ЫНАК ҮЧ КЫЗДЫН АТАСЫ БОЛДУ

Эки кыздын атасы ырчы Ынак Осмоналиев “үчүнчү балам уул болсо экен” деп ак эткенден так этип отуруп, бирок, бул жолу да Кудай ага кыз берди. 5-январь күнү таңкы саат жети жарымда 4-төрөт үйүндө жарыкка келген ымыркайына ырчы өзү Айдай деген ысым ыйгарды. “Кайрадан кыз төрөлдү” деп капа болбой, Кудайдын бергенине ыраазы болгон Ынак “келечекте кыздарым ата-энесин гана бакпастан, жалпы кыргыздын керегине жараган кыздардан болот” деген аруу тилектердин кучагында кубанычы коюнуна батпай турат.

Эрмек Сочиге кетти
Сөзгө чечендигинин, тапкычтыгынын артынан “Карабалта” КВН курама командасынын капитаны болууга жетишкен Эрмек Нурбаев Сочиде өтө турган КВНге жол тартты. Орусияда көп жылдан бери өтүп келген бул КВНге Эрмек Кыргызстан курама командасынын мүчөсү болуп катышат. Айта кетсек, Кыргызстан курама командасы акыркы эки жылдан бери бул конкурска катышып келет. Быйыл Кыргызстандын атынан Эрмектен сырткары тогуз оюнчу таймашат. Бул сынакка 500дөй команда ат салышып, эң мыктылары жыл бою жүрө турган сынакка жолдомо алышаары күтүлүүдө. Буюрса, эки аптадан кийин жигиттерибиз жеңиш менен кайтып келээринен үмүтүбүз бар.

Алькамиль өкүл ата болууга сөз берди
Жаш ырчы Алькамиль 10-январь күнү өкүл ата болууга макулдугун берди. Мындан бир жыл мурун Айжан аттуу кыз Алькамиль катышкан концертке барган эле. Ал кыз дал ошол жерден болочок жолдошу менен таанышып, кийин экөө баш кошушкан. Мына эми арадан бир жыл өткөн соң бул жаш жубайлар балалуу болуп отурушат. Жакында Айжан Алькамилди продюсери Алексей аркылуу таап, ырчынын ысымын наристесине ыйгарган жана Алькамилди кичинекей ымыркайдын өкүл атасы болуусун өтүнгөн. Мындай сунушка жаш ырчы алгач аябай толкунданып, сүрдөп, эмне деп айтаарын билбей, анан үйбүлөлүү болгондо өкүл аталык милдетин аткараарын билдирди.

Денис самолётто Пьер Нарцисc менен чогуу учту
Таланттуу үйбүлөнүн бир мүчөсү Денис Бобковдун өзүнүн бизнес иштери менен Москвага барышы Россиянын белгилүү актёру Ефремов катышкан фильм тартылып жаткан учурга туш келген. Атүгүл ырчы тасмада самолёттогу жүргүн­чүнүн ролун аткарып калууга да жетишкен. Анан да Москвадан Литвага тарткан сапарында белгилүү ырчы Пьер Нарциcс менен чогуу бир самолётто учуптур.

Элмирбектин ордуна Шекербек келди
Кыргыздын нукура салты болгон айтыш өнөрүн жандандырууну башкы максат кылган “Айтыш” коомдук фондунун айтыш бөлүмүнүн жетекчиси Элмирбек Иманалиев өз ыктыяры менен ордунан кетти. Анын ордуна акындардын добушу менен Шекербек Адылов шайланды. Келечектен көптү үмүттөн­дүргөн акын жигит Шекербек “Элмирбектен аша иштебесем, кем иштебейм”,- деп ишинин майын чыгарууга далалаттанууда.

Камчынын “шабашкасы” кайда кетип жатат?
“Дем” театрынын актёру Камчы Сарыбаевдин февраль айынын башында “ата” деген статуска ээ болом деген кубанычы азыр эле опол тоодой. Актёрдун туулган күнү 7-февраль болгондуктан, “балам дагы ошол күнү төрөлсө экен” деп тилек кылып жатат. Камчынын айтымында, жубайы үйгө отуруп алып күнүгө бирден торт жана туздалган бадыраң жеп жатыптыр. Тапкан “шабашкасынын” баары келинчегинин жана келечектеги баласынын пайдасына кетип жатканына актёрдун маанайы жарыла сүйүнүп жүргөн кези.

Кутмандын ыры Кытай генералынын жүрөгүндө
Туулган жерге болгон сүйүүсүн ыры менен билдирүүгө аракет жасаган Кутман Жолдошев жеке ырчылык ишинен сырткары чегара кызматынын алдында уюшулган ансамблде солист болуп эмгектенет. Жакында Кытайдан келген генералдарды чегара ансамбли жылуу маанайда, концерттик программанын негизинде тосуп алышкан. Баарынан кызыгы, бул делегациянын маанилүү коногу кытай улутундагы генерал казак тилин суудай билет экен. Конокторду тосуп алуу салтанатында Кутман Жолдошев “Кутман жер” жана Айбек Карымовдун “Туулган жерди сагынуу” аттуу ырларын аткарган. Тосуп алуу кечеси аяктаган соң ырчы күтүлбөгөн окуяга туш болду. Сыйлуу конок генерал казак тилинде ырчыга болгон ыраазычылыгын билдирүү менен: “Сенин ырларың кулагымдан кирип, жүрөгүмдөн орун алды”,- деп ырчынын талантына тан берип, көзүнө жаш алган.

Ирлан төрөлө элек балага ат койду
Окуучу кыздарга көз арткан жаш ырчы Ирлан Таалайбеков борборго келе электе эле өз айылынын музыканты болгонун айтып келет. Айылдагы той-топурлар Ирлансыз өтчү эмес. Кичи мекенине барган ырчы бул сапарында күтүлбөгөн окуяга туш болуп кайтты. Чакан тойдо ырдап жатса, бир айылдашы келип, жакында уулдуу болоорун жана Ирландын ага азыр ат коюп кетүүсүн суранган. Бир чети таң калып, бир чети толкунданган ырчы бир аз ойлонгон соң “Ырыскелди болсун” деген жооп кайтарган. Ырчы учурда “төрө­лөө­рү менен телефон чалам” деген жигиттин сүйүн­чүлөшүн күтүп жатат.

Мажит музыкалык студиялуу болду
Таланттуу атанын баласы кичинекей Мажит биринчи жеке концертинен түшкөн каражатка өзүнүн чакан музыкалык студиясын ачты. Бул студияга керектүү аппаратуранын баасы 2500 долларга түштү. Учурда кичинекей куудул-ырчы Мажит “Ямахада” ойногонду үйрөнүп жатат. “Мындан соң үн жазуу иштерин, ырды аранжировкалоону өздөш­түрөм”,- деген куудулга байкеси Эрнис Бөрүбаев жол көрсөтүүдө.

Замир ырчы болууну каалайт
“XXI кылым” радиосунун ди-джейи Замир Казакбаев учурда ырчы болуп сахнага чыгууну да пландаштырып жатат. Ал буга чейин азыркы жаш эстрада ырчылары ырдап жүргөн айрым ырлардын сөзүн, обонун жазып келген. Ди-джейдин кичинекей ырчы Эмир менен ырдаган “Сен сүйүү” жана “Ата-эне” аттуу дуэттери радиолордон бериле баштады. Эки ырга тең клип тартууну жаш режиссёр Рус­лан Машрапов колго алып, азыр тартуу менен алек болуп жатышат.

Эмир муз үстүндө бийлөө боюнча машыгууда
Роликти бутуна биринчи байлаганда эле Алматынын көчөлөрүн зуулдай аралап, ди-джей кызды ээрчиген кичинекей Эмир азыр роликти конькиге алмаштырган кези. “Ролик тепкен адам конькини кыйналбай өздөштүрүп кетет экен”,- дейт Эмир. Учурда кичинекей ырчы атасынын муз тебүүгө ылайыкташтырып түзүп жаткан долбооруна даярдануунун үстүндө жүрөт. Муз тебүүчү жайга жумасына эки жолу барууну адатка айланткан кичинекей ырчы белгилүүлөрдүн арасынан муз үстүндө бийлегендердин баштоочусу болот окшойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
rola
2020-04-29 15:51:13
Ото эле майда нерселерин да айта беришеби,бул ырчылар?
0
№ 272, 18-24 январь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан