КУБАНЫЧ ПОЕЗДДЕ КОНЦЕРТ БЕРДИ

Атанын уулу аталган Кубаныч Сатаев өткөн аптада Москва шаарына биринчи жолу өзүнүн жеке концертин коюп кайтты. Ырчы ал жакка маданият министри Султан Раевдин көмөгү менен барган эле. Башкача айтканда, министр ырчыга учактын билетин 50 пайыз арзандатып алганга жардам берген. Ал эми ырчы Москвадан поезд менен келатып жүргүн­чүлөрдүн суроосу боюнча поезддин ресторанында өзүнүн тобундагы балдар менен 2 сааттык концерт берип, ырлары жазылган дисктерин сатуу менен жол киресин чыгарып алганын бизге кабарлады.


АЙЧҮРӨК КҮЙӨӨ БАЛАЛУУ БОЛДУ

Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын колунда 12 жылдан бери тарбияланып келе жаткан сиңдисин алакачып кетишти. Дайыма жанында жүрүп ырчынын бир боору болуп калган бул кызды алып келем деп артынан кууп барган Айчүрөк эженин ою ишке ашпады. Анткени, сиңдиси ал жигит менен сүйлөшүп жүргөн экен. "Сиңдим Нуру уулум Арленди да, кызым Аэлитаны да баккан эле. Азыр Аэлита "нянясын" сагынып ыйлап жаткан кези. Өзүм да аябай жаман болуп жатам. Мүмкүн бир аз убакыттан кийин сиңдимди да, күйөө баламды да колума алып алам го",- деп билдирди Айчүрөк айым.


БЕГИМАЙ СҮРӨТЧҮ БОЛОБУ?

Жаш ырчы Бегимай Эсенгулова ырдап элге талантын тартуулап жүргөн кезде дагы бир таланты ачылды. Башкача айтканда, ырчынын сүрөтчүлүк өнөрү да бар экен. Бул өнөрүнө буга чейин көп маани бербеген ырчы алгач курбуларынын суранычы боюнча алардын сүрөттөрүн тартып берген. Бегимайдын тарткан сүрөттөрүн көргөн Көркөм сүрөт академиясынын мугалими ырчыга сүрөтчүлү­ккө окуусун сунуш кылып жатат. Ырчы сү­рөт­чү болуп кетеби, аны убакыт көр­­­гө­зөт. Азырынча ырчылык менен эле алектенип жатканын бизге продюсери Динара Эсенгулова маалымдады.


РАЙХАН ЖАЛГЫЗ КЫЗЫН БИЗНЕСИН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ОРУСИЯГА ЖИБЕРДИ

Эстрада ырчысы Райхан Абдубалиева чыгармачылыктан бир аз оолактап, бизнесинин үстүндө катуу иштөөдө. Сахнага караганда бизнестен көбүрөөк акча табаарын билип калган ырчы жогорку окуу жайда окуп жаткан кызын да Орусияга иштөөгө жиберди. Райхан эжекебиздин кызы Бегимай апасынын ал жактагы бизнесин башкарып, апасынын колун узартып жаткан кези.


"АЛТЫН КИЙ" ТЕЛЕДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

15-16-17-февралда белгилүү продюсер Ильяс Адамов уюштурган "Алтын кий" теледолбоору жыйынтыкталды. "Элеганс" бильярд клубунда өткөн белгилүү инсандардын арасындагы бул сынакта жалпысынан 18 адам таймашып, Бек Борбиев менен Күмөндөр Абылов финалга чыккан эле. Ошентип, жы­йынтыгында "Алтын кий" теледолбоору боюнча "Миң кыял FM" радиосунун кубогун ырчы Бек Борбиев жеңип алды.


ПРОДЮСЕРЛЕР ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ БЕРИШТИ

УТРКнын музыкалык долбоорлорунун авторлору жана продюсерлери Канат Култаев, Динара Эсенгулова, Асыл Апасовалар 20-февраль күнү журналисттер үчүн пресс-конференция беришти. Өткөн жумада айрым маалымат каражаттары оштук ырчылардын нааразычылыктарын бир беткей беришкендиктен, бул конференцияны элге туура маалымат жеткирүү максатында уюштурушту. Продюсерлер “маселени ушунчага жеткирбей эле бир чечимге келип бүтүрөлү” дегендерине болбой оштук ырчылар аларды “коркута беришкен”. Продюсерлердин айтымында, эч бир ырчыга эч кандай бут тосуулар болгон эмес. Канат Култаев: “Темир Назаровду автордук көрсөтүүлөрүмө чыгарбай коюуга акым бар!”- деп билдирсе, «Хит-парад» ит парад болуп кетти” дегендерди сотко берээрин Динара Эсенгулова айтты. “Биз бардык артисттерди иштешүүгө чакырабыз. Иштей албагандар иштегендерди көрө албай ар кандай ушактарды, нааразычылыктарды таркатышат. Жакында бул маселе боюнча бардык артисттер менен кошо маданият министри Султан Раевдин катышуусунда тегерек үстөл уюштурабыз”,- деп билдиришти.


ИЛЬЯЗ КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЭС АЛУУДА

Жаш болсо да ишине маш ырчы Ильяз Абдыразаков кыштын акыркы күндөрүндө көл жээгиндеги белгилүү пансионаттардын биринде эс алып жаткан учуру. Ырчынын айтымында, гастроль, концерт деп жүрө берип бир аз денсоолугуна көңүл бурулбай калган. Ошондуктан, кыш болгонуна карабай эс алып, энергия топтоп жатканын бизге билдирди. "Көлдө жайкыга караганда кышында эс алуу бир топ кызыктуу экен, мындан кийин кышкысын да көлгө келип көңүл көтөрүп кетем",- дейт ырчы.


"ОКУУЧУ КЫЗ" ГҮЛНАЗ ТУРМУШКА ЧЫКТЫ

“Жаш кыял” бий ансамблинде бийлеген “окуучу кыз” Гүлназ турмушка чыкты. Бийчи кыз көлдүк Нурлан Эралиев аттуу жигит менен сүйлөшүп жүргөнүнө 6 ай болгон экен. Бактылуу болооруна көзү жеткен эки жаш 14-фе­в­раль Сүйүш­көн­дөр күнүндө баш кошушкан. Гүл­наз­­дын күйөө­сүнүн ке­сиби экономист. Бирок, Нурлан учурда спорт тармагында иштөөдө. Ал эми Гүлназ 12 жыл “Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамблинде Жаныбек жана Анара Чилетировдордун колунда тарбияланган эле. Эми аларды өкүл ата, өкүл эне шайлап алышып, өмүр бою бул инсандардын балдары болуп калды. Ал эми гезитибиздин өткөн санында Гүлназ менен ырчы Сапардын мамилеси тууралуу тамаша иретинде жазылган маалымат чындыгы жок жөн гана ушак болуп чыкты.


ПОПУЛЯРДУУ ЫРЛАРДЫ ЖАЗГАН ОШТУК МУЗЫКАНТ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Белгилүү ырчы Алекс көпчүлүк ырчылардын популярдуу ырларын жазган Шофхат Бахридиновду Бишкекке көчүрүп келет. Өзбек улутундагы бул музыканттын борборго келишин көпчүлүк ырчыларыбыз колдоодо. Анткени, бул музыкант ырды арзан жана сапаттуу жазат экен. Эми ырчылар жол кире кетирип Ошко барып убара болушпайт жана бул жактагы студияларга салыштырмалуу ырларын арзан жаздырышат. Оштук музыкант борборго Алекс жана продюсери Ассоль Молдокматованын жардамы менен келип, Алекстин үйүндө жашамакчы.


НАЗИРА ТҮРКИЯГА АЛПАРУУЧУ БОЛУП КЕТЕБИ?

Тилинен чаң чыккан алпаруучу Назира Айтбекованын бул жактагы түрк туугандардын чоң конференцияларын, майрамдарын эки тилде алпарып жүргөнү баарыбызга маалым. Назиранын бул талантын баалаган Түркиядагы чоңдор биздин кызды алпаруучулукка чакырууда. Назира бысмылда дегенде эле Түркияда жыл сайын өтүүчү 200дөн ашуун өлкө катышкан түрк тилинин олимпиа­дасын алып бармакчы. Бул олимпиада май айында 6-жолу өтөт. Учурда Назиранын буга кызуу даярданып жаткан убагы. “Буюрса, олимпиаданы ийгиликтүү алып барып алсам, канча бир убакытка чейин келишим түзүп, Түркияда иштеп калышым да мүмкүн. Анткени, менин түрк мугалимдерим мага ал жактан жумуш таап иштешүүгө көптөн бери чакырышууда. Ойлонуп, дагы деле бир чечимге келе элекмин”,- деп билдирди таланттуу алпаруучу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 277, 22-28-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан