнүндө планы бар экенин айтты.

АЙЖАН УУЛДУУ БОЛДУ

Суйкайган сулуу актриса Айжан Акылбекова жакында балканактай уул төрөдү. “Азырынча балабызга татыктуу ат табылбай жаткандыктан, атын коё элекпиз. Жаңы төрөп, доктурдан үйгө келгенимде бир жарым жаштагы уулум Бакай бир аз кызгангансып жатты эле. Эми көтөрөм деп колумдан талашып, бетинен өөп калат. Кичинекей болсо да бир тууганы экенин жүрөгү сезип жатат окшойт. Учурда балам экөөбүздүн тең денсоолугубуз жакшы”,- деп билдирди Айжан.

АЙГҮЛ ЧАЛОВА ВИДЕОПИРАТТЫ СОТКО БЕРЕТ

Айгүл Чалованын учурда популярдуу болуп жаткан “Сүйүү арманы” ыры “Боз салкын” киносунан алынган үзүндү менен коштолгонун пираттык жол менен чыгарылган дисктерден көрүп жүрөбүз. Эми Айгүл уруксатысыз ырына клип жасап койгондугу үчүн ал адамды сотко берет. Анткени, Айгүлгө кинонун авторлору бул тууралуу нааразылыктарын билдиришип, буга Айгүлдүн да жооп бериши керек экендигин айтышкан. “Ооба, бул ырдын сөзүнө кино жарашып калган. Ырды да, клипти да эл жакшы кабыл алган. Бирок, авторлордун уруксатысыз ушинтип диск чыгарган адамдар өз күнөөсүн билиш керек. Анткени, бул жерден биз жабыркап калып жатпайбызбы. Биринчиден, мен эми бул ырга клип тартсам элге жетпей калат. Экинчиден, жок жерден кинонун авторлоруна мени жаман көрсөтүп жатышат. Үчүнчүдөн, клиптин астында ыр “Сүйүү арманы” эмес, “Боз салкын” деп туура эмес жазылып турат. Жадакалса, бул клип телевидениелерге да чыгып кетиптир. Учурда бул клипти жасаган адамды издеп жүрөм, ким экендигин тапсам, ал адамды жоопко тартам”,- деп билдирди Айгүл.

АЗАТ ЭМИ БҮРКҮТ БАГАТ

“Мир любви” деп сүйүүнү даңктап ырдаган ырчы Азат бүркүт бакканды каалап жаткандыгын билдирди. Биринчиден, ырчынын бүркүт багуусуна бүркүт баккандар азайып бара жаткандыктан, кыргыз жаштарын бүркүт бакканга үгүттөө, экинчиден, өзү бүркүттү жакшы көргөндүгү түрткү болду. “Учурда бүркүт издеп жүрөм. “Бүркүттү сатпайт” деген элибизде ырым бар эмеспи. Ошондуктан, балким, белекке берип калаар. Болбосо дагы бир башкача жолун таап болсо да бүркүт алышым керек. Чоң бүркүт таппасам, кичинекей балапаны болсо деле алып багам. Буюрса, бүркүтүмдү тапсам, ар дайым жанымда болот. Жадакалса сахнадан да мени бүркүтүм менен көрө­сүздөр”,- дейт ырчы.

ЭФИРГЕ ЧЫКПАЙ КАЛГАН
ДИ-ДЖЕЙЛЕРДИН АРАСЫНДА
НАЗГҮЛ ЖОК

Гезитибиздин өткөн санында “Кыргызстан Обон­дорунун” төрт ди-джейи, алардын арасында Назгүл Айдаралиева да белгисиз себептерден улам эфирге чыкпай калганын кабарлаган элек. Бирок, гезит жарыкка чыккандан соң Назгүл бул ишке тиешеси жоктугун, ал июль айынын башында эле декреттик тыныгууга чыгып кеткендигин билдирди.

АЙПЕРИ “КЫЗ-БУРАК”
ТОБУНАН КЕТТИ

“Кыз-Бурак” тобунун чимириле бийлеген сулуу солисткасы Айпери топтон кетти. Себеби, Айперинин ата-энеси кызынын сахнада ырдап жүрүшүн эмес, өз кесиби боюнча менеджер болуп иштешин каалашкан. Ал эми топтун жетекчиси Гүлшайыр эже Айперинин ата-энесинин сөзүн эки кылбай, таланттуу окуучусуна ак батасын берип, топтон кетирди. Учурда Айпери өз кесиби менен Орусия мамлекетинин Свердловск шаарында иштеп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 256, 28-сентябрь - 4-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан