Жаш ырчы Мирбек Атабеков жардам сурап келген үч балалуу аялга колдоо көрсөттү. Тактап айтканда, бул жалалабаттык аялдын Суворов атындагы аскердик окуу жайында окуган баласынын кийгенге кийими жок болгондуктан, окууга барбай калган. Айласы куруган эне Мирбекке келип, жардамга муктаж экендигин түшүндүрүп айтса, ырчы дароо эле кийими жок окууга бара албай жаткан балага төрт миң сомго аскердик форма сатып берди. Депутаттарга канча жолу барып да ала албаган жардамды жаш ырчыдан алганына ыраазы болгон Жалалабаттан келген эне Мирбекке дагы деле батасын берип бүтө албай жатат.
ДИНАРА ТАЕНЕ БОЛДУ
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова 9-ноябрь күнү неберелүү болду. Тактап айтканда, ырчынын кызы Мэридина бул күнү эртең мененки саат 9да 3 килограмм 300 грамм болгон куурчактай кыз төрөдү. Кубанган ырчы небересине ат коюу үчүн радиого конкурс жарыялап, наристеге Альдина деген ат койгон жеңүүчүгө алтын буюм белекке берди. Минтип небересине ат коюп, дос-курбуларына сүйүнчүлөп, таене болгонун жууп, кыскасы, ырчы баш-аягын жыйып алгандан кийин кызын №1-төрөт үйүнөн чыгарып келди. Азыр небересин жуунтуп, кыргызга тиешелүү бардык ырым-жырымдарын жасап, наристесинин жытына тойбой отурган кези.
ПРОДЮСЕР АСЫЛАПАСОВА ШОУ-БИЙ ТОБУН ТҮЗҮҮДӨ
Белгилүү продюсер Асыл Апасова буга чейин ырчы балдарды тарбиялап келсе, эми мындан кийин бийчилерди да тарбиялайт. Асыл эже учурда 20дан ашуун балдардан турган бий тобун түзүп жатат. Бул үчүн атайын бий үйрөтө турган мугалим таап, «бысмылда» деп ишти баштады. Бирок, азырынча бул бий тобуна ат коюла элек. Продюсердин айтымында, биринчи атка жакшы көңүл буруш керек. Ошондуктан, жакшы ойлонуп, жети өлчөп, бир кескени жатат. Бул бий тобу жакында концерттерде жаш ырчыларды коштоп сахнага чыга баштайт.
АЗИЗ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
Белгилүү эстрада жылдызы Алина Жетигенованын уулу Азиз Жетигенов ак түстөгү темир жорголуу болду. "Мицубиси" маркасындагы япон машинасын ырчы 5 миң долларга сатып алды. Азиз мындан мурунку айдап жүргөн машинасын саткандан кийин өзүнө ылайыктуу машина таппай жүргөн эле. Досу Максат Бегалиев менен бир канча жолу машина базарга барып жүрүп, эки дос ушул машинаны жактырышкан. 1994-жылы чыгарылган бул тулпарды Азиз ата-энесинин жардамысыз өз маңдай тери менен тапкан акчага сатып алды.
КУБАНЫЧКА АТАСЫНЫН КҮЙӨРМАНЫ ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОН БЕЛЕК КЫЛДЫ
Түштүк жергесинде гастролдоп жүргөн Кубаныч Сатаев Өзгөнгө койгон концертинде акыркы моделдеги кымбат баадагы телефондуу болду. Кубанычтын атасы маркум Чубак Сатаевдин өзгөндүк күйөрманы кумиринин баласы атасынан кем эмес ырдаганына кубанып, чын дилинен белек берүүнү туура көргөн. Кубаныч сахнада ырдап жатканда бул байкеге Чубак Сатаев тирилип келгендей сезилген экен. Март күйөрман: "Кубанганымдан эмне кылаарымды билбей турам. Көрсө, Чубак өлгөн эмес турбайбы. Сен атанын уулу экенсиң, мындан кийин мен сенин күйөрманың болом",- деп ыраазы болуп, анан батасын берген.
ФАРХАТ ОКУУГА ТАПШЫРДЫ
"Оштук кыз" деп сыздаган жаш ырчы Фархат Кеңешбек уулу быйыл эле окуусун аяктаган болчу. Улуттук университетинин чет тилдер факультетин бүтүп, дипломду колуна алганына жарым жыл боло элек. Ырчы студенттик кез менен коштошкусу келбей койдубу же "окуу окуу жана окуу" дедиби, айтор, ырчы дагы окууга тапшырды. Болгондо да Кыргыз курулуш жана архитектура университетинин бажы тармагын тандап алды. Колунда диплому бар үчүнбү, кыскасын айтканда, Фархат бул окуу жайдын дароо эле 3-курсуна кабыл алынды. «Билимдин пайдасынан башка зыяны жок. Балким, кези келсе Бек Борбиевдей бажы кызматкери болуп кетээрмин. Андыктан, колумдан келип турган жаш кезде окуп алууну чечтим»,- дейт Фархат.
МЕЛИС БОЙДОКЧУЛУК МЕНЕН КОШТОШОТ
Белгилүү продюсер Ассоль Молдокматованын окуучусу Мелис Абдрашитов жакында бойдоктук менен коштошот. Анткени, ырчы 27-ноябрда эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Мээрим аттуу кызга баш кошкону жатат. 19 жаштагы Атбашынын айдай кызы учурда Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердүүлүк университетинде 1-курста окуйт. Бул эки жаштын тою айтылуу «Дасмия» эс алуу борборунда өтмөкчү. Ошондой эле бул тойду куттуктап келген меймандар үчүн эки чет элдик маркадагы машина лотерея менен ойнотулаарын кошумчалай кетели.