БАКТЫГҮЛ ӨЗҮНӨ ЭМНЕ БЕЛЕК ИЗДЕП ЖҮРӨТ?

Дагы бир жылды артка таштап 2008-жылдын кирип келээрине бир аз гана убакыт калды. Жаңы жылда ар бир адам өзүнө жаңы буюм сатып алуу салтка айланып калган көрүнүш десек болот. Бирок, албетте, автоунаалуу болуу ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Биздин ай чырайлуу ырчы кызыбыз Бактыгүл Бадыева учурда өзүнө-өзү белек кылуу үчүн көңүлүндөгү "Мерседес" унаасын таппай жүрөт. "Кудай буюрса, жаңы машиналуу болуп калсам, азыркы тээп жүргөн "Голф-3үмдү" сатпайм деле, экөөнү алмак-салмак айдай берем",- дейт ырчы кыз.

БОРОНЧУ ӨЗ МАШИНАСЫНЫН НОМУРУН УНУТУП КАЛЫПТЫР

Сакадай бою сары алтын, куудул, ырчы, тамада Борончу Кудайбергенов бир тойдо тамадалык милдетин аткарып жатып машинасын алдырып жибере жаздаган. Сырттан кирген бир жигит Борончуга "бир машина туура эмес коюлуп калыптыр, алып коюшсун, номуру 23-50 экен, айтып коюңузчу" дептир. Борончу тойдогу конокторго микрофон менен бул тууралуу жарыя кылган. Эч ким унчукпагандан кийин бир аздан кийин кайра кайрылат. Дагы деле жооп болбогон соң жанагы жигит келип "азыр машинасын сүйрөтүп кетебиз" дегенде, Борончу өз машинасы экенин эстей коюптур. Ишине берилип кеткен Борончу ошентип машинасынын номурун кээде унутуп да калат экен.

АЛЕКС БУТУН КОКУСТАТЫП АЛДЫ

Көп кабаттуу үйлөрдүн тогузунчу кабатында жашаган жаш ырчы Алекс бутун кокустатып алып, 4-5 күн үйүнөн чыга албай төшөктө жатты. Шашып баратканда эч нерсеге карабаган ырчы квартирасынан чыга калып, лифтке түшүү үчүн сегизинчи кабатка бет алганда чалынып кетип, катуу жыгылган. Натыйжада, бутунун тарамыштары чоюлуп калган.

"КЫЛЫМ МУЗА" ПРОДЮСЕРДИК БОРБОРУ ЖЕТИМ КЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ КИНО ТАРТАТ

Айбек Карымов башында турган "Кылым муза" продюсердик борбору "Мери" аттуу жетим кыздар турмушун камтыган кино тартып жатат. Бул фильмдин режиссёру жана сценарийин жазган Камат Касенов аттуу жигит. Айбек Карымовдун айтымында, тасма жаңы жылга чейин тартылып бүтүп, 2008-жылдын алгачкы айларында бет ачаар аземи болот.

ЧЫҢГЫЗ СЕМИРҮҮНҮН АЙЛАСЫН ТАППАЙ ЖАТАТ

Акыркы мезгилдерде "кыргыз кереметинин" жандана баштаганын баарыбыз эле байкап жатабыз. Жаңы кино тартылып элге көрсөтүлө баштаганда эле дароо экинчи бир киного кастинг жарыяланып жатканы жакшы саамалыктардын бири экени талашсыз. Анан калса, ырчыларыбыздын бир тобу өздөрүн актёрдук жактан да сынап көрүшүүдө. Алардын арасында ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаев да бар. Чыңгыз жаз чыгаары менен жаңы тасма тартууга даярданып жаткан режиссёр Жаныш Кулмамбетовдун көңүлүнө толуп, бирок, арыктыгы ылайык келбей жатыптыр. Анткени, Чыңгыз чымыр денелүү, толмоч, кызыл жүздүү жылкычынын ролун аткарат экен. Ушундан улам Чыңгыз «кантип толсом?» деп ойлонуп жаткан кези.

КАЙРАТ КАНДЕК КҮЧҮК БЕЛЕККЕ АЛДЫ

Буга чейин мышыгы менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келген Кайрат Примбердиев эми кандек күчүктүү болду. Мурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөн күйөрман кыздарынын бири ырларынын жагаарын айтып, Кайратка кичинекей күчүк белек кылган. Баарынан кызыгы, ал күчүк абдан уйкучу экен. Көп кабаттуу үйлөргө багууну туура көрбөгөн ырчы күчүгүн таякесиникине алып барып койгон эле. Күчүгүн көргөнү барган ырчы качан барбасын анын уктап жатканына күбө болууда.

АЗИЗ ДОСТОРУ ТАРТКАН КЛИПТИ ЖАРАТПАДЫ

Апасынын жолун жолдоп ырчы катары жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Азиз Жетигенов орусча "Грусть" деген ырына клип тарттырган эле. Бул клипти профессионал клипмейкерлер эмес, Азиздин достору тарткан. Мыкты сапаттагы камераларды колдонушканы менен досторунун клиби ырчыга жакпай калган. Ырчынын айтымында, буга көп деле каражат сарпталган эмес. Болгону, ал клип НБТ телеканалынан эки жолу көрсөтүлгөн, ал эми башка телеканалдардан болсо алдырып салууга үлгүргөн.

ЖАНАРА ЖАКЫНДА УУЛДУУ БОЛОТ

2007-жылдын март айында көп жигиттерди тамшандырган ай чырайлуу ырчы Клара Алибековадан кем калышпаган таланттуу сиңдиси Жанара Алибекова турмушка чыккан эле. Кирип келген бул чычкан жылына Жанара Алибекова башкалар сыяктуу өзүнө Жаңы Жылдык белек издебейт. Анткени, ал ушул айдын аяк ченинде эне деген статуска ээ болуу алдында турат. Ырчы кыз УЗИге барып, наристенин жынысын билүүгө да үлгүрүптүр. Ушундан кийин кыргыз элине дагы бир эр азамат кошулаары анык болду.

«ХИТ-ПАРАДДЫН» КОНЦЕРТИНДЕ ЭШИКТЕР ТАЛКАЛАНДЫ

Улуттук Биринчи каналдагы "Улуттук хит-парад" долбоорунун бир жылдык жыйынтыктоочу концерти башка концерттерден буга чейин болуп көрбөгөндөй жоруктары менен айырмаланды. Сахнадан же теледен көрүп жүргөн ырчыларды жанынан көрүүнү каалагандардын саны чынында өтө көп болду. Буга "ырчыларды жанынан көрбөй каламбы?" деп жүткүнгөндөр Спорт Ордосунун эшиктеринин айнегин талкалап салышканы күбө болду. Айнекти төлөп берүү милдети моюнуна түшкөн долбоордун жетекчиси Динара Эсенгулованы концертти тейлөө кызматкерлери: "Эл саналуу болгондон көрө ушинтип эшик-терезе талкаланып турганы жакшы",- деп араң сооротушкан.
Келген ырчылардын кызыл килем үстүнөн басып өтө тургандыгы долбоордун жетекчиси Динара эженин идеясы эле. Ал эми кантип келээри ырчылардын фантазиясынан көз каранды болду. Долбоордун жетекчилиги концерттин алпаруучулары Нурзат Токтосунова менен Алексей Филатовго лимузин заказ кылышкан. Алпаруучулардын артынан өзгөчөлөнүп Съездбек Искеналиев, Неля жана Ильяз Андаш элдин баарын чочутуп "Тез жардам" машинасы менен келишкен. Кумар Асанов болсо төрт аскердин коштоосунда, улуттук колоритте сахнага ылайыкташтырылып тигилген формасы менен келип кирген. Самат Доолотбаков аялыбы же кызыбы, айтор, жашыруун бирөө менен, Сема өнөктөшү «90-60-90» аттуу ыры менен таанымал Кундуз менен бирге келген. Продюсерлер Канат Култаев, Асыл Апасова, Динара Эсенгулованын тарбиялануучулары өз-өзүнчө лимузин менен келип түшүшкөн. Расул кызы Айгерим индус кызынын коштоосунда келүүнү ылайык көрүптүр. Ал эми концертти тартууга эки жү-гүртмө камера, ырчыларды Спорт Ордосунун алдынан тосуп алуу үчүн атайын камера орнотулган кран-машина заказ кылыныптыр. Кыскасы, бул концерт чет өлкөнүн концерттеринен кем калбаган эле концерт болду окшойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 267, 14-20-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан