АЙЧҮРӨК АНКАРА ШААРЫНДА ӨТҮҮЧҮ ФЕСТИВАЛГА КАТЫШАТ

Талыбаган эмгегинин натыйжасында уламдан-улам жаңылануунун үстүндө болгон ырчы айым Айчүрөк Иманалиева Түркия мамлекетинин Анкара шаарында март айларында өтүүчү эл аралык фестивалга жолдомо алды. Учурда фестивалга кийилүүчү кийимдер, ырдоочу ырлар такталып, даярдалууда. Эстрада-фольклор жанрындагы бул фестивалга Кыргызстандан 13 адам катышат жана ар бир өлкө үчүн 20 мүнөт убакыт берилмекчи. Ырчы айым өзүнүн тарбиялануучуларынын арасынан эң жакшы бийлеген он окуучусун чогуу ала барат. Ырчынын айтымында, бул жүрүш окуучулары үчүн чоң стимул болмокчу.


ТУРУСБЕК ТӨШ БЕЛГИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

КРнын Эмгек сиңирген артисти, алпаруучулук жана акыркы мезгилдерде тамадалык менен алектенген актёр Турусбек Жумалиев Маданият министрлиги тарабынан "Эң мыкты кызматкер" деп табылды. Актёр кыргыз элинин маданиятына кошкон салымы үчүн «ХХI кылымдын жылдыздары» телефестивалында төш белги жана диплом менен сыйланды.


ГҮЛ ЭМИ САХНАГА ХИДЖАБ КИЙИП ЧЫГАТ

Элден өзгөчө жүргөндү жактырган, чындыгында таланттуу ырчы, акын кыз Ташкент кызы Гүл жаңырган жаңы жылда сахналаш досторунун арасына буга чейин болуп көрбөгөндөй жаңылык киргизгени турат. Тактап айтканда, сахнага хиджаб кийип чыкмай болду. Буга чейинки эл алдына чыкканда кийген кийимдери, ырдаган ырлары үчүн "ушул турпатымда Кудай алдында күнөө кылган жокмунбу?" деп катуу кооптончу. Учурда Кудай жолунда жүргөн адам катары мусулман баласынын беш парзынын бири болгон намазга жыгылууда. Ырчынын фонограмма менен эмес, тирүү үн менен, эстрада менен эмес, барабан жана коштоп ырдаган жандоочтору менен сахнадан көрүүгө бир аз гана убакыт калды. Ал эми Гүлдүн буга чейин аткарып келген ырларын анын бир тууган сиңдиси Ташкент кызы Нур кайрадан иштеп, өз үнү менен ырдап чыкмакчы. Ал эми биздин ырчы кыз жалаң гана диний багыттагы ырларды ырдайт экен.


АИДА КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТИ МЕНЕН АБАКТАРГА АТТАНАТ

Назгүл Насиеванын окуучусу Аида Кулуева баштаган бир топ жаш ырчылар 22-декабрдан 25ине чейин Бишкек шаарындагы жана Чүй өрөөнүндөгү зоналарга кайрымдуулук концерти менен аттанышмакчы. Мындай көрүнүш менен Назгүл Насиева алты жылдан бери алпурушуп келет. Бул жүрүштүн негизги максаты – акча табуу эмес, Жаңы Жыл алдында элден бата алуу. Продюсер Назгүл Насиеванын айтымында, зонада берилген концерт менен сахнадагы концерттин айырмасы, абакта отургандар эч убакта кол чабышпайт. Жөн гана кыйкырып-сүрөп турушат.


БЕГИМАЙДЫН ЖОГОТКОН БРАСЛЕТИН КҮЙӨРМАНЫ ТААП БЕРДИ

Жакында эле болуп өткөн "Улуттук хит-параддын" жылдык концертинде Бегимай Эсенгулова кымбат баалуу браслетин колунан түшүрүп жиберип, таппай калган эле. Концерт болуп жаткан учурда көшөгөнүн артынан бир күйөрман жигити ага жумшак оюнчук мамалакты белек кылган. Эч нерсени капарына албаган ырчы кыз күйөрманга рахматын айтып алып калган. Белектен да кызыгын Бегимай үйүнө барганда көрдү. Мамалактын колунда өзү жоготкон браслети бар экен.


СЕМА ӨЗҮНӨ ЫЛАЙЫК КЫЗ ИЗДЕЙТ

"Сема" тобунун жетекчиси Самарбек "90-60-90" деген ырындагы өнөктөшү Кундуз менен иштешпей калды. Кундуздун таланттуулугун байкаган продюсерлердин бири Мурат Жолукеев өзүнүн окуучусу катары таптап чыгууну туура көрүптүр. Эми Сема Кундуздун ордун басыш үчүн ай чырайлуу бийкечтер үчүн кастинг жүргүзөт. Семанын айтымында, өнөктөшү ак жуумал, бою узун, жылдыздуу, келбеттүү, анан албетте, "90-60-90" болууга тийиш экен. Жана да "бул ырдын учурда хит болуп жатканынын өзү эле ырга клип тартууну талап кылып жатат" деген ой менен учурда Сема клип жаратуу планы менен чуркап жүрөт.


КЛАРА ЖАКЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГАБЫ?

"Бишкекте батирде жашагандан көрө Жалалабатта өз үйүңдө жаша" деп жылдыздуу ырчы Клара Алибекованы апасы мындан беш ай мурун көчүрүп кеткен эле. Жалалабатта жашаганда чыгармачылыктан таптакыр алыстап калаарын байкаган ырчы кайрадан Бишкекке көчүп келүүнү пландаштырууда. Кларанын жаңылыгы бул гана эмес, ал турмушка да чыкчудай өңдөнүп турат. Анын айтымында, колун сурап келген жигиттердин арасында өзүнө жакканы жана тагдырлаш болооруна ишенгени бар. Бирок, "биринчи турмушумдан жолум болбоду, экинчисин терең ойлонуп, жаңылуудан качыш керек" деген ою ал жигиттин сунушун бир аз кечеңдетип жатат.


ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ ТЕМИР ТУЛПАРЫН АЛМАШТЫРДЫ

Ырчы Эмил Балтагуловдун "Жигули" маркасындагы машина алгандыгы тууралуу өткөн сандарыбыздан окусаңыздардар керек. Мындай маркадагы машинаны алган себеби, анын айдаганды жакшы өздөштүрө электигинде болчу. Айдаганды мыкты өз­дөштүргөндөн кийин кымбатыраак машина алам деген максатына жетип, ырчы "Жигулисин" сатып, анын ордуна жаңы "Мазда кседокс" маркасындагы машина алды. Айта кетсек, жаңы машинаны ырчы 5 миң долларга сатып алды.


ЫРЫСКЕЛДИ ФАНК СТИЛИНДЕ ЫРДАЙТ

Узун чачы менен эл эсинде көбүрөөк калган Ырыскелди Осмонкулов жаңы жылдан тарта башкача стиль менен чыгууну туура көрүптүр. Фанк стилиндеги ырлары шашпай ары-бери баскан ырчыны шаңдураак ырдаганга, катуураак бийлегенге аргасыз кылмакчы. Кыскасы, бул стиль бийге ылайык стиль экен. Ушундай стиль менен жазылган ырчынын жаңы альбомунун бет ачары жакынкы күндөрдө болмокчу.


СУЛТАНГА КАЗАК КОМПОЗИТОРУ ЭКИ ЫРЫН СУНУШТАДЫ

Көбүнесе ырларын Казакстандын белгилүү "Музарт" тобу ырдаган казактын чыгаан композитору Мият Султан Садыралиевге эки ырын сунуштоодо. Ырчыга күз айларында достору 1000 долларга Казакстандан домбра сатып келип белек кылышкан эле. Композитор мына ошол домбра саткан адам аркылуу Султандын дарегин тапкан экен. Обончу эки ырдын бирин казакча жаздырып Казакстанга алып кетсе, экинчисин кыргызчага которуп ырдоо үчүн Султанга таштамакчы. Бирок, ырчы "экөөнү тең кыргызча которуп ырдоо сунушун киргизем" деп даярданууда.


АЛЬКАМИЛЬ ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙБЫ?

Жаңыдан чыгып келаткан ырчы Алькамиль эми ырчылыкты таштап, музыкант болуп кеткени калды окшойт. Анткени, ырчы мурун скрипка жана фортепианодо ойногонду билсе, «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, учурда арфа, саксофон жана флейтада ойногонду үйрөнүп жаткан убагы. Бул музыкалык куралдарга ырчынын окуп келатканына 3 айдын жүзү болуп калды. Азырынча толук кандуу өздөштүрө элек. Бирок, буюрса,жаңы жылдан кийин жаңы өнөрүн элге тартууламакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 268, 21-27-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан