КАМЧЫ УУЛДУУ БОЛДУ

"Дем" театрынын демдүү да, дандуу да жигити Камчыбек Сарыбаев жыл сайын ушул жылдын 4-мартынан тарта кош майрам кылмай болду. Анткени, жубайы өзүнүн туулган күнү болгон 4-мартта Камчыга балканактай уул белек кылды. Наристе бул күнү түнкү саат 10до борбордогу №1-төрөт үйүндө салмагы 3 килограмм, бою 50 сантиметр болуп жарыкка келген. Баарынан кызыгы, актёр сүйүнгөнүнөн жанын коёорго жер таппай жатканы менен оозуна бир да тамчы спирт ичимдигин албаптыр. Анткени, Камчы: "Баланын кыркылыгы чыккандан кийин гана ичимдик оозанам",- деп өзүнө-өзү сөз берген экен.


30 ЖЫЛ ЧЕККЕН ТАМЕКИСИН ТУРУСБЕК БИР КҮНДӨ ТАШТАДЫ

Отуз жыл бою бир саат дагы тамекисиз жашай албаган актёр Турусбек Жумалиев тамекини бир күн ичинде таштаптыр. Анын айтымында, артисттердин ичинен эң көп чеккени болгону менен эрки өтө күчтүү адамдардын катарында экен. Бир концерт бүткүчө эки куту, ал эми бир тойдун аягына чыккыча төрт кутуну бошоткон Турусбек "тамекини таштайм" деп эч убакта ойлогон эмес. Акыркы убактарда эң күчтүү "Полёт" маркасындагы филтрлүү тамекини чегип жүрүп жөн гана эркин текшерип көрүү максатында тамекини таштап көргөн. Бул аракетинен жыйынтык чыгарган Турусбек азыр өзүн жеңил, жаш сезип жаткан учуру.


ГҮЛНУР ОРУСИЯНЫН "ЛОМОНОСОВ" СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ

24-февралда Маданият жана маалымат министринин Кыргызстандагы музыка чөйрөсүнө тиешеси бар адамдардын, ырчылардын катышуусунда Улуттук каналда чогулуш болуп өткөн. Чогулуш ырчы Гүлнур Сатылгановага Орусия мамлекетинин атынан жиберилген орденди тапшыруу менен башталган. Тактап айтканда, орден Орусия федерациясынын сыйлыктар боюнча улуттук комитети тарабынан Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызмат­ташуу­су үчүн берилген. Учурунда так ушул сыйлыкка Алла Пугачёва да ээ болгон экен.


РАЙХАН ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Жыл сайын "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" фестивалын куудул Рахман Разыков уюштуруп, фес­тивалдагы ар бир мыкты аткарылган номерге атайын орундар берилип келет. 2007-жылы өткөн бул конкурста бий боюнча Гран-Прини куудул Кубан Алимов менен ырчы Райхан Абдубалиева жеңип алышкан. Бирок, ал орундун сыйлыгы бүгүнкү күнгө чейин же­ңүүчүлөрдүн колуна тапшырылбаганы ырчыны нааразы кылып келет.


МИРБЕК "НОВАЯ ВОЛНАГА" КАТЫШАТ

Дүйнөгө атагы чыккан белгилүү музыка чөйрөсүндөгү инсандар калыстык кылган эл аралык "Новая волна" фестивалы жыл сайын Юрмалада өтүп келет. Алматы шаарында 29-февралда өткөн фестивалдын алгачкы туруна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен бардыгы болуп 41 ырчы катышкан. Биздин ырчылардан Мирбек Атабеков, Омар жана Жанета Бобковалар өз күчтөрүн сынашкан. Мирбек "Дүйнөлүк хит" бөлүмүндө Р.Келинин репертуарынан англис тилиндеги "Мен асманга учкум келет", ал эми "Өл­көң­дүн хити" бөлү­мүндө Шекербек Шеркуловдун "Таласым" деген ырын аткарган. Жыйынтыгында, Мирбек менен Омар 15-мартта Москвада өтүүчү жарым финалга жолдомо алышкан.


ГҮЛАНДА ӨЗҮНҮН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ЧАЧТАРАЧКАНА АЧАТ

Акталаанын сулуусу ырчы Гүланданын туу­л­ган күнү Аялдардын эл аралык майрамы 8-Март экенин көпчүлүк билбесе керек. Ырчы кыз өзүнүн туулган күнүнө эмне белек даярдады дебейсизби? Ал "Гүланда" деген чачтарачкана ачып, так ошол 8-Март күнү лентасын кесип, үч майрамды чогуу майрамдаганы турат. Гүланда чакан ишканасын чачтарач кесибин өздөштүргөн сиңдисине көзөмөлдөтөт экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 279, 7-13-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан