Кыргыз Эл артисти АШЫР ЧОКУБАЕВ

Бакен, Таттыбүбү өңдүү кыргыз кереметинин жүзүн көрсөткөн таланттар менен даамдаш болуп, алардан таасирленген актёр Ашыр Чокубаев быйыл 60 жаштын тамагын ичип отурат. Ашыр ага ушу жашка чейинки өмүрүн кыргыз киносуна, театрга арнап келген. Кыргыз киносу аркылуу кыргыз элин дүйнөгө тааныткан. Төлөмүш Океевдин көрүп отурган адамга да кооптонуу жаратып кар көчкүнүн астында калган “Кожожаш” фильминдеги Касендин ролу бүгүнкү биздин каарман Ашыр агага таандык. Ал гана эмес, коңшу казак элинин бир далай тасмаларына түшүүгө жетишкен. Буга 2006-жылы тартылган белгилүү “Көчмөндөр” фильми далил боло алат. Фильмдеги үч жүздү (үч чоң урууну) бириктирип, Жунгар элин эл катары түп тамырынан тып-тыйпыл кылган Абылай хандын атасы Вали хандын ролу Ашыр агага жөн жерден тийип калган жок. Видеопробага келген жүздөгөн актёрлор арасынан Ашыр ага актёрлук чеберчилиги, сценарийди илгиртпей алып кетиши, албетте, англис тилин суудай билиши менен америкалык режиссёрлордун купулуна толгон. Ашыр аганын Голливуд актёрлору Марк Дакаскос, Кунно Беккер, Жейсон Скотт Ли, Казак Эл артисти Дасхан Жолжаксынов менен бирге тасмага түшүшү биз үчүн да чоң сыймык.

Актёрдун тартылган кинолорундагы ролдору: “ Талаадагы куушмак” (казакфильм) – Кудре, “Биздин гани” (казакфильм) – Сардар, “Баатыр баяны” (казакфильм) – Доржа, “Ак илбирстин тукуму” (кыргызфильм) – Касен, “Махабат дастаны” (кыргызфильм) – Төлөн, “Захар Беркут” (“Давженко” киностудиясы) – Петя, “Чынгызхан” (Голливуд) – соодагер Али, “Мухаммеддин кылычы” (казакфильм) – дербиш, “Бейиш куштары” – (кыргызфильм) – Амер ака, “Көчмөндөр” (Голливуд жана “Казакфильм” киностудиясы биргелешкен) – Вали хан.

– Ашыр ага, артта калган алтын балалыгыңызга бир баш багып келбейлиби?
– Биздин жерлигибиз Өзгөндөгү Көлдүк айылы болот. Мен 1947-жылы Өзгөн шаарчасында бул жарыкка келгем. Атам Назарбек Чокубаев Өзгөн театрында иштеп жүргөндө борборго Кыргыз академиялык театрына чакырышкан. Ошен­тип, мен эки жашка чыкканда Фрунзеге үйбүлө­бүз менен көчүп келгенбиз. Ошол кезде Академиялык театрдын гүлдөп-өсүп турган маалы экен. Атам залкар таланттар Анвар Куттубаева, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеевалар менен бирге иштеп калат. Менин балалыгым жогоруда аты аталган өчпөс ысымдардын балдары менен жалаң театр декорацияларынын арасында өттү. Алты жашка келгенде №6-орус мектебине кирип окуп калдым. Орто жерден №9-орто мектебине да которулуп бардым. Мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы Бүт­күл Союздук кино тармагы боюнча институтка тапшырдым. Аны аяктагандан кийин Кыргыз драма театрынын башкы режиссёру Абдыкадыровдун чакыруусу менен ошол театрда иштеп калдым.
– Атаңыз дагы актёрлук кесипти аркалаптыр, апаңыз кесиби боюнча ким болгон?
– Апам Турсун Чокубаева сулуу, жогорку билимдүү, ажарлуу айым болгон. Апамдын кесиби да актриса болчу. Адегенде өз кесиби менен иштеп, беш баланы төрөгөндөн кийин үйдө отурууга аргасыз болгон. 1966-жылы 45 жашында атам каза болуп, апам жалгыз беш баланы чоңойтуп өстүрдү.
– Сиздин чыгармачылыгыңыз атаңыз каза болгондон кийин башталган экен да?
– Башкы режиссёр Абдыкадыров жаш болсом дагы мага ишенип айылдарды кыдырып гастролдорго чыгууга мүмкүн­чү­лүк берди. Менден улуу бир топ инсандар менен турмуштун ысык-суугун бир татып, күнү-түнү иште чогуу болуп жүрдүк. Саат 10-11де спектакль башталып, 2-3тө бүтөт. Андан кийин чуркап кинонун дубляждарына барабыз. Кээде телевидениеге барып текст окуйбуз. Күндүн кантип чыкканын, кайра кантип батканын билбей да калчубуз.
– Ал кезде артисттерди эл абдан сыйлачу болуш керек?
– “Артист келатат” дегенде бү­түн­дөй бир айыл чаң-тополоң болуп, сүйүнүп тосуп алышаар эле. Биз түнөп кеткен үйдүн кожоюндары “биздикине баланча артист жатып кетпедиби” деп кадимкидей сыймыктанышчу. Ушундай мамилени көрүп туруп анан кантип чыгармачылыкка жан-дилиңди, жүрөгүңдү бербейсиң? Биздин жаныбыз, каныбыз, карегибиз бул – биздин көрүүчүлөр.
– Кайсы ролуңуздан кийин эл оозуна алынып, театр чөй­рөсүндө Ашыр деген ысым пайда бол­ду?
– 1970-жылдардан тарта жазмакерлер арасында Мар Байжиев деген ысым пайда болду. Ушул ысымдын пайда болушу менен менин багым ачылды десем болот. Бул адам менин чыгармачылыгыма таасирин тийгизе электе эле дүйнөлүк чыгармаларда деле ойногом. Бирок, Мар Байжиевдин чыгармаларындагы каармандардын өзөгү менен менин жүрөгүм, көз-карашым, ички ой-туюмум дал келди. “Кожожаш” пьесасындагы Кожожаштын ролун 15 жыл ойнодум. Ар пендеде ынсап деген болуш керек. Кожожаш ошол ынсапты унутуп калып, асканын боорунда калып отурбайбы. Мен ошону элге жеткирүүгө аракет кылгам.
– Пьесада Кожожаштын ролун ойноп жүрсөңүз, кандайча киносунда анын досу Касендин ролун аткарып калдыңыз?
– Кинодогу Кожожаштын жаш курагы меникине караганда жашыраак экен. Ошон үчүн Мар Байжиев атайын мен үчүн Касендин ролун жазып берген. Анда апам Турсун Кожожаштын энесинин, келиним Гүлнара Аикенин ролун ойногон.
– Гүлнара уулуңуздун колуктусубу?
– Жок, ал иним Эдилбектин колуктусу.
– “Кожожаш” фильминде Кожожаш экөөңөр кар көчкүнүн алдында каласыңар го, денсоолугуңарга терс таасирин тийгизген жокпу?
– Албетте, тийбей койгон жок. Кышы-жайы кар кетпеген чокуга бизди вертолёт менен алып барып ташташкан. Муздан жасалган алачыкта жашаганбыз. Анда жаш болуп сезбептирмин. Музга көбүрөөк жаткан капталым азыр кадимкидей какшап ооруп калат. Кар көчкүнүн алдында калгандан кийин бизди режиссёр Төлөмүш Океев “өлдү” деп ойлоптур. Биз кардын астынан кыймылдай баштаганда тургандар бакырып, бири-бирин кучактап сүйүнүп жиберишкен.
– Фильмде Кожожаштын ролун ойнобой калганыңызга өкүнгөн жоксузбу?
– Эмнеге өкүнмөк элем. Ар бир нер­сенин өз убагы болот экен. Жаштарга да жол бошотуш керек.
– Сөзүңүзгө аралжы, бир туугандарыңыз дагы чыгармачыл чөйрөнүн адамдары окшойт да?
– Кыргыз цирки 1966-жылы ачылат. Ошондо карындашым Дөөлөт аттын үстүндөгү жонглёр жанрын ойлоп тапкан. Мындай жанр дүйнө жүзүндө иш үстүндө боло элек экен. Өмүрүнүн көбү циркте өттү. Азыр пенсияда. Чынара болсо элчи болуп иштеп жүрдү, кыскасы, Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет. Анар деген карындашым Ошко турмушка чыгып, мугалимдик кесипти аркалап жүрөт. Эдилбек иним Москвадагы мен бүткөн окуу жайдын актёрдук бөлүмүндө окуп жүрүп ошол жерден келиним Гүлнара Алимбаева менен таанышып, баш кошушкан. Сайкал, Саадат аттуу эки кызы бар. Эдилбек 500дөн ашык киного тартылган, Кыргызстанда кино тармагы бир аз солгундоого учураганда каскадёрлукка өтүп кеткен эле. Аттарды беш колундай билген Үсөн Кудайбергенов жетектеген мыкты жигиттердин тобуна кошулуп дүйнө жүзүн кыдырууга жетишти.
– Кайрадан өзүңүзгө токтолсок, азыр деле Кыргыз драма театрында эмгектенесизби?
– 2000-жылы ал театрдан кетүүгө мажбур болдум. Эгерде сенин өнөктөштөрүң, режиссёруң жок болсо, эгерде Мар жазбай калса дегендей, анан кантип иштегиң келсин? Ушундай себептерден улам театрдан чыгып кеткем. Кээде кинолорго тартылып жаттым. Шоу-бизнесте дагы аракет кылып көрдүм, болбоду. Дегеле базар заманына бата албай койдум.
– Чыгармачылыгыңызга жакын башка кесипти аркалоого аракет кылып көргөн жоксузбу?
– Бакен Кыдыкеева сыяктуу инсандарыбыз эмне деген таланттар эле. Бакен эженин жашы өтүп калганда “бизге керегиң жок” деп театрдан жетелеп чыгарып салышпадыбы. Андан кийинки тагдыры эмне болду? Оюмда ушул өңдүү кыйын тагдырларды документалдык фильм кылып тартсамбы деп жүргөм. Ошол идея менен Кыргыз телевидениесине кайрылсам, “мындай нерсенин учурда кереги деле жок” деп коюшту.
– Сизди “англис тилин суудай билет” деп уктук.
– Бул нерсе кесибиме керек экен. Актёр кинодо эмне иш жасаса, ошону так өздөштүрүүгө аргасыз. 1994-жылы биринчи жолу Кыргызстанга италиялыктар келип, “Чынгызхан” тасмасын тартышкан. Ошондо биз үйбүлөбүз менен тартылганбыз. Буга биринчи себеп: фильм англис тилинде тартылган, а биз үйбү­лө­бүз менен англис тилин жакшы билебиз. Чынгызхандын биринчи аялынын ролун Гүлсара Ажыбекова, экинчи аялынын ролун келинчегим Айгүл Чокубаева ойногон. Улуу балам Адыл Чынгызхандын уулу Жучинин, экинчи уулум Кылыч Чынгызхандын жан-жөкөрүнүн, иним Эдил Чынгызхандын душманынын, мен соодагер Алинин ролун жараткам.
– Үйбүлөңүзгө токтолуп кетсеңиз, балдарыңыздын арасынан сиздин жолду жолдогондор болдубу?
– Келинчегим Айгүл Чокубаева экөөбүз үйлөн­гөн кезде ал КУУнун чет тилдер факультетинин студенти эле. Кийинчерээк БГУда чет тилдер факультетинин деканы, кафедра башчысы болуп иштеп жүрдү. Азыр Манас университетинде англис тилинен сабак берет, филология илимдеринин кандидаты. Адыл, Кылыч аттуу уулдарыбыз бар. Адыл кытай тилин, Кылыч япон тилин өздөштүрүшкөн. Бирок, экөө тең кайра экономика факультетин аякташып, учурда бизнес менен алектенишет. “Ата, актёр болбой эле коёлу, сиз эле жетишесиз”,- деп коюшту. Эч нерсе деген жокмун.
– Акыркы жолу тартылган “Көч­мөндөр” фильми тууралуу айтып берсеңиз.
– Бул «казак элинин аты чыксын, казак элин бүтүндөй дүйнө жүзү таанысын» деген негизде Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин тапшырмасы менен тартылган кино. Фильмде Союздагы мен кыйын деген жана Голливуддун актёрлору тартылып, казак элинин 18-кылымдагы Жунгар улуту менен болгон кагылышуусу сүрөттөлөт. Казактар ал мезгилде үч жүзгө (үч чоң урууга) бөлүнүп жашашкан. Үч жүз биригип, башында Абылай хан туруп, Жунгар элин түп орду менен жок кылат. Абылай хан казактарды адам катары, улут катары, эл катары сактап калат. Мен ошол Абылай хандын атасы Вали хандын ролун ойнодум.
– Видеопробага келген атаандаштарыңызды артка таштоо бир топ кыйынга турса керек?
– Эгерде сынакты казактар өздөрү жүргүзө турган болсо менин ролумду казактарга эле берип коюшмак беле деп ойлойм. Сынак америкалыктардын калыстыгы менен мага тийди окшойт. Мындай дүйнөгө аты чыгып калган актёрлор менен чогуу тасмага түшүү мага чоң сыймык берди.
– Биздин фильмдер менен алардын фильмдеринин тартылуусунда айырмачылык бар бекен?
– Бизде деле мыкты кинорежиссёрлор эмгектенип келишкен жана эмгектенишет. “Көчмөндөр” фильмин белгилүү кинорежиссёр маркум Сергей Бодров жана Иван Пассер тартышты. Айырмачылыгы – фильмдин жүрүшүндөгү уюштуруу иштери, актёрлорду катуу сыйлашкандыгы. Жеген тамак-ашыбыз ресторандагыдай, жаткан жерибиз бардык шарты бар мейманканалардагы люкс номерлер. Анан албетте, гонорарынын чоңдугу. Күнүнө 1000 доллардан төлөп беришти.
– Голливуд актёрлору менен тасмага түшүү сизге кыйынчылык жараткан жокпу?
– Негизгиси, тил билем, эмнеге кыйналмак элем. Алар менен эски достордой эле жүрдүм. Алар деле бизге окшогон, бирок, тили башка адамдар да. Чындап келсе деңгээлдерибиз деле бирдей. Бирок, биздин кино тармак Голливуддагыдай өнүгө алган эмес. Ошонубуз менен гана айырмаланабыз.
– Тасмага бир топ каражат жумшалса керек?
– Тасмага кеткен каражаттын жарымын Н.Назарбаев, жарымынан көбү­рөө­гүн америкалыктар чыгарды.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 267, 14-20-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан