КЫШКЫ СОНАТА

Режиссёру – Юн Сок Хо.
Продюсери – Юн Сок Хо.
Ролдордо: Бэ Ён Чжун, Чё Чжи У, Пак Ён Ха, Пак Соль Ми жана башкалар.

Акыркы 10 жылда дүйнө жүзү боюнча корей киносунун рейтинги өсүүдө. Тарыхый драма же комедия болобу, өзгөчө чыгыш табити менен жаралган фильмдер учурда Азия, Европада абдан актуалдуу. Бул көрүнүштү “Корея толкуну” деп аташкан. Ошол толкун менен биздин жээкке “Кышкы соната” аттуу сериал келип жетти.

«КҮЗГҮ ЖОМОК», «КЫШКЫ СОНАТА», «ЖАЗГЫ ВАЛЬС», «ЖАЙДЫН ЖЫТЫ»...
Режиссёр Юн Сок Хо “Кышкы соната” сериалын “Күзгү жомок” сериалынан кийин тартып баштаган. Бул анын “Жыл мезгилдеринин сериалдары” циклиндеги экинчи көп сериялуу тасмасы. Жакында “Жайдын жыты” өз мекенинде көр­сө­түлүп бүтүп, эми күйөрмандар акыркы “жазгы” сериалдын көрсө­түлүшүн күтү­шүүдө.
Ар бири 60 мүнөт­түк “Кышкы Соната” сериалы адегенде Кореяда 2002-жылдын январь-март айларында көрсө­түлгөн. Андан кийин сериал Кытай, Жапонияга сатылып, жадакалса режиссёрдун оюна келбес популярдуулукка жетишкен. 2003-жылы сериал жапон көрүүчү­лөрүнүн суранычы менен үч жолу кайталанып көр­сөтүлгөн.

1 ЛИТР ЖАШ
1 литр жаш” дегенибиз – ар бир серияны көр­гө­­нү­ңүздө дал ушунча көлөмдө жаш тө­гөө­рүңүз­дү эскерткенибиз. Себеби, “Кыш­кы сонатада” сезимди өйүт­көн кайгылуу сүйүү окуясы чагылдырылган. Сериалдын башкаармандары Ю Чжин, Чжун Сан жана Сан Хек мектепте бирге окуган жакын достор. Бирин-бири сүйгөн Ю Чжин менен Чжун Сан адегенде 10 жылга созулган ажырашууга туш келишсе, кезиккен соң экөө бир тууган болуп чыгат. Бирок, бул чындыкпы же экөөнүн бирге болуусун көрө албагандардын кылган ишиби, айтор, сериалдын акырында гана белгилүү болот.
Тасма болжолдуу 30 жылдык окуяны сүрөт­төйт. Ушунча убакыт бою тагдырдын ачуу-тат­туусун бирге таткан махабат үч бурчтугу акыры кандай чечилет? Мында биздин кыскача мазмунду жазууга аракетибиз бош. Ошондуктан, сериалды өзүңүз көрүңүз деп кеңеш берээр элек.

«КЫШКЫ СОНАТА» БҮТКҮЛ КОРЕЯНЫ БАГУУДА
Сериал экран аркылуу жайылаар замат киреше алып келе баштады. Фильмдин сатыкка чыккан DVD дисктери текчелерде бир күн да турган жок. Мекенинде гана эмес, башка өлкөлөрдө DVD сатуудан гана түшкөн киреше тасмага жумшалган акчаны 10 эселеп жаап берди.
Жапониялык “Сони” фирмасы сериалдын башкаарманы актёр Бэ Ён Чжунду (Чжун Сандын ролун аткаруучу) бир нече миллион долларга “сатып алып”, фирманын жүзү катары жарнама кылууда.
Ал эми Кореяга сапар алган туристтердин саны өскөндөн өсүп баратат. “Кышкы сонатаны” көргөн 2,44 миллион жапон туристтери жайкы эс алууларын так ушул сериал тартылган аралда өткөрүүнү чечишкен. Актёрлордун күйөрмандары кумирлеринин сү­рөттөрүн, сувенирлерди сатып алуу жана сериал тартылган жерлерди көрүп келүү үчүн агым-агым болуп өлкөгө келип жатышат. Мындан кандай пайда жасап калууну тез түшүнгөн корейлер тез аранын ичинде кино тартылган Чжундо аралын турист­тик аймакка айландырып жиберишкен. Башкаармандар велосипед тээп сейилдеген парк, суу жээктери, токой, жолугушууга келген кафе, булардын бардыгы кадимки ыйык зыярат жерлерге айлангандай. Ю Чжин менен Чжун Сан тепкен велосипеддер, алар жеген тамак, алардын моюн орогучтары, колдоруна таккан күмүш билериктер... Булар болсо сувенир катары ар бир күркөдө сатылат.
Намисом аралында да “Кышкы сонатанын” кээ бир сериялары тартылган. Бул жерде тасманын бетачаары өткөн. Күйөрмандар бул жерди да соо койгон эмес. Азыр да Намисом туристтерге бай жерлердин катарында.

ЖАЛГЫЗ БОЙ АЙЫМДАР ҮЧҮН КРУЖКАЛАР
Жигиттер, эгер силерди Жапония, Кытай жана Кореядагы ар бир кыз жакшы көрсүн десеңиз, анда бул сүрөттөгү мырзага окшош болушуңуз керек.
“Кышкы соната” башталганда бир да айымды экрандын алдынан “сууруп” чыга албашын сериалды көргөн­дөр билсе керек. 34 жашар сеулдук актёр Бэ Ён Чжундун күйөрмандарынын арасында өспүрүм кыздар да, балалуу аялдар да, жашап калган жалгыз бой айымдар да бар.
Тез аранын ичинде баш айланткан атак-даңкка жеткен актёрго килограммдап кат келет. Аны күйөрмандары жер шары бою аркасынан ээрчип жүрүшөт экен. Өзгөчө жапониялык күйөрман кыздарга эч ким жетпейт. Сүйүктүү жылдызын көргөндө ыйлап жатып эсинен танган кыздар толтура. Атүгүл кумири үчүн өз өмүрүн кыйган кыз тууралуу да маалымат тараган. Жаш карысы дебей айымдар башкаармандыкындай моюн орогучтарды тагынышып, жадакалса ошол моюн орогучтарды так эле башкаарман байлагандай байлоону үйрөнүп да алышкан.
Мындан сырткары, жакында эле Жапонияда укмуштуу кружкалар сатыла баштады. Ал идишке суусундук куюлганда актёр Бэ Ён Чжундун үнү чыгат. Анда “мен сизди гана сүйөм. Өмүрүмдүн акырына чейин сиз менен болууну каалайм. Экөөбүздүн балабыз болот” деген сыяктуу сөздөр угулуп турат. Бул укмуштуу идиштер дүкөн­дөр­дө тез аранын ичинде жок калган.
Дагы бир жарнамалык фокус катары Жапонияда актёрдун үнү менен сүйлөгөн уюлдук телефондор чыга баштаган. Анда жагымдуу үн “сиз менен сүйлө­шү­шүм керек” же “сизге кат келди” деп айтып турат.
Башкаарман Ю Чжиндин образын жараткан актриса Че Чжи У да жогорку талапка ээ болгон актрисалардын катарында. 32 жашар актриса он чакты фильмде тартылып, мыкты актёрдук талантын далилдей алды. Мындан сырткары, Че Чжин У өз мекенинде атактуу жарнама модели катары таанымал. Накта популярдуулукка жеткирген фильмдер “Капкан”, “Алгачкы өбүшүү”, “Асманга тепкич” жана “Кышкы соната”.

СЕУЛДАН КЕЛГЕН МЕГАЖЫЛДЫЗ КАЖЫСАЙДА КИНОГО ТАРТЫЛАТ
Күз айларында ки­но тартуунун ыйык жерине айланып бараткан Ысыккөлдөгү Кажысай айылында жаңы тарыхый кино тартуу үчүн даярдык башталган. Бул тарыхый тасмага “Кышкы сонатада” башкы ролду ойногон Бэ Ён Чжун да катышат экен. Эгер баары ойдогудай болсо, анда биздин Кажысай да Кореядагы укмуштуу Чжундо аралынан калбаган эң сонун туристтик жайга айланып калгысы бар. Себеби, кээ бир сөздөргө караганда чоң жылдызды ээрчип дүйнөнүн ар кайсы бурчунан күйөрмандар келе баштайт. Эмнеси болсо да баарын байкап, кореялык жылдыздын аркасы менен Ысык­кө­лүбүздү да дүйнөгө таанытып алуу мүмкүн­чүлү­гүн коё бербесек экен. Ал эми учурда келээр-келбеси билинбей турган корей киночуларына “кош келиңиздер!” демекчибиз.


КОРЕЙ КИНОСУНУН ТАРЫХЫНАН БИР ҮЗҮМ
Корея кинематографиясынын тарыхындагы эң алгачкы тасма болуп 1923-жылы жаралган “Чек ара” фильми эсептелет. Ал батыштан билим алып келип, мекенинде эркектер менен катар албан ийгиликтерге жетишип жаткан аялзат өкүлдөрү тууралуу тартылган. Тема өз учурунда актуалдуу болгонуна карабастан, бул тасма жакшы деле кабыл алынган эмес.
Ошол эле жылы жапон-корей биригип жараткан “Чхун Хянь жөнүндө санжыра” эл арасына тез эле сиңип кетти. Себеби, анын өзөгүн корей элинин эң негизги жана эң чоң адабий чыгармасы түзгөн. Аталган эки тасма тең үнсүз тасмалар болчу. Антсе да так ушулар корей киносунун башаты деп эсептелинет.
Акыркы 10-20 жыл ичинде кореялык киночулар өздөрүн чээнде жаткан аюуга салыштырышкан. Алар батыш, европалык жана азиялык кинематографияны изилдеп, тажрыйба топтошкон. Эми корей киносуна жаз мезгили келип, оор уйкудан ойгонду десек болот. Бүгүнкү күн анын бүрдөп турган чагы.

КЕПТИН БААРЫ ДЭЭРДЕ ТУРБАЙБЫ
Кореялык кинофильмдер учурда Азияда абдан популярдуу. Мунун бир себеби, Азия өлкөлөрүнө таандык менталитет. Жапонияда, Кытайда жана Орто Азия өлкөлөрүндө корей фильмдери өтө жылуу кабыл алынат: биринчиден, улууларды сыйлоо, ата-эне менен баланын мамилелери, салт-санааны катуу кармоо сыяктуу баалуулуктар Азияда дээрлик бирдей баркталат. Экинчиден, корей фильмдеринде ачык уят көрүнүштөр аз же жок жана үйбүлө менен бирге көрүп жатканда ыңгайсыз учурлар болбойт. Үчүнчү, эң негизги себеби, корей фильмдери чыныгы жашоону сүрөттөйт. Албетте, тасмалар мушташ, детектив, триллер, комедия сыяктуу түркүн жанрларда жаралып жатат. Бирок, корей фильминин бир өзгөчөлүгү, анда сөзсүз түрдө жүрөк сыздаткан кооз сүйүү окуясы орун алат. Шварцнеггерлер менен Сталлонелерден тажаган европалык көрүүчү акыркы убакта так ушул азиялык, анын ичинен кореялык киного баа бере баштаганы да анык.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 268, 21-27-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан