Буюрса, кыргыздын саны дагы бир адамга көбөйдү. Бул жаңы төрөлгөн наристеден келечекте белгилүү бир искусство адамы чыгышы мүмкүн. Апасы жумурай журтка таанымал белгилүү ырчы Анжелика болсо, атасы искусствону сыйлаган, баалаган адам болсо, чыкпаганда эмне! Азырынча ымыркайдын денсоолугун тилеп туралы. Ал эми энелик бакытка балкып турган Анжелика бизге төмөнкүлөр жөнүндө кеп куруп берди.
– Анжелика, бешик бооң бек болсун!
– Рахмат! Тээ жайында эле өзүмчө кыялданып, "менде ушул күнү бала төрөлөт" деп 15-декабрды соткама белгилеп койгон элем. 15-декабрь болбосо да, 14-декабрда аман-эсен көз жарып алдым.
– Эне болуу бактысын сезип жатасыңбы?
– Алиге чейин өзүмдүн эне болгонума ишене элекмин. Палатада экөөбүз жалгыз калганда "чын эле ушул менин кызымбы?" деп кечке карап отура берем.
– Кимге окшош экени азырынча билинбесе керек?
– Билинбейт. Көздөрү капкара, бакыракай. Анан да эки бетинде эки чуңкурчасы бар. Ошол чуңкурчалары меникине окшош экен.
– Ыйлаакпы?
– Ыйлаак деле эмес. Ойгонбой эле уктап жатат.
– Атын ким койдуңар?
– Баарыбыз акылдашып, кайненемдин сунушу менен Айым койдук. Ат тандоо үчүн атайын мусулман китебин сатып алган элек. Угушубузга караганда, адамдын аты аркы дүйнөдө аны сактайт экен. Мына ушундай ишеним менен Айым деген атты мусулман китебинен алып койдук.
– Кызың канча салмакта төрөлдү?
– Өзүм жаш болгон үчүн кош бойлуу кезимде доктурлар "балаңды көп чоңойтпо, ошондо жеңил төрөйсүң" деген кеңештерин беришчү. Алардын кеңеши менен диета кармап, көп деле чоңойтпогон экенмин, 3 килограмм болуп төрөлдү.
– Биринчи төрөтүң эмеспи. Кыйналган жоксуңбу?
– Бул дүйнөдөгү эң күчтүүлөр – аялзаты болот экенбиз. Буга мен өзүмдүн толгоомдон кийин дагы бир жолу ишендим. Ал эми төрөгөндө толгоо тарткандагыдай кыйналган жокмун. Шаарыбыздагы белгилүү менчик клиниканын тажрыйбалуу врачтарынын көзөмөлүндө болдум эле, алар өздөрүнүн методу менен эч нерсени сездирбей эле төрөтүп алышты.
– Кыз төрөөрүңдү мурун эле билип алган белең?
– Төрөлгөнгө чейин билген эмесмин. УЗИге барсам буту менен жаап алып, такыр көрсөтпөй койгон. Анан биз да Кудайдын бергенин күтүп, жынысына көп деле маани берген эмеспиз. Бирок, өзүмчө эле кыздуу болгум келе берчү.
– Жолдошуң да аябай сүйүнүп жатса керек?
– Ал ноябрдын 25инде кайненемди алып Меккеге кеткен болчу. Мага карап бир аз кыйылгансыды эле, мен макулдугумду берип, жөнөтүп жибергем. Алыста жүргөнү менен эң аз дегенде бир күндө он жолу телефон чалат. Мен төрөп жатканда да телефон аркылуу баарын угуп турду. Ошондуктан, мен үчүн жанымда тургандай эле болду. Кийин сүйлөшсөк, "мени бул жакта эч ким тааныбаса дагы көчөгө чыгып алып, "мен кыздуу болдум!" деп кыйкырдым" деп жатпайбы. Анан ошол жактагы абышкаларды сыйлап, өзүнчө эле той өткөрүп бериптир. Кайненем менен сүйлөшсөм, ал да жалынып-жалбарып, кубанычында чек жок.– Анда небересинин атын да телефон аркылуу койдубу?
– Жок, аны кетип жатканда эле "эгер кыз болсо атын Айым койгула" деп айтып кеткен.
– Анда Урмат сага өтө чоң белек менен келсе керек?
– Телефондон тамашалап, "мен сага Жаңы Жылга кыз төрөп белек кылдым, сен мага эмне белек кыласың?" десем, "менин сага өтө чоң сюрпризим бар, бирок, айтпайм, барганда көрөсүң" деп койду. Мен алардын белегин эмес, өздөрүнүн аман-эсен келишин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Буюрса, 25-декабрга чейин келип калышат.
– Бала багуу жагынан албетте, тажрыйбалуу эмессиң. Атайын китептердин же кимдир-бирөөнүн жардамына таянасыңбы же өзүң эле багасыңбы?
– Менин эки кичинекей иним бар. Бири 6 жашта, экинчиси 3 жашта. Экөөнү тең апама мен багышкам. Ошондон улам кантип жуунтуу керек, кантип ороо керек экенин жакшы эле билем. Ошол апамдан үйрөнгөндөрүм боюнча эле буюрса, баламды өзүм багам деп турам. Бирок, азырынча апам такай жанымда болуп жатат.
– Эми чыгармачылыгың кайсы бир убакка чейин токтоп калат экен да?
– Декабрдын башында төрөп калсам, Жаңы Жылдык программаларга катышуу жөнүндө аябай чоң тилегим бар болчу. Эми болсо баарыбир жетишпей калат экенмин. Жаңы ыр жаздырыш керек, форма тиктириш керек, бийлерди даярдаш керек дегендей. Андан кийин болсо баламдын кыркы чыгаары менен эле чыгармачылыкка кирише баштайм. Айчүрөк эже экөөбүздүн көптөгөн пландарыбыз бар, буюрса, ошолорду ишке ашыра баштайбыз.
– Айчүрөк эже "неберелүү" болгонун уктубу?
– Албетте. Апам эң биринчи эле Айчүрөк эжеге сүйүнчүлөгөн экен, эже аябай сүйүнүптүр.
– Кызыңдын келечекте ырчы болуп чыгышын каалайсыңбы?
– Анын өзүнүн тандоосуна коём. Ырчы болом десе ырчы, башка десе башка болот. Кесип тандоо жагынан апам мени өз эркиме койгон сыяктуу эле, келечекте мен да аны өз эркине коём. Бирок, мен азырынча кызымдын кесиби эмес, денсоолугун, акыл-эстүү болуп чоңоюшун Кудайдан тилеп жатам.
Маектешкен Азиза Сатимбекова