Ырчы Дилшат Кангелдиева мындан бир жума мурун машинасын сыртка токтотуп коюп үйүнө кирип кеткен. Кайра келген ырчы машинасынын оң жагындагы айнектери бырчаланып калганын байкаган. "Бир топ акчанын башын чапчыган толтура машиналардын арасынан менин машинама кол салгандарын карасаң!"- деп нааразы болгон ырчынын уурулар эч кандай буюмуна тийбестен, кымбат баалуу курткасын гана колтуктай кетишкен. Бул боюнча милиция кызматкерлерине кайрылууну туура көрбөгөн ырчы ошол эле күнү тойго барып чыгашасынын жарымын жаап алганын айтып сүйүнүп өттү.