«АКЧА ПАКЧАҢАР МЕНЕН ЖОГОЛГУЛА»

Алло, саламатсызбы, бул Неля бекен?
– Ооба, менмин.
– Кечиресиз, “We are tricking you” уюмунун менеджери Кутман тынчыңызды алып жатат. Сизди биз Жаңы Жылга карата уюштурулуп жаткан кечебизге чакыралы дедик эле.
– Жакшы болот. Силердин компанияңарды биринчи жолу угуп жатам.
– Биздин уюмдун Кыргызстандагы бөлүмүнүн ачылганына эми бир жыл болду. Уюмдун аты кыргызча “чет элдер достугу” болуп которулат (чыныгы которулушу – “биз сени тамашага салып жатабыз”). Аты айтып тургандай эле, биздин шериктештерибиз чет өлкөнүн өкүлдөрү. Бардыгы бизнесмендер.
– Бул кечеде мен эмне кылышым керек? Ырдап беришим керекпи?
– Бул уюм ачылгандан бери ар бир өлкөдө жыл сайын Жаңы Жыл тосуу адатка айланып калган. Бул жолу уюмубуздагы жапон, түрк, украин, кытай улутундагы өкүлдөрүбүз Жаңы Жылды тоскону Кыргызстанга келишмекчи. Анан бул кечеде сизди Аяз Кыз болуп берүүңүздү өтүнүп чалып жатам.
– Кайсы күнү болот? Убактысын айтсаңыз, мен концерттериме карап көрүшүм керек да?
– Жаңы Жыл күнү, 31-декабрда.
– Аа, отуз бириндеби?.. Кечиресиз, мен бул күнү бара албайм го... Жаңы Жылды дайыма эле үйбүлөм, досторум менен тосом. Башкаларга кайрылып көргүлө.
– Неля, трубканы койбой туруңуз. Биринчи сизге төлөнүп бере турган акчаны сурабайсызбы? Биз сизди атайын жактырып, анан тандадык. Гонорарыңыз 10 миң доллар.
– Менин телефонумду каяктан алдыңыз эле?
– Өзүбүздүн байланыштарыбыз бар. Ошолор аркылуу. Эмне деп чечтиңиз? Макулсузбу?
– Жок, мен бара албайм.
– Сизге төлөнүп берүүчү акча жакпай жатабы? Анда эки эсе кылып төлөп беребиз, 20 миң доллар, болобу?
– Ммм… Билбейм, байке, менден башка эч ким жок бекен?
– Биздин шефке сиз жагыптырсыз. Ошон үчүн сиз Аяз Кыз болушуңуз керек. Сиз коркпоңуз, ортобузда келишим кагазы болот. Анан да коноктор сиздин ырчы экениңизди билишпейт. Болгону, коноктор бул Жаңы Жылды унутулгус кылып өткөрүп кетүүлөрү керек.
– Конокторуңар унутулгус кылып өткөрүшү үчүн эмне кылуу керек? Сценарийиңер болсо керек?
– Биз сизге Аяз Кыздын кийимин тиктиртип койгонбуз. Аяз Кыздын кийими – кыска юбка, коёнектин шапкеси, кыскасы, заманбап Аяз Кыздын кийими. Ал эми Аяз Атаны Орусиядан тандадык. Наташа Королёванын күйөөсү, айтылуу стриптизчи Сергей Глушко (Тарзан) болмокчу. Саат ондон кийин сиз чычкандын формасын киесиз, жаңы кирип келаткан жыл болуп. Сергей чочконун формасын киет, анан...
– Токтоңуз, эмне деп жатасыз?! Кайсы стриптизчи? Каяктагы Аяз Кыздын кыска кийими? Мен мусулманмын, ойлонуп жатасыңарбы, азыр эмне дегениңерди?!
– Ошого жараша төлөп берип жатабыз го...
– Акча-пакчаңар менен жоголгула!
Түүт… түүт… түүт

Кайра бир аздан кийин чалганыбызда адатта назик, ийкем ырчы кызыбыз кадимкидей ачууланып, уруша баштады.
– Неля, кечирип коюңуз, бирок, бул менин ишим да, шефимдин сөзүн эки кылбашым керек. Сиз эле Аяз Кыз боло бериңизчи? Эмнеси сизге жакпай жатат?
– Деги бул эмнени көздөгөн уюм? Жакшылап айтып, түшүндүрүп бергилечи?
– Жапон, кытай, түрк, украин элчилери бирге жасаган кайрымдуулук иши үчүн ачылган.
– Анан кайрымдуулук өңдүү жакшы иштерди жүзөгө ашырып жүрүп Жаңы Жылды ушинтип да уятсыз өткөрөйүн деп турасыңарбы? Бетиңер барбы?!
– Адам деген эс алыш керек да, чынбы? Сиз сулуу кыз болуп турсаңыз... Алардын көңүл­дөрүн сиз эле ачып бересиз.
– Сөз жок экен силерге, болду чалбаңыз! Сизден башка баш оорум көп.
Түүт… түүт… түүт...

– Сиз эмнеге телефонуңузду коюп жатасыз? Мен сизге иш менен чалып жатам го.
Силер менен иштешүүгө макулдугумду бере элекмин. Болду, чалбагыла! Же силерге жөн сөз жетпейби?! Сөзсүз сөгүш керекпи?!
– Мен силерди мынчалык орой деп ойлогон эмесмин?
– Менин кандай экениме ишиңиз болбосун! Сиз мага ким экенсиз?
Анан эмне кыласыз, Жаңы Жылга келесизби?
– Силерге бир сөз жетишпейби? Мээңер жайында элеби?! Болду, эми дагы бир жолу чалсаңар, өзүңөргө жаман болот! За кого меня принимаете?!
– Ни за кого, эмне кылып аласыңар?!
– Всё, идите вы куда подальше…
Түүт… түүт… түүт…

– Неля эже, кандайсыз, бул “Супер-Инфо”.
– Силерсиңерби?.. Ушинтип да тамашалайт бекен? Муну окуган күйөрмандарым эмне деп ойлоп калышат? Мынчалык катуу тамашалашпай жүргүлөчү, сураныч?

Тамашалаган Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Eliza.janybekova
2015-09-17 19:14:22
ИИИ байкуш,жаман абалда калган экен
0
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан