НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА БОКСЧУ БОЛОМ ДЕП АРЫКТАП КЕТТИ

Кыздардан чыккан куудул Назира Жетигенова 2 килограмм 200 граммга арыктады. Куудул кыздын арыктоосунун себеби, декабрь айынын аягында өтүүчү бокс боюнча кыздардын таймашына катышкандыгында. Анткени, Назира күнүгө бокс менен машыгып жатат. Болгондо да Советтер Союзунун ардактуу машыктыруучулары Алымкулов Алмалы жана Мирлан деген спорт чеберлеринен сабак алууда. Бул таймашка Роза Шакирова, Ташкент кызы Гүл, Раллия, телерадио журналисттери, кыскасын айтканда, баш-аягы 16 кыз катталган. Назира эч кимисинен коркпой, өзүнүн эркине жана күчүнө ишенээрин бизге билдирди.


МЕРГЕН ТУРГАН ИЧИМДИКСИЗ ТОЙ ӨТКӨРДҮ

Кыргызча салт менен жеңебизге сөйкө салып, Нарында үч күн той берген Мерген Турган жакын санаалаштарына 17-ноябрда "Инсар" кафесинде заманбап үйлөнүү тоюн өткөрдү. 39 жашында үйлөнгөн ырчыны куттуктап бул кечеге 300дөн ашуун коноктор келишти. Албетте, жубайлар Мерген менен казак кызы Жулдыздын тою тууган-уруктан сырткары жалаң Мергендин муунундагы Бек, Сыймык, Динара, Айчүрөк, Гүлнара, Расул, Асел, Алина сыяктуу сахналаш досторунун курчоосунда өттү. Баарынан кызыгы, бул тойдо дасторконго эч кандай ичимдик коюлган жок. Ал эми таңкалыштуусу, азыркы жаш эстрада ырчыларынан бирөө да ырчы байкесин куттуктаганы барбады.


ЗАМИР АРЫКБАЕВ "КАРАТИСТ" БОЛУП КЕТЕБИ?

Ырчы Замир Арыкбаев жаңы жылдан баштап каратэ менен машыга баштайт экен. Спорттун бул түрүнө катышуу Замирдин кичинесинен берки тилеги болчу. Студент кезде окуу, ырдоо, кыздарга баруу менен колу бошобогон ырчы каратэге бара албай жүргөн. Эми ал кыялын бир кыздуу болгондон кийин орундатуунун алдында турат. "Негизи, спорт менен жакын болсоң, сергек жана жеңил жүрөсүң. Ошондуктан, өзүмдүн денсоолугум жана дене түзүлүшүмдүн сулуу болушу үчүн спорттун ушул тармагын тандап алдым. Анын үстүнө, мындай сулуулук сахна адамдарына сөзсүз керек экен",- дейт ырчы Замир Арыкбаев.


АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВ БИЙ БАЛЕТИН ТҮЗҮҮДӨ

Алпаруучулуктан тышкары Алексей продюсерлик менен да алектенип келген эле. Эми жаны тынбаган бул жигит минтип өзүнүн бий балетин ачканга жетишип отурат. "Мени дайыма кечелерге алпаруучу, тамада катары чакырышканда "ырчы-бийчилерди да ала кел" деп сурангандар көп болот. Менин болсо өзүм тарбиялап жаткан Алькамиль деген ырчым бар болгону менен, бий тобум жок. Анан башка бий топторун чакырууга аргасыз болосуң. Ошондуктан, бий тобун да ачууну туура көрдүм",- дейт Алексей. Ооба, алпаруучу өзү айткандай, "Мodern-балет" деген аталыштагы бий балетин ачты. Учурда бул топко бийчилерди тандоо жүрүп жатат. Ал эми бул балеттин өзгөчөлүгү – мындагы 70тен ашуун бийчилер көбүнчө кыргыз бийине басым жасамакчы. Албетте, аны менен катар курсак бийи, брейк, кыскасын айтканда, заманбап бийлер менен толукталат. Бул балетти чоң сахнадан январь айында көрө алат экенбиз. Айта кетчү нерсе, бийчилерге мыкты хореографтар, белгилүү бийчилер учурда сабак берип жатышат.


ЭРМЕК ӨЗҮНҮН ДАРБАЗАСЫНА ӨЗҮ ГОЛ КИРГИЗДИ

Таланттуу алпаруучу Эрмек Нурбаев алпаруучулук же КВН менен эле чектелбестен, спорт менен да дос экен. "Студенттер арасында чемпионат өтүп, катышкандарга бекер футболдук форма берилет экен" дегенди угуп, чарчап турганына карабай футболго катышкан. "Мен баарыбир бул оюнда жок дегенде бир жолу гол киргизем" деп максат кылып барган эле оюнга. Ошентип, Эрмек өзүнүн дарбазасына гол киргизип, 4:5 эсебинде атаандаш командасына утулуп берди. Натыйжада, Эрмектин командасы экинчи орунду ээледи. Эрмек болсо: "Айырмасы кайсы? Кайсы жакка болсо да гол киргизем деп айтканымды жасадым да",- деп жеңилип калган досторунун көңүлүн көтөрүп куудулданып алды.


АЙГЕРИМ ГҮЛНУРДАН 50 МИҢ СОМ АЛДЫ

Өткөн жумада он беш жаштагы ырчы кыз Айгерим Расул кызынын концерти болуп, көрүүчүлөр Цирктин имаратына жык толушкан эле. Ушул концерт башталаарына эки күн калганда ырчынын талантын баалаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова Айгеримге жолугуп, чын көңүлүнөн белек катары 50 миң сом акча берген. Ошону менен катар концертке катышуу жөнүндө тилеги болгонун, тилекке каршы, шашылыш жумуштары чыгып, бир жакка кетип жатканын билдирген. Гүлнур эжекесине ыраазы болгон Айгерим белекке алган акчасын кайра эле чыгармачылыгына жумшады.


ИСЛАМ СЕРЁГАДАН ЖООП КҮТҮП ЖАТАТ

Өткөн айда орус ырчысы Серёганын Бишкекке келиши кыргыз музыка сү­йүүчүлөрү үчүн эстен кеткис жагымдуу жаңылык болгон эле. Ошондогу Алатоо аянтында өткөн концертте биздин жаш ырчы Ислам Ахматов да талантын көрсөткөн болчу. Кызыгы, Серёга Исламдын ырдаганын угуп, анын үнүн жактырып калыптыр да, уюштуруучулардан Исламдын ырлары жазылган дискти сурап алып кетиптир. Азыр Ислам Серёга байкесинен жооп күтүп жатат. Эгер Исламдын үнү орус ырчысына чын эле жагып, аны Москвага чакырып калса, Ислам дароо макулдугун берээрин билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан