БЕГИМАЙ АФГАНИСТАНДА ДА ПОПУЛЯРДУУ

Суйкайган ырчы Бегимай Эсенгулованын аяш апасынын баласы Афганистандагы америкалык аскер базасында эмгектенет экен. Байкеси ал жактагы дисктердин арасынан Бегимайдын клиптерин көрүп бир чети ишенип, бир чети ишенген эмес. Анткени, карындашынын ырчы болуп кеткенин уккан эмес эле. Бул жакка келген соң Бегимайдын ырчы болуп кеткенин билип, анын клиптерин Афганистандан көргөнүн айткан.


АЙЯ ЖАНА “МКД” ТОБУ КАЗАКСТАН ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШАТ

Алматы шаарында 6-февралда өтүүчү “XXI кылым” фестивалына Казакстандын ырчылары жана коңшу мамлекеттерден экиден ырчы катышмакчы. Биздин өлкөдөн бул фестивалга Айя Садырова жана “МКД” тобунун жигиттери барышат. Фестивалга катышкан ырчылар андан ары Казакстандын борбору Астанага жол тартышат. Ырчы Айянын жана “МКД” тобунун мүчөсү Тө­лөндүн айтымында, Астана шаарында жашаган кыргыздар фестиваль аяктагандан кийин өздө­рүнчө кече уюштураарын билдиришкен.


САМАТ ЭКИ АВТОКЫРСЫККА УЧУРАДЫ

Ырчы Самат Доолотбаков Чычкан жылында мүчөлүү жашын белгилемекчи. Саматтын мүчөл жашы жыл жаңыраары менен эле автокырсык менен башталды. Биринчиси, Карабалтадан Бишкекке келатканда болсо, экинчисине борбордун көчөлөрүнөн кабылган. Бактыга жараша, бул жолкусунда кичине гана материалдык жабыркоого туштукса, биринчиси денсоолугуна таасирин тийгизгенге чейин барган. Ошондон улам ырчы “мүчөл жаш опурталдуу болот деген чын окшойт” деген ойдо кызыл түстөгү байпак кийип жүрөт.


МИРБЕК “СЕНИ ГАНА” ЫРЫН МУЗЫКАСЫЗ ЫРДАЙ БАШТАДЫ

Тереңден көз чаптырган адам Кыргызстандын шоу-бизнеси өнүгүүнүн жолунда экенин байкабай койбосо керек. Анткени, ар бир ырчы улам бир жаңылык жаратуунун, изденүүнүн үстүндө эмгектенип келет. Кыздардын сүймөнчүгү Мирбек Атабеков “Сени гана” аттуу ырына акапелла жасаган. Тактап айтканда, ырчы бул ырын эч кандай музыканын коштоосунда эмес, өз үнү менен гана ырдайт. Музыкалык билими жок ырчы жасаган эмгегин тажрыйбалуу музыканттарга көрсөтсө, алар: “Анча-мынча гана мүчүлүш­түктөр кетпесе, баары жакшы”,- дешкен. Ошондон улам Мирбек акапелласын радиолорго берип, өз эмгегине өзү ыраазы болуп келет.


ШАХРЕЗАДА ЭКИНЧИ НЕБЕРЕЛҮҮ БОЛДУ

Өзгөчө үнү менен эл эсинде калган Шахрезада Аскарова акыркы күндөрү сахнадан көрүнбөй кетти. Бирок, бул айым чыгармачылыктан алыстабай эле ошол чөйрөнүн бир бөлүгүндө иш жүргүзүп келүүдө. Тактап айтсак, той-топурга тамада болууну кесип кылып алган. Ырчылык өнөрүнөн тамадалык кесиби күчтүүрөөк болгон айымдын экинчи уул небереси 14-январда Астанада төрөлдү. Тамаданын уул-келини Астанадагы кафелердин биринде ырчы болуп эмгектенишчү. Кубанычы коюнуна батпаган тамада айым жакында эле небересин Астана шаарына барып көрүп келди. Ал эми небересинин атын кудагыйы коёт экен.


БАКЫТ ТАМАДАЛЫКТАН ЫРЧЫЛЫККА ӨТТҮ

Бакыт Байсариев бийчилик өнөрү менен катар тамадалыкты да алып жүргөн эле. Эми ырчылыкты кошо аркалай турган болду. Февраль айынын ортосунда Кытайга барчу сапарында ырларына аранжировка жасатууну пландаштырууда. Жана Кытай мамлекетинин эң кооз аралы болгон Хань Ян аралынан клип тарттырып келсемби деп да жатат. Бул пландар болочоктогу ырчынын талантын баалап, колдогондордун жардамы менен ишке ашмакчы.


ҮЧТЕРЕКТИН ҮЧ КЫЗЫ ЭМИ ТРИО АТКАРЫШПАЙТ

Үчтеректин үч кызы аталган Анапия, Дилбар, Лира Раимбековалар “мындан ары трио эч качан аткарбайбыз” деп чечишти. Анткени, Анапиянын күйөрмандары “сен эки сиңдиңе караганда жакшы ырдайсың” дешсе, Дилбар жана Лиранын күйөрмандары аларды мактап келишет. “Ошондон улам ар бирибиздин талантыбызды эл өзүнчө баалап, өз-өз жүзүбүздү көрсүн деп чечтик. Бул чечимибизди күйөөлөрүбүз да колдоду”,- дейт ырчы Дилбар Раимбекова.


БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫЛАР БИР ФИЛЬМДЕ

Белгилүү продюсер, режиссёр Рысбек Жабиров тарткан жалаң ырчылар катышкан “Кайып булак” кинотасмасы көрөрмандарды кайдыгер калтырган эмес. Учурда режиссёр дагы жалаң ырчылар катышкан “Достор” аттуу кино тартуунун алдында турат. Бул кинодо балдар үйүнөн тарбияланып чыккан достордун турмушу чагылдырылмакчы. Башкаармандын ролун ырчы Султан Садыралиев ойноп, андан сырткары, Урмат Усенов, Ильяз Абдыразаков жана Сауле сыяктуу жаш жылдыздар катышат. Бул кинону режиссёрдун мына-мына тарта баштайм деп турган чагы.


4 ЖАШТАГЫ БАЛА АЙГЕРИМДИ СҮЙҮП...

Ыр менен кошо бийдин да акесин тааныткан Расул кызы Айгеримге ашык болгон күйөрман жигиттердин эң жашы төрт жашта экен. Бул тууралуу Айгеримдин апасына 4 жаштагы күйөрман бала Сабит уулу Жээнбектин атасы кабарлаган. Анткени, Жээнбек “мени Айгеримге алып бар” деп ата-энесине чыр салып, тамак жебей, ойнобой да калган. Аргасы түгөнгөн ата-эне ырчынын телефонун таап, баласын Айгерим менен сүйлөш­түргөн. Айгерим кичинекей күйөрманын студиясына чакырган жана эгер таланттуу болсо, тобуна кабыл алаарын да айтып, Жээнбек менен анын ата-энесин кубандырган.


"КЫЗ-БУРАК" ТОБУ КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТИН ӨТКӨРҮШТҮ

Отуз жылдык тарыхы бар “Кыз-Бурак” тобу жыл башында кайрымдуулук концерти менен Жалалабат аймагындагы түрмөлөрдү кыдырып концерт беришти. Бул жүрүштүн максаты, акча табуу эмес, отурган адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулоо болгон. Топтун кыздары муну менен эле калып калбай, жер титирөөдөн жапа чеккен түштүк аймагындагы айылдарды да кыдырып, моралдык колдоо катары бекер концерт тартуулап келгенге жетишишти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 273, 25-31-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан